Майрамга байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында бүгүн майрамдык иш-чаралар белгиленет. Өлкөдө дем алыш.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында майрамдык салтанат саат 10:00дө расмий ачылды. Шаардын бардык райондорунда оюн-зооктор, концерттер, улуттук оюндар уюштурулуп жатат.
Аянтта сүйлөгөн Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Президент өз сөзүндө Кыргызстан 27 жыл ичинде эл аралык коомчулукта эгемен өлкө катары таанылып жатканын, бийлик адам укугу, эркиндиги толук сакталган мамлекет курууга аракет кылып жатканын билдирди.
- Эркиндик эч качан белекке берилбейт, эркиндик эч качан тартууланбайт, ал күрөш менен келет. Бүгүнкү улуу күн үчүн, эркиндик үчүн ата-бабалар кылымдар бою тынымсыз күрөшүп келди. Эгемендүүлүк үчүн эчендеген эр азаматтар өз өмүрүн арнады, башын канжыгага байлады. Азаттыкты эӊсеп, эркиндикти көкүрөктө сактап жүрүп ушул күнгө жеттик. Эркиндикти сүйгөн рух кылымдардын сынагынан өтүп, муундан муунга мурасталган дөөлөт болду. "Манас" эпосунда айтылгандай "Түгөнгөн сайын түтөгөн түптүү эл, өксүгөн сайын өрчүгөн намыстуу журт" болдук, - деп белгиледи президент.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Борбор калаадагы салтанатка экс-президент Роза Отунбаева, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу катыша албай турганын алдын ала билдирген. Бирок элге куттуктоосун кагаз аркылуу жиберди.
Ал 27 жыл аралыгында Кыргызстан көптөгөн кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабастан өнүгүү жолунда келатканын белгилеп, көйгөйлөр арбын болгону менен сыймыктана турган иштер бар экенин айткан.
- Тышкы саясат жаатында да позициябыз чыңдалды. Кыргызстан дүйнөнүн кайсы өлкөсү болбосун, тең ата сүйлөшө ала турган, өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада бекем коргой ала турган өлкөгө айланды, - деп жазылат мурдагы президенттин куттуктоосунда.
Мындан сырткары, 31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата коңшу өлкөлөрдүн жана Орусия, Түркия, Индия, Жапония мамлекеттеринин башчылары куттуктоо жөнөтүштү.
- Акыркы 27 жылдан бери биздин өлкөлөр өз ара пайдалуу кызматташтык, сый жана өнөктөштүк мамиледе болуп келет. Алдыга кадам шилтөө менен биз Кыргызстанга жана жалпы эле Борбордук Азияга пайда алып келе турган аймактык кызматташтыкка салым кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз, - деп жазылган АКШ президенти Дональд Трамп жөнөткөн куттуктоодо.
Ал эми орус президенти Владимир Путин куттуктоо телеграммасында “эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө мындан ары да умтула беребиз деп ишенем” деп белгилеген.
Эгемендик майрамы, Борбордук аянттан репортаж. 31.08.2018
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Баткен шаарында эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн салтанатка Өзбекстандын Сох районунун акими Фарух Усаров жана Тажикстандын Исфара шаарынын төрагасы Сиджоудин Саломзода келип куттукташты.
Аймактагы «Азаттыктын» кабарчысынын билдиришинче, быйыл майрамдык салтанатка эл мурдагы жылдарга караганда аз келди.
Ошто майрам шаар мэри Таалайбек Сарыбашев баш болгон бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жарандык коомдун мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин айкелдерине гүл коюшу менен башталды.
Салтанаттуу иш-чара Ош шаарынын борбордук аянтында уланды. Түрдүү оюн-зооктор көрсөтүлүп, кыргыз тарыхында из калтырган чыгаан инсандардын кылган эмгектерин чагылдырган көрүнүштөр элге тартууланды.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ал арада Эгемендүүлүккө арналган салтанатта өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, шаар мэри жана башка жетекчилери килемде жумшак отургучта отуруп майрам көргөнү социалдык тармактарда кескин сынга кабылды. Анткени алардын алдында аксакалдар катуу стулдарда отурушкан.
Бул боюнча Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров "Фейсбук" баракчасына “Мэр сынды кабыл алды, Оштун мурунку мэрлери да азыркыдай көрүнүштө майрам тосуп келишкен. Калаанын башчысы "менин астыма килем сал" же "үстүн тос" деп тапшырма берген эмес” – деп жооп жазды.
Буга чейин дагы Ош облусундагы жетекчилер ушул сыяктуу жоруктары үчүн коомчулуктун сынына кабылып келишкен.
Ал эми Жалал-Абад шаарындагы Эркиндик аянтында Эгемендүүлүк майрамына карата уюштурулган салтанатта желек көтөрүп турушкан балдардын экөө эстен танып жыгылды. Алардын бири жергиликтүү бийлик башчылары куттуктоо сөзүн сүйлөп жатканда жерге кулап түшсө, экинчисин жыгылып баратканда тасмага тартып жаткан телеканалдын оператору кармап калган.
Аянтта турган "Тез жардам" кызматы балдарга медициналык жардам көрсөтүп, бири курсагы ачканынан, экинчиси аз кандуулук менен ооругандыктан кан басымы жогорулап кеткени аныкталган. Эки студент тең үйлөрүнө жөнөтүлдү. Алар шаардагы жогорку окуу жайларынын биринде окуган 1-курстун студенттери экени аныкталды.
Бүгүнкү майрамдык иш-чарага театрлаштырылган оюн-зоок көргөзүүгө 500дөй студент менен мектеп окуучулары тартылган.
Ушул тапта шаардын ар кайсы аймактарында Эгемендик майрамына арналган иш-чаралар өткөрүлүүдө.
"Арай көз чарай": Жаштар эгемендиктин баасын билеби?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстан эгемендикке 1991-жылы жетишкен. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте он беш жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн тактан оодарылган. 2005-жылы анын ордун баскан президент Курманбек Бакиев да ушул эле себеп менен 2010-жылы Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгон.
2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчысы болуп дайындалган. Отунбаева бир жылдан кийин президенттикти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген. Атамбаевден кийин 2017-жылдын 15-октябрында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков шайланган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Конституцияга ылайык Кыргызстан - демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет болуп саналат.
Аянттагы майрамдык шаң. 31-август, 2018-жыл