Ынтымак эгемендикке өбөлгө

Кыргызстан эгемендиктин 22 жылдыгын белгилеп жатат. Ушул жыл аралыгында Кыргызстанда бири-бирин урматтаган көп улуттуу коом калыптана алдыбы?
"Арай көз чарай" талкуусуна кыргыз-тажик жазуучусу Мирзохалим Каримов, журналист Абдымомун Мамараимов, “Эркин эл” партиясынын башчысы Мавлян Аскарбеков катышты.

“Азаттык”: Кыргызстан 80ден ашуун улут өкүлдөрү жашаган уникалдуу өлкө деп мактанабыз. Бирок эгемен өлкө болгон 20 жылдан ашуун убакыт ичинде Кыргызстанда бири-бирин урматтаган көп улуттуу коом калыптана алдыбы?

Каримов: Кыргызстандыктарды улуу майрам менен куттуктайм. Көп улуттуу мамлекеттин ичинде тирек боло турган бул – достук, ынтымак, элдердин биримдиги. Буга өтө чоң маани берилиши керек.

Көп улуттуу достук мамиле калыптандыбы деген маанилүү суроо. Кыргызстан башынан улут аралык мамилелерди жакшы жолго койбогону үчүн кандай кайгылуу окуялар болуп өттү. Ушундан сабак алыш керек.

Келечекте улуттар аралык мамилеге өтө көңүл буруш керек. Мисалы, Кытайда майда улуттардын тилинин, маданиятынын сакталышына кандай маани берет? Эгер Кыргызстан ушул жолду тандап алса, өлкө өнүгөт деген ойдомун.

Абдымомун Мамараимов: Кыргызстан элин келаткан майрамы менен куттуктайм. Бул эң маанилүү майрамыбыз деп эсептейм.

Совет доорунда көп улуттуу, толеранттуу коом калыптанып калган болчу. Мен ошондон эмне сакталып калды деп сурайт болчумун. Тилекке каршы биз ошондогу көп нерсени жоготуп алдык.

Жөнөкөй эл арасында бири-бирин түшүнүү, толеранттуулук деген нерсе жергиликтүү деңгээлде бар, калыптанып калган нерсе сакталып калды. Бул ар кайсы элдин канына сиңип калган урматтоо, сыйлоо деген касиеттердин эсебинен гана сакталып турат. Тилекке каршы мамлекеттик деңгээлде жакшы иш жасалган жок.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эгемендик тууралуу талкуу (1-бөлүк)



Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эгемендик тууралуу талкуу (2-бөлүк)



Мавлян Аскарбеков: Кыргыздарда “ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” деген жакшы сөз бар. Бизде улут аралык мамиле өтө оор. Буга 1990-жылдагы, 2010-жылдагы окуялар далил. Бул маселени чечүү үчүн бир топ иш-аракеттер болгон мамлекет тарабынан, концепция да иштелип чыккан. Анда жумушчу топто мен да мүчө болгом. Тилекке каршы бул концепция дагы көптүн бири болуп кагазда калып калды.

Кеп моноулуттуу, көп улуттуу дегенде эмес. Ынтымак өкүм сүргөн коом гана күчтүү боло алат. Мисалы, Британияда бир топ мамлекеттин элдери жашайт. Мен да ал жакта жашап, билип калдым. Мамлекет үчүн ар бир жаран улутуна карабай мыйзамды сыйлап, өлкөгө жан тарткан үчүн ал улуу мамлекеттердин бирине айланган.

Ошол эле учурда Америка ар кайсы улуттан түзүлгөн, бирок ынтымактын жана мыйзамдуулуктун негизинде өнүккөн. Ал эми Жапонияда 98% жапондордон турат, алар деле өнүгүп жатат. Ошондуктан ынтымактуу болгон кезде гана бизде өнүгүү болот.