Музейден жоголгон мурастын таржымалы

Музейдеги экспонаттардын бири

Коопсуздук кеңешинин жумушчу комиссиясы Маданият министрлигинде коррупциялык 26 тобокелдик бар деп, ага он жыл ичинде тарых музейинен жоголгон 503 экспонатты кошту.

Жоголгон тарыхый буюмдардын ичинде отузга чукул баалуу металлдан жасалгандары да бар экени белгиленген. Музей жетекчилиги бул боюнча учурунда тиешелүү органдарга маалымдалып, айрым кызматкерлер иштен алынганын билдирди.

Адистер Кыргызстанда музейлердеги экспонаттар мыйзамга ылайык мамлекеттик каттоого алынбагандыктан жана атайын стандарттардын негизинде сакталбагандыктан жоголуу коркунучу дале бар экенин белгилешет.

- Алтын фонддо, мисалы, маска сыяктуу эң баалуу экспонаттардын баары бизде бар. Жоголгондордун ичинде зер буюмдардын ар кандай бөлүкчүлөрү кошулган. Мисалы, шурулар. Негизинен архелогиялык фонддогу экспонаттар жоголгон. Музейде ар бир кичинекей буюм өзүнчө элемент катары катталат эмеспи, мына ошол чоподон жасалган буюмдардын элементтери жоголгон. Андан тышкары колодон жасалган бряжкалар (курдун темири) жоголгон, - дейт Тарых музейинин директору Анаркүл Исиралиева.

Тарых музейинин ичиндеги эстелик (архивдик сүрөт)

Исиралиева бул экспонаттардын басымдуу бөлүгү 1970-жылдан баштап 2000-жылга чейин жоголгонун, өзү жетекчи болгондо эсептөө жүргүзүп, жетишпеген буюмдар боюнча ошол кезде эле тиешелүү органдарга кайрылганын кошумчалады.

Зухра Жаманкулова кырк жылга чукул музей тармагында иштеген адис. Ал 1990-жылдардын ортосунан 2010-жылга чейин Тарых музейинде илимий кызматкер болуп иштеген. Маектешибиз жоголгон экспонаттар тууралуу буларды айтты:

- Ошол кезде Эсеп палатасы Тарых музейинде жарым жылдай отуруп эсептеген. Менимче буюмдардын жоголгонунун себеби, ал кезде директорлор көп алмашты. Компетенттүү эмес адамдар жетекчи болуп келди. Бул көбүнчө ошолордун күнөөсү го дейм. Мисалы, зер буюмдар чет мамлекеттерге көргөзмөгө жөнөтүлүп, бирок талаптар аткарылбай, кайра келгенде толук болбой калды деген сөздөр айтылган. Менимче буга ошол учурдагы жетекчилик эле күнөөлүү го...

Жаманкулова кезинде бул ишке тиешеси бар жетекчилерге эмнегедир жеңил жаза каралып, кызматтан алуу менен чектелгенин, буюмдар табылбай калганын кошумчалады.

Тарых музейинин илимий кызматкери Идеат Темирбек уулу Кыргызстандагы музейлердин дээрлик баары мыйзамдын чегинде иш алып барбай жаткандыктан жогорудагыдай жоготуулар орун алып келет деген ойдо:

- 2015-жылы 24-июнда "Музейлер жана музей фонду жөнүндө" атайын мыйзам кабыл алынган. Ал мыйзамга ылайык мамлекеттик каталог түзүлүшү керек болчу. Мындай практика Орусиянын музейлеринде бар. Электрондук каталогдо ар бир предметтин сакталган жери, сүрөтү, номери жайгаштырылган. Бул боюнча биздеги музейлер эч кандай иш алып бара элек.

Идеат музейлердеги ар бир экспонат жалпы базалык мамлекеттик каттоого алынууга тийиш экенин белгиледи. Адистин ушул жана башка себептерден улам Тарых музейинен башка Көркөм-сүрөт музейинен да, Фрунзе музейинен да куну кымбат көптөгөн экспонаттар жоголгону маалым болгонун ортого салды.

Ат-Башыдагы музей

Тарых музейинин директору Анаркүл Исиралиева учурда жалпыга маалымдоо каражаттары экспонаттардын жоголушу тууралуу кээ бир маалыматтар туура эмес таратылып жатканына нааразы:

- Буюмдарды акыркы кездерде жоголгон деп жазып жатышат. Бул туура эмес. Анткени менин колумда Маданият министрлигинин коллегиясынын чечими бар. Башкы прокуратурага берген документим бар. Анткени эсептөө иштери 2008-жылы башталган. 2012-жылдын соңунда аягына чыкканбыз. Беш жыл бою эсептөө иштери жүргөн. Мен 2012-жылы бул маселени коллегияга коюп, Башкы прокуратурага берген болчумун. Менде ал буюмдар качан, эмне себептен жоголгону тууралуу тиешелүү кызматкердин түшүнүк каты бар.

Исраилова ошол тапта анын Башкы прокуратурага жазган арызы Бишкек шаардык прокуратурасына, кийинчерээк райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөнүн, 2012-жылы кылмыш иши козголгонун, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан бул чырга тиешеси бар кызматкерлер жумуштан алынганын белгиледи.

Жалпысынан музейдин фондунда 135 миң экспонат, артефакттар, кыргыз элинин кайталангыс маданий жана тарыхый эстеликтери катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.