Ысык-Көл: Күзөттөгү өмүр сакчылары

Бактыгүл Турдалиева, 55 жашта. Эмгек стажы - 37 жыл, медайым. Айлык акысы - 6200 сом. Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну. Жолдошу кант диабети менен ооругандыктан тобокелдик тобунда. Фото: Эрик Абдыкалыков. 

Самара Айтбосунова, 44 жашта. Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылындагы ооруканада санитарка болуп иштейт. Айлык акысы - 3000 сом.
Беш күндөн бери үйүнө бара электигин, 24 саат эмгектенип жатканын айткан.
Оорукананын короосунда тигилген чатырда жашап жатат. Ошол жерде вируска чалдыккан дарыгерлер, медицина кызматкерлери дарыланат. 

Гүлбара Акматова, дарыгер педиатр, 57 жашта. Эмгек стажы - 35 жыл. 6400 калкы бар Түп районунун Сан-Таш айыл өкмөтүндөгү эки дарыгердин бири. Айлык акысы - 5000 сом. 

Зарина Жапарова, 33 жашта. Түп районунун Сан-Таш айыл өкмөтүндөгү медайым.Эмгек стажы - беш жыл.  Саат 8ден кечки 20:00 чейин иштейт. Айлык акысы - 4800 сом. 3, 9 жана 12 жаштардагы үч баласы бар. "Сиз эмнеге муктажсыз?" деп сураганда, өзүндө эле телефон бар экенин жана балдары онлайн окууда кыйналганын айтып берген. 

Элида Бектенова, 34 жашта. Саруу айылындагы стационарда медайым болуп иштеп жатат. Эмгек стажы - 8 жыл. Айлык акысы - 4300 сом. Төрт баланын энеси. 

Наргиля Черчиева, 21 жашта. Караколдогу Иса Ахунбаев атындагы медициналык коллежди аяктаган. Караколдогу көчмө аптекада эмгектенет экен. Ар бир иштеген күнүнө 500 сомдон акы алат. 

Мунара Салиева, 56 жашта. Акушер-медайым. Эмгек стажы - 32 жыл. Кажы-Сай айылындагы стационарда иштейт. Айлык акысы - 6000 сом. 

Кажы-Сай айылынын тургуну Асель 37 жашта, медайым. Жергиликтүү стационарга иштөөгө өз эрки менен келген. 8ден 18:00 чейин иштейт. Төрт баланын энеси. 10 күн иштейм деп келди. Кырдаал талап кылса дагы иштөөгө даяр. 

Жарандык активист Эрик Абдыкалыков Каракол шаарындагы рентген кабинетинин  алдындагы таң эрте кезек күткөндөрдү да сүрөткө тарткан. 17-июль, саат 9:30га карата 100 адам кезекке жазылган экен. Сүрөттөгү каарман түнкү саат 3тө кезекке жазылып, ошондон бери кабинетке кире электигин айткан.