Албек Ибраимов камакта калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовду камакка алуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Райондук сот Ибраимовду 29-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Адвокат Сергей Слесарев экс-мэрди камакка алуу тууралуу чечим мыйзам бузуу менен кабыл алынганын билдирип, Жогорку сотко кайрылган. Сот имаратынын алдына Ибраимовдун 80ден ашуун тарапкери келип, адвокаттын өтүнүчүн канааттандырууну суранышты. Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айыпталып, 19-июлда УКМКнын тергөө абагына камалган.