Атамбаевдин бийлигинин тушунда ушундай эле айып менен соттолгон саясатчы Бекболот Талгарбековдун оор беренеси соттон кыскартылды.
Бишкекте саясий туткундарды боштондукка чыгаруу жагдайын талкуулаган жыйында саясий өңүттө кылмыш иштерин ачып, буюртма менен өкүм чыгарган тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун жана соттордун жоопкерчилигин кароо тууралуу талаптар айтылды.
Бийликтин ырайымыбы же жаңы кодекстин талабыбы?
Жогорку соттун кылмыш иштери боюнча коллегиясы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун адвокаттарынын арызын жаңы ачылган жагдайлардын негизинде карап, аларды мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыгарууну чечти.
Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков 2016-жылы март айында «бийликти басып алууга даярданган» деген негизде айыпталып, райондук жана шаардык сотто алар 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган. Жогорку сот былтыр 2017-жылы 7-июнда алардын ишин карап, күнөөлүү деп таап, бирок жаза мөөнөттөрү кыскарган. Анын негизинде Асанов менен Кадыров сегиз жылга, Карыбеков 14 жылга кесилген.
Укук коргоочу Турсунбек Акун саясий туткундардын абалын талкуулаган жыйында сот мурдагы бийликтин каталарын оңдоого киришкенин жарыялады:
- Бүгүн эртең менен эле Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду мөөнөтүнөн мурун бошотуу тууралуу сот чечими чыкканы белгилүү болду. Бул да азыркы бийликтин гумандуулугу. Мурдагы бийлик кетирген катаны азыр соттор оңдоого киришти. Анткени заман өзгөргөнүн, эми мындан ары мыйзам менен жашашыбыз зарыл экенин алар да сезип калышты. Жакында эле Талгарбеков боюнча мамлекеттик бийликти басып алууга байланышкан оор айып алып салынды. Анда азыр козутууга байланышкан берене гана калды. Ал да эркиндикке чыгат. Мунун бардыгы соттордун мыйзамдуулукту калыбына келтирүү багытында жыйынтык чыгарып жатканы.
Жогорку соттун басма сөз кызматы аталган эки саясатчыны мөөнөтүнөн мурун шарттуу түрдө абактан бошоткон сот чечими чыкканын ырастады. Адвокат Данияр Мамановдун айтымында, эки саясатчынын жаза мөөнөтү жаңыдан күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына байланыштуу кыскарган. Соттун тиешелүү чечими аталган эки саясатчы жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мекемеге жиберилгени белгилүү болду. Ага чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) жаңы Кылмыш-жаза кодекси боюнча боштондукка чыгууга мүмкүнчүлүк алгандардын катарында сотко жиберилген тизмеге аталган эки саясатчы да кирген.
ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова тиешелүү иш-чаралардан соң абактагы бул эки саясатчы мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыгарын билдирди:
- Соттун тиешелүү чечими келгенден кийин абактагы атайын бөлүм, тиешелүү иштерди жүргүзөт. Анын негизинде Мамлекеттик чек ара кызматы, Мамлекеттик каттоо кызматы сыяктуу тиешелүү кызматтарга аталган адамдар түрмөдөн чыгып жатканы жана эч кайда качпаганы боюнча алдын-ала кабар берилет. Ошондой жол-жоболордон кийин аталган адамдар абактан бошотулат.
Кылмыш иштеринин далили
Бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн айыпталган бул эки саясатчы менен бирге тыңчылык боюнча шектүү катары соттолгон эксперт Эрнест Карыбековдун эркиндикке чыгар-чыкпасы азырынча белгисиз. Анын кылмыш иши мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов менен бирге болгондуктан, иш сотто өзүнчө каралары белгиленди. Буга чейин сот Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу түрдө кесүү боюнча сот чечимин өзгөртүүсүз калтырган.
Дагы караңыз Соттолгондордун "сообуна калчу" комиссияДастан Сарыгулов аларга коюлган оор айыптар сотто далилденбегенине карабастан сот өкүмдөрү чыккан жагдай тууралуу жыйында буларды билдирди:
- «Жумушу жок эки адам мамлекеттик бийликти күч менен кармап турду» деген акылга сыйгыс айып коюлду. Экинчи кылмыш белгиси боюнча «ошол эле жумушу жок эки адам мамлекеттик бийликти басып алууга барып, конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө даярданган» деген айып менен мыйзамсыз соттолдук. Биздин колубузда курал-жарак болбосо, куралдуу топ болбосо анан кантип мамлекеттик төңкөрүш уюштурулмак эле? Бул - сот адилеттигин, мыйзамдуулукту маскаралагандык.
Президент Сооронбай Жээнбеков жаңыдан бийликке киришкен кезде камактагы саясатчылардын кылмыш иштеринде саясий себептер аныкталса, аларга карата чыккан сот чечимдери кайрадан каралышы мүмкүн экени айтылган. Бирок бул маселени кароо кечеңдеп, саясатчыларга байланыштуу иштердин көпчүлүгү кайра карала элек. Саясатчы Азимбек Бекназаровдун пикиринде, мунун себеби - саясий системада өзгөрүү жүрө элек.
- Мамлекеттик бийлик мурдагы эле тутум боюнча иш алып барып жатат, - деди саясатчы. - Эч кандай өзгөрүү болгон жок. Сот бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги мурда кандай болсо, ошол бойдон эле турат. Ошондуктан кандайдыр бир олуттуу өзгөрүү боло элек. Болбосо парламент конституциялык укугунан пайдаланып, саясий мүнөздөгү кылмыш иштери боюнча мунапыс кабыл алып, бардыгына чекит койсо болмок. Бирок андай кылууга парламенттин саясий эрки жеткен жок.
Укук коргоочу Турсунбек Акун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаганы үчүн жасалма далилдердин негизинде айрым саясатчыларга кылмыш ишин ачкан жана сот өкүмдөрүн чыгарган тараптардын жоопкерчилигин кароону сунуш кылды. Турсунбек Акун саясий өңүттө кылмыш иштерин ачып, өч алуу максатында буюртма берген жагдайлар аныкталышы керек деп эсептейт.
- Ошол эле кезде УКМКнын төрагасы, кесиби агроном жана пиар адиси Абдил Сегизбаев менен прокуратура органдарында мурда бир күн да иштебеген Индира Жолдубаеванын кылган иштерине укуктук жана саясий жактан баа берилиши керек, - деди ал. - Мыйзамсыз буюртманы аткарып, кылмыш иштерин ачкан тергөөчүлөр, көзөмөл жүргүзгөн прокурорлор, ишти караган соттор - баары жоопко тартылууга тийиш.
Саясий туткундарды коргоо коомдук комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда отуздай саясатчыга саясий өңүттө кылмыш иши козголуп, алардын көпчүлүгү «Мамлекеттик бийликти басып алууга даярдык» жана «Коррупция» сыяктуу оор айыптардын негизинде соттолгон.