Амиржан Косанов: Экономика өнүкпөсө демократиянын баркы кетет

Амиржан Косанов.

Кыргызстан көз карандысыздык күнүн белгилеп жатат. Өлкөнүн буга чейин басып өткөн жолу татаал болду. Бирок эки ыңкылаптан кийин бийликтин тынч жол менен алмашканы башка өлкөлөргө үлгү болуп бере алабы? "Азаттык" казакстандык саясатчы Амиржан Косанов менен маектешип, пикирин тыңдады.

"Азаттык": Кыргызстан Эгемендүүлүк күнүн белгилеп жатат. 27 жыл ичинде көп саясий окуяларды, эки жолу элдик толкундоону башынан кечирди. Сиздин пикириңизде, 2005-2010-жылдардагы окуялардын пайдасы көппү же зыяныбы?

Косанов: Менимче, демократиялык өзгөрүш, анын ичинде бийликтин алмашканы зыяндуу эмес. Анткени, демократияга карай жолду айрыкча 70 жыл советтик диктатура астында жашаган Кыргызстан, Казакстан өңдүү мамлекеттер шар өтүп кете алмак эмес.

Кан төгүлгөнү, көптөгөн адамдар трагедияга туш болгону - албетте, чоң кемчилик. Бул ошол кезде башкарып турган Акаевдин, Бакиевдин бийликке жабышып алып, кеткиси келбегенинин кесепети болгон деп ойлойм. Бирок цивилизациялык көз караштан алганда бул революциялар, бийликтин алмашуусу абдан пайдалуу болду.

Биринчи кезекте кыргыз коому үчүн пайдалуу. Мамлекет иретинде өнүгүү үчүн чоң кадам таштаган. Экономикада "шок терапиясы" деген термин бар эмеспи. Менимче, бул - саясий шок терапиясы болду.

"Азаттык": Бирок ошол эле маалда Кыргызстандын экономикасы кошуна өлкөлөргө караганда артта калып жатат. Эгемендик алгандан бери 30дай өкмөт башчы алмашты. Туруктуу экономика жалпы өнгүүгө чоң салым кошору калетсиз да?

Эми 30дай премьер-министрдин алмашканынын өзү уят. Кыргыз өкмөтү экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө белсенүүгө тийиш деп ойлойм.

Косанов: Ооба, экономикалык, социалдык саясат өтө маанилүү. Саясий өзгөрүүлөрдүн максаты эмнеде? Саясий өзгөрүштөрдүн бир адамга же бир партияга кереги жок. Өзгөрүүлөр экономикалык, социалдык маселени чечиш үчүн зарыл. Кыргыз мамлекетинде жашаган ар бир жарандын күнүмдүк жашоосун жакшыртыш үчүн керек. "Адегенде бир президентти алып таштасак, ордуна демократиялык ураан таштаган экинчиси келсе жагдай өзү эле өзгөрөт" деген жаңылыш көз караш, эйфория пайда болгон. Убакыт бул жаңылыш ой экенин далилдеди. Ошондуктан маселе бир президентти экинчисине алмаштырууда эмес, терең өзгөрүүлөрдө.

Бир жагынан алганда Кыргызстанда жылыш бар. Маселен, ошол эки революциядан кийин соңку бийлик тынч алмашты. Бирок экономикалык жана социалдык маселелердин чечилбей келатканы калк арасында "демократия - зыяндуу нерсе, кадрлардын туруксуздугуна алып келет" деген ойго жем ташташы мүмкүн. Эми 30дай премьер-министрдин алмашканынын өзү уят. Кыргыз өкмөтү экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө белсенүүгө тийиш деп ойлойм.

"Азаттык": Келечек тууралуу сөз кылсак. Кыргызстанды алдыда кандай сыноолор күтүп жатат деп ойлойсуз?

Кыргызстандын азыркы тышкы саясаттагы багыты экономикага көз каранды болуп жатат. Кайсы жеринен кыйналса, Кытайга, Орусияга же Казакстанга кайрылып көмөк сурап жүрөт.

Косанов: Биринчиси - мына азыркы бийликтин сөзү менен ишине байланыштуу. Алар бийликке келгенде көтөрүп чыккан демократиялык ураандарды аткара алышабы? Бир президенттин ордуна экинчи президенттин айланасындагы адамдар келип бийликти узурпация жасайбы же жасабайбы? Бул да чоң суроо.

Экинчиден, президенттердин, премьерлердин алмашканы токчулукка, бакубаттуулукка алып келбесе, элдин турмушун жакшыртпаса, жумуш орундары түзүлбөсө, жакшы билим алуу чектелүү болсо - анда демократиянын кадыры кетет.

Анан да Кыргызстандын азыркы тышкы саясаттагы багыты экономикага көз каранды болуп жатат. Кайсы жеринен кыйналса, Кытайга, Орусияга же Казакстанга кайрылып көмөк сурап жүрөт. Кыргыз бир туугандарыбыз кыйынчылыктардан аман-эсен чыгат деп ойлойбуз. Эгемендик күнү менен чың жүрөктөн куттуктайм!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.