Көчмөндөр оюндарынын көмүскө акчасы

Ат майдандын курулушу жүрүп жаткан кез. 2016-жыл.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүш үчүн Ысык-Көл облусунда курулган ат майдандын курулушунда мыйзам бузулган учурлар аныкталды.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Эсеп палатасы менен бирге текшерип, курулуштун чыгымдары 480 миллион сом деп көрсөтүлгөн баштапкы баасынан 1 млрд. 584 млн. сомго чейин көбөйүп кеткен фактынын бетин ачты. Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчилиги болсо ат майдандын жаңы курулушу анын карамагына өтө электигин билдирди.

Ири каржылык мыйзам бузуу

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Эсеп палатасы менен бирге Ысык-Көл облусунун Бостери аймагындагы Бактуу-Долоноту айылында экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүш үчүн курулган ат майдандын курулушуна кеткен чыгымдарды текшерди. Анын баштапкы жыйынтыгында көрсөтүлгөндөй, курулуш компаниясын тандоодо "Мамлекеттик сатып алуу" жана "Шаар куруу жана архитектура" боюнча мыйзамдар бузулган. Коррупцияга каршы күрөш кызматы курулуш компаниясы менен келишим долбоорлоо-смета документтери жана мамлекеттик экспертизасы жок түзүлгөнүн аныктады.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов курулуштагы каржылык мыйзам бузуу тууралуу буларга токтолду:

УКМК.

- Жыйынтыгында курулушка кетүүчү чыгымдар башында белгиленген 480 миллион сомдон 1 миллиард 584 миллион сомго көбөйүп кеткен. Курулуш иштеринин көлөмүн 10 миллион сомдон ашык өлчөмдө жасалма түрдө жогорулаткан факты да аныкталды. Ошол эле учурда объектилердин каржылык отчетун талап кылганда 144 миллион сомдун кайда коротулганын ырастаган тиешелүү документтер жок болуп чыкты.

Бостери аймагындагы Бактуу-Долоноту айылында экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүш үчүн ат майдандын курулушуна бюджеттик эмес каражаттар чыгымдалган болчу. 2016-жылы бүткөрүлгөн бул курулушка өлкөдөгү ири ишкерлер, коммерциялык банктар, ишканалар жана ири базарлар сыяктуу мекеме-уюмдар каржылык колдоо көрсөткөн. Курулуш иштери шашылыш башталгандыктан ал жанаша долбоорлоо ыкмасы менен бүткөрүлгөн эле.

Жанаша долбоорлоонун жашыруун сыры

Парламенттин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров мыйзам аркылуу уруксат берилип калган бул ыкма курулуштагы коррупциянын гүлдөшүнө өбөлгө түзүп жатканын белгиледи:

Максат Сабиров.

- Биз "ат майдандын курулушуна жанаша долбоорлоого тыюу салабыз" дегенде, "анда бардык жумуштар токтоп калат" деп көшөрүп, болбой коюшкан. Негизи эле мен ошол "жанаша долбоорлоо" дегенге каршымын. Долбоору жок эле курулуш баштап алып, анан "жанаша долбоорлоо жүрөт" деген шылтоо менен курулуштан каалагандай алып, каалагандай кошуп эле жумушту аткара берген кантип болсун? Азыр эми мындай ызы-чуу аябай көбөйүп кетти. Негизи курулуш башталып жатканда жакшылап карап, жакшы көзөмөлдөш керек. Анан баары уурдалып кеткенден кийин ызы-чуу түшүп жатып калмай өнөкөт пайда болду. Бирок аягында эч ким деле жооп бербей калат...

Мындан сырткары Республикалык сертификация борборунун сыноо лабораториясынын экспертизасы 31 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган "ат майдандын ичиндеги жана андагы жолго төшөлгөн асфальттын сапаты талапка жооп бербейт, пайдалануу мөөнөтүнүн аягына чейин туруштук бере албайт" деген тыянак чыгарган. Ошондой эле ат майдандын аймагындагы темирден жасалган 8 миллион сомдон ашуун акча чыгымдалган ферма долбоорго ылайык салынбаганы жана аны курууда курулуш эрежелери бузулганы аныкталган.

Эки жылдан бери пайдаланууга өтпөгөн курулуш

Дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев ат майдандын курулушу анын карамагына өткөрүлө электигин билдирди:

Канат Арпачиев.

- Бул маселе боюнча мен да Интернеттен окудум. Ал тууралуу менде кандайдыр маалымат жок. Ат майданды биз салган эмеспиз. Аны куруу Мамлекеттик курулуш агенттигинин көзөмөлүндө болчу. Ошол жактан такташ керек. Азырынча анын курулушу толук бүтө электигине байланыштуу биз аны өз карамагыбызга алып, өткөзө элекпиз.

Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба агенттигинин жетекчилиги атайын кызмат аныктаган каржылык мыйзам бузууга комментарий бере элек. Азырынча аталган агенттиктин жетекчилиги менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Ысык-Көлдүн Бостери аймагындагы Бактуу-Долоноту айылында 2016-жылы курулган бул ат майданда экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөн эле. Ошол кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков демөөрчүлөр 2 миллион доллардай жардам кылганын айткан.

2014-жылы биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында курулуш иштерин аткарган "Темир канат" ишканасына байланыштуу да кылмыш ичи козголуп, сот болгон. Ал эми III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл сентябрда өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.