Жогорку Кеңештин депутаттары 26-сентябрда Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына Токон Мамытовду шайлады. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн.
Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында Мамытовду 79 депутат колдогон "Бир Бол" сунуш кылган Рита Карасартовага 9, Рыскул Бактыбаевге 6 добуш, "Ата Мекен" көрсөткөн Канатбек Азизге 19 добуш тийген.
Талапкерлердин бири Рита Карасартова шайлоодон кийинки ойлорун бөлүштү:
“Азаттык”: Көпчүлүк акыйкатчылыкка бийликтин партиясы сунуштаган талапкер өтөт деп божомолдогон. Ушундай болду, Токон Мамытов жеңип чыкты. Сиздин бул шайлоого ишенимиңиз кандай эле?
Карасартова: Дайыма бийликтин талапкери жеңип жүргөнүнө байланыштуу, “кандай болгон күндө да өздөрүнүн кишисин өткөрүшөт” деген пикир калыптанып калат экен. Менде да ошондой ой бар болчу.
Бирок мурдагы бийликтердин убагындагыдай кысым жок экенине, президенттин “мен кийлигишпейм” деген сыяктуу сөздөрүнөн улам жүрөктө ишеним пайда болгон. Саясатты түшүнсөк деле, мындай сөздөргө ишене берет экенбиз. Күмөн саноо болгону менен, ишенгем. Маселе алдын ала чечилген эмес деп ойлогом.
“Азаттык”: Ошол эле учурда КСДП фракциясындагы Рыскелди Момбеков, Ирина Кармушкина, Карамат Орозова сыяктуу депутаттар сизди ачык эле колдошту.
Карасартова: Бул мага өтө чоң жаңылык болду. Момбеков менен Карамушкинанын мени колдогону КСДПнын ичиндеги ажырымга байланыштуу болушу да мүмкүн. Аны так билбейм. Балким, алар чын эле мага ишеништи. Ал эми Карамат Орозова Баткендин активдүү жашоочусу эмес беле. Токон Мамытов Чек ара кызматында жүргөн учурларда эжебиз ал кишинин кемчиликтерин байкаган чыгаар. Бир былыгын билгени үчүн аны эмес, мени колдоп сүйлөгөндүр.
Менде мындай суроо бар – ушунчалык биздин уучубуз курбу? Эмнеге чекистти тандашты? Эмнеге ар кайсыл бийликте кызматтан түшпөй жүргөн Токон Мамытов тандалды? Мени колдоп сүйлөгөн КСДПчы депутаттар балким башка ылайыктуу адам сунушталса, ал кишини кубатташмак.
“Азаттык”: Сиздин оюңузча, Токон Мамытов бул кызматка татыксызбы?
Карасартова: Мен ал кишини адам катары мүнөзүн талдап көргөн эмесмин. Бирок мурдагы чекист, мурдагы чек арачы болуп иштеген, башкача айтканда, адам укугун тебелеген органда эмгектенген киши адам укугун коргогон мекемеге башчы болуп келбеши керек.
Анүстүнө, учурда бийлик бутактарынын баарын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети көзөмөлдөйт. Токон Мамытовдун келиши менен адам укугун коргогон атайын орган УКМКнын карамагына өтүп калат десек да болот. Мен буга каршымын.
“Азаттык”: Акыйкатчылыкка ушуну менен үч жолу ат салыштыңыз. Бул кызмат сизге эмнеси маанилүү же омбудсмен институтунда эмнени өзгөрткүңүз келет?
Карасартова: Башында мен бул кызматка өтө албасымды түшүнчү элем. Алгач өзүмдү өзүм көрсөткөм. Депутаттар бир кездери “укук коргоочулар өз талапкерлигиңерди көрсөтпөй туруп, сындай бересиңер. Талапкер болгула, колдобой койсок, сындагыла” деп айтышкан. Анан мен ат салышкам. Экинчи ирет “Республика” фракциясы мени көрсөткөн. Фракциялар жарандык коомдун өкүлүн талапкер кылып көрсөтө алар бекен бушайман ой да бар болчу. Мунусунда “Бир Бол” фракциясы көрсөттү. Бирок эски система оңолбоптур.
“Азаттык”: Кандай болгон күндө да акыйкатчы тандалды. Токон Мамытов акыйкатчылык ишинде эмнеге көңүл бурушун каалайсыз?
Жарандарыбыз буга чейин деле акыйкаттык издеп, омбудсменге, парламентке келип жүрүшкөн. Мындан ары да ушундай боло берет. Омбудсмен статистика чыгаруу менен алек болот.
Карасартова: Менин оюмча, талкаланып келаткан институтту агай биротоло талкалап коёт. Адам укугун билбеген киши эртең жарандардын укугун коргой баштайт деген ойдон алысмын.
Жарандарыбыз буга чейин деле акыйкаттык издеп, омбудсменге, парламентке келип жүрүшкөн. Мындан ары да ушундай боло берет. Омбудсмен статистика чыгаруу менен алек болот.
Мен ал кишиге кеңеш да бергим келбейт. Токон Мамытов жарандык коомго кайрылып, чогуу иштейли деп айта да албайт. Убагында, бизди кубалап, камап жүргөн адам кантип биз менен иштешмек эле? “Бизге 15 миң киши кайрылды, 20 миңи кайрылды” деп санап отура беришет. Айласы жок кишилер акыйкатчыга бара берет экен. Аларга кандай жардам берилип жатат? Маселе ошондо...