"Кыпкыргызчанын" катуу таскагы

Социалдык тармактарда кыргыз тилин өнүктүрүүнү көздөгөн топтордүн саны күн санап өсүп барат.

Гриль – какталган тоок, сдача – кайтарым, помидор – кызанак, сувенир – асембелек, конверт – каттыш, шуруп – буроомык, душ - чайынма - булар Фейсбук социалдык тармагындагы “Кыпкыргызча” деп аталган топтун колдонуучулары тарабынан сунушталган котормолордун айрымдары гана.

“Кыпкыргызча” тобу Фейсбукта мындан 2 жыл мурда түзүлгөн.

Уюштуруучулардын айтымында, "Кыпкыргызча" интернет аркылуу кыргыз тилин өнүктүрүүнү көздөйт. Учурда колдонуучуларынын саны 6,5 миңге жеткен. Аталган топту жетектегендердин бири Жумгалбек Өмүрканов "Кыпкыргызчаны" депутаттардан баштап мектеп окуучуларына чейин жигердүү колдонорун айтат.

Юдахиндин, Карасаевдин сөздүктөрү моралдык жактан эскиргенин айткан Өмүрканов топтун өзгөчөлүгү катары чет тилден жаңы кирген сөздөрдүн онлайн которулушун белгиледи:

- Баарыбыз эле Юдахиндин сөздүгүн колдонуп келебиз. Бирок ал сөздүктө илимдин, техниканын өнүгүшү менен кирген жаңы сөздөрдүн котормосу жок. Биз ошол жаңы кирген терминдерди колдонуучулар менен бирге которгонго аракет кылабыз. Мисалы, акционер деген сөздү үлүшкер деп алдык. Интернет колдонуучулардын көбү бул котормону жакшы кабыл алышты. Мындан тышкары запас – камдык, вилка – ашайры, коньки – бутчана, наушник – кулакчын деген сыяктуу сунуштар да көп.


Топтун уюштуруучулары "Кыпкыргызчада" сунушталган котормолорду илимий калыпка сала турчу тилчи-окумуштуулардан эксперттик топ түзүлгөнү жатканы кошумчалашты. Жаңы которулган терминдерди ким бекитип, колдонууга ким сунуштайт деген суроо менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары Чолпон Түмөнбаевага кайрылдык.

- Азыр бирдиктүү терминком жок. Жогорку Кеңештин, өкмөттүн өзүнчө терминкому бар. Ар бири өзүнүкүн туура деп таңуулай беришет. Анын үстүнө биздин "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамда терминдерди ким бекитери жазылган эмес. Президент бекитеби, же Жогорку Кеңеш бекитеби дагы деле белгисиз. Ошондуктан терминдерди которуу чаржайыт болуп жатат.

"Кыпкыргызча" тобунун жигердүү колдонуучуларынын арасында 66 жаштагы аксакал Айтмырза Абылкасымов да бар. Тилчи адис Абылкасымов кээде топ мүчөлөрү эл аралык, медициналык терминдерди да которобуз деп аша чаап кеткенин жактырбайт:

- Чет тилден келген айрым сөздөр которулбайт. Аларды болгону кыргыз тилинин ички мыйзамдарына ыңгайлаштырып алыш керек. Ал эми которуу мүмкүнчүлүгү бар сөздөрдү которгонго эмнеге болбосун? Мисалы, самолет деген сөздү убагында Түгөлбай Сыдыкбеков баш болуп учак деп алалы деп сунуштаган эле. Айрымдар дагы деле тили келсе да, келбесе да самолет деп тантып жүрүшөт.

Өмер Фарук Караман түрк улутунан. Кыргыз тилинде түш жоруган Өмер кыргыз тилин өнүктүрөбүз деген топторго чет өлкөлүк жарандарды көбүрөөк тартыш керек деген пикирде:

- "Кыпкыргызча" тобу кыргыз тилин үйрөнүп жаткан чет өлкөлүктөргө жакшы эле жардамчы болот. Мисалы, жеке мага пайдасы чоң эле болуп жатат. Мурда үйрөнгөн сөздөрдү ушул топ аркылуу эске салам. Мындан тышкары көптөгөн жаңы сөздөрду үйрөнүп жатам. Негизи бул топто чет элдиктер аз. Ошондуктан аларды көбүрөөк тартыш керек деп ойлойм.

Медиа эксперт Жыргалбек Касаболотов кыргыз тилин өнүктүрөбүз деген жарандык топтордун демилгелерин Мамлекеттик тил боюнча комиссия пайдаланып калса жакшы болмок деген ойдо:

- Эл ичинен тил үчүн күйгөн демилгелүү топтордун чыгып жатышы жакшы жышаан. Бирок Мамлекеттик тил комиссиясы өзүнүн казанында кайнабай, демилгени колго алыш керек. Алар топ мүчөлөрү менен дайыма жолугуп турса, өздөрүнүн ишине эле жеңил болмок. Тилди өнүктүрүү боюнча жакшы сунуштардын баары элден чыгат.

Кыргыз тили боюнча жаңы мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттардын бири Урмат Аманбаева интернет колдонуучулардын сунушу айтылган жерде эле калып жатат деп эсептейт:

- Интернет колдонуучулардын сунуштарын ишке ашырыш үчүн адегенде каражат керек. Экинчиден, аларды колдогон мыйзам керек. Биз ошол интернеттеги жарандардын сунуштарын мыйзамга кошконбуз, бирок президент кол койгон жок. Ошол мыйзам долбоору жүзөгө ашып калса, алардын сунуштары ишке ашкан болот эле.

"Кыпкыргызча" тобу жарнамалардагы одоно каталарды да кызуу талкууга алып келет. Баракчанын акыркы талкууларынын биринде орусча жарнамадагы "Живи. Учись. Люби" сөздөрүнүн кыргызчага "Жашоо. Окуу. Сүйүү" деп которулушу катуу сынга кабылган.

Кыргызстанда Фейсбук колдонуучуларынын саны жүз миңден ашат. Фейсбукта "Кыпкыргызча" сыяктуу "Кыргыз көчү", "Макал-лакаптар", "Кыргызча табышмактар" сыяктуу бир катар топтор кыргызча талкуу аянтчасына айланган.