Кадр саясаты: министрдин талаштуу тартиби

Иллюстрация

Жогорку Кеңеш саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин кадр саясатын жана анын ишмердигин иликтөө боюнча жумушчу топ түздү.

Буга чейин министрдин дарегине жетекчилерди негизсиз кызматтан алганы жана медицина тармагында кайсы бир коммерциялык тараптардын иш жүргүзүүсүнө артыкчылык бергени боюнча дооматтар коюлган.

Парламент депутаты Рыскелди Момбеков министр Батыралиевдин жоопкерчилигин кароо маселеси ушуну менен экинчи ирет көтөрүлүп жатканына басым жасады. Министр Талантбек Батыралиев тармакты тартипке келтирүү "атайын күчтөрдүн" каршылыгына дуушар болуп жатканын айтып, ал мыйзамдын алкагында иш алып барып жатканын билдирди.

Карылыкты себеп кылган кадр саясаты

"AgeNet International" эл аралык геронтология тармагы саламаттык сактоо тармагындагы тажрыйбалуу жетекчилер жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу ыдык көрүп, кызматынан алынган жагдайга байланыштуу Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаковго кайрылган.

Анда уюм саламаттык сактоо министри Бишкектеги алты башкы дарыгер пенсия жашына келгенине байланыштуу кызмат ордун жаштарга бошотушу керек экенин айтканын мисал келтирип, өкмөт башчысын мындай өнөкөткө каршы чара көрүүгө үндөгөн.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жана юстиция министри Уран Ахметов.

Уюм медицинага эмгеги сиңген улуу муундагы жетекчилерге карата мындай мамиле ыдык көрсөтүүгө жатарын белгилеп, министрдин аларды кызматынан алып салган аракетине укуктук баа берүүнү талап кылган. Кызматынан алынгандардын бири, Бишкек шаардык төрөт үйүнүн мурдагы башкы дарыгери Бурул Алмазбекова министрдин чечими тууралуу мындай деди:

- Бул кишиге менин кызмат ордум керек болду. Мисалы, жетекчини кызматынан алыш үчүн мекеменин көрсөткүчтөрү начар болушу керек эле да. Бул мына ошол мекемедеги абал жетекчинин ишинин көрсөткүчү болот. Ал кишиге көрсөткүч кандай экени баары бир. Мен келгенде бул төрөт үйүнүн абалы кандай эле? Азыр кандай болгонун эмгек жамаатынан баштап, элдин баары билет. Аябай көп өзгөрүүлөр болду. Бирок мени кызматтан алыш үчүн министр 1,5 жылдан бери ар кандай текшерүүлөрдү жөнөтүп жүдөттү. Мурдагы директорубуз "бул кишини кызматтан алганга эч кандай негиз жок" десе, министр "бир текшерүү жөнөтсөк эле, негиз табылат" деп жооп берген экен. Мурдагы директор "ал сотко берип, кайра соттун чечими менен кызматына келип алат" десе, "алып салгыла, айлап-жылдап соттошуп жүрө берсин" деген көрсөтмө берген болчу. Мен көп эле министр менен иштедим. Бирок мындай министрди биринчи жолу көрүшүм.

Өзгөргөн негиздеме

Ошол эле кезде Бурул Алмазбекова министр кийинчерээк "аларды кызматтан алууга шаардык медициналык мекемелердин менчик ээси алмашканы негиз болду" деп жүйө келтиргенине таң калды. Анткени өкмөт чечимине ылайык, Саламаттык сактоо министрлигине шаардык медициналык мекемелерди башкаруу милдеттери гана өткөрүлгөн. Шаардык төрөт үйүнүн мурдагы башкы дарыгери Бурул Алмазбекова кызматтан алууга негиздеме катары көрсөтүлгөн себеп боюнча министрди сотко берүүгө даярданып жатканын айтты:

- Мени кызматтан алууга негиз катары келтирилген буйрукта "мекеменин менчик ээсинин алмашуусу" деп көрсөтүлүптүр. Анан эми бул жерде чынында эле менчик ээси алмаштыбы же жокпу, ага азыр эч ким так жооп бере албай жатат. Анткени имараттар, жер тилкелери жана мекеменин башка курулуштарынын баары азыр шаардын эле карамагында калды. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигине башкаруу иш милдети гана берилип жатат. Анан эми ошондой болгондо, муну "менчик ээси алмашты" деп айтууга канчалык негиз болот? Муну териштириш керек. Мына ошондуктан биз сот акыйкаттыгы аркылуу ошол маселе укуктук жактан канчалык туура же туура эмес экенин билүүгө аракет кылабыз. Бул үчүн биз сотко кайрылууга аргасыз болобуз.

Министр "заманбап" кадрларды издейт...

Бурул Алмазбекова менен катар эле шаардагы №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Жыргал Касымалиева, студенттик эмкананын башчысы Чынара Балтабаева, шаардык №1 клиникалык оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев, шаардык эндокринологиялык диспансердин башкы дарыгери Светлана Мамурова, балдарды жана үй-бүлөнү калыбына келтирүү боюнча атайын борбордун башкы дарыгери Роза Көчөрбаева кызматтарынан алынган.

Ошол эле учурда саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев кызматтан алынган жетекчилер пенсия курагында экенин белгилеп, алар буга чейин тармакка күрдөөлүү эмгек сиңирип, алды отуз жылдан ашуун жетекчилик кызматтарда отурганын мисал келтирди. Министрдин айтымында, учурда медицина тармагы заманга ылайык өсүп-өнүгүп, алдыга жылышы үчүн мекеме жетекчилеринен жаңыча иш алып барууну талап кылат. Ошондой эле мыйзамдык жактан алганда, министр Талантбек Батыралиев шаардык мекемелердин министрликке түз баш ийиши жетекчилерди алмаштырууга укуктук негиз бере турганын айтты:

Бул эми иштин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат. Буга чейинки мына ошол "тажрыйбалуу" башкы дарыгерлер компъютерде иштегенди билбесе, анан алар менен биз кантип "электрондук саламаттык сактоо" долбоорун кантип ишке киргизебиз?
Талантбек Батыралиев

​- Шаардык саламаттык сактоо башкармылыгы таркатылды. Андагы мекемелердин баары түздөн-түз бизге баш ийүүгө өттү. Мына ошондо аты аталган мекемелердин баарынын менчик ээси алмашты. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Анан калса мына ошол медициналык мекемелерди отуз жылдан бери жетектеп келе жаткандар бар экен. Анан биз "жаштар жетекчилик кызматтарга келсин" деп жатабыз. Мисалы Орусияда деле жакында жаңы мыйзам чыкты. Анда "65 жаштан өткөндөр башкы дарыгер боло албайт" деген талап бар. Бул эми иштин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат. Буга чейинки мына ошол "тажрыйбалуу" башкы дарыгерлер компьютерде иштегенди билбесе, анан алар менен биз кантип "электрондук саламаттык сактоо" долбоорун ишке киргизебиз? Ошол үчүн биз "сынактын негизинде кызматка келишсин. Андан өтө албагандар жаштарга орун бошотушсун" деген шарт менен эле акыйкат иш алып барып жатабыз. Азыркы замандын талабы кандай болсо, мына ошол талапка ылайык жетекчилер келип иштеши керек. Анан биз деле баарын иштен айдап эле "жалаң жаштар келсин" деп жаткан жокпуз. Иштин көзүн билгендер кайра сынак аркылуу келип, иштешсин. Биз аларга тоскоолдук кылган жерибиз жок.

Ээлеп алган "Евролаб", салыктан бошогон кардиохирургия

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева буга чейин министрге "тармакта өзүнө жакын тараптардын коммерциялык кызыкчылыгына басым жасайт" деп доомат койду. Депутат мамлекеттик медициналык мекемелердин аймагындагы жайларды тендерсиз ижарага алууга бир гана жеке менчик компанияга артыкчылык берилген фактылар тууралуу парламентте кеп салды.

Элвира Сурабалдиева Бишкекте "Евролаб" аттуу лабораторияны ким калкалап, башка бир жеке менчик клиникаларды ким салыктан бошотууга салым кошуп жатканын мисал келтирди:

Биздин министрдин адистиги кардиохирург. Ал министрликке келери менен кардиохирургиялык жеке менчик клиникалар салыктан бошотулуп жатат. Буга мейли дейли. Бирок мына ошондон мамлекетке жана элге кандай пайда болду?
Элвира Сурабалдиева

- Биохимиялык лабораториялардан даттануу түштү. Анда сиздин өзгөчө эсебиңизде турган "Евролаб" деген лаборатория бар экени айтылган. Бул лаборатория эч кандай тендерлерге катышпай эле утуп алып, шаардагы мамлекеттик медициналык мекемелерден ижарага жай алып жатканы айтылган. Ошол эле учурда башка бир лабораторияларга ошондой тендерлерге катышып утуп чыгууга жолтоо болуп, мүмкүнчүлүк берилбейт экен. Урматтуу министр, мына ошол мекемелердеги аянтчаларды ижарага берүүнүн эрежеси кандай? Ижара акысын кимдер аныктайт? Эмне себептен дайыма тендерден ошол компания эле утуп чыга берет? Анан дагы биздин министрдин адистиги кардиохирург. Ал министрликке келери менен кардиохирургиялык жеке менчик клиникалар салыктан бошотулуп жатат. Буга мейли дейли. Бирок мына ошондон мамлекетке жана элге кандай пайда болду?

Жоопкерчиликти кароонун экинчи толкуну

Ал эми саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев шаардагы медициналык мекемелердин аянттарын ижарага берүүнү Бишкек мэриясына караштуу атайын комиссия чече турганын айтып, ага анын эч кандай тиешеси жок экенин айткан болчу.

Саламаттык сактоо министринин дарегине айтылган мына ушундай дооматтарга байланыштуу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин чечими менен министр Батыралиевдин кадр саясатын жана анын ишмердигин иликтөө боюнча депутаттык жумушчу топ түзүлдү.

Бул жумушчу топко ар бир фракция өз мүчөлөрүн сунуш кылып, жалпысынан анын курамына тогуз депутат кирди. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков саламаттык сактоо министринин жоопкерчилигин кароо маселеси ушуну менен экинчи жолу коюлуп жатканын айтып, буга акыйкат баа берилиши керек экенин белгиледи:

Рыскелди Момбеков

- Бул министрге көптөн бери эле "коммерциялык кызыкчылыктагы көп иштерди алып барат, түрк медициналык клиникаларынын Кыргызстандагы филиалдарын ачууга көмөктөшөт" деген дооматтар болгон. Биз эми бул кишинин министрлик кызматка келгенден берки ишмердигин карап чыгып, анын жүргүзгөн кадр саясатынын кемчиликтерин дагы иликтеп көрүүнү туура көрдүк. Анткени аябай көп арыздар түшкөн. Бир топ жетекчилерди "жаш курагына байланыштуу" деген негизде кызматтарынан бошотуп салган жагдайды дагы иликтейбиз. Анткени мына ошол шаардык №1 клиникалык оорукананын кызматтан алынган башкы дарыгери министрден жаш экен. Мына ушундай нерселердин баарын карап, иликтеп туруп, аны тиешелүү комитеттин кароосуна коюп, анын чечими палатанын жалпы жыйынына чыгарылат. Министр Батыраливге ишеним көрсөтпөө маселеси буга чейин КСДП фракциясынын жыйынына былтыр коюлуп, добуш берүүдө 7-7 болуп тең чыгып калып, ал кызмат ордун сактап калган болчу. Бул жолу эми анын жеке жоопкерчилиги каралышы керек. Анткени ал чынында чегинен ашып кетти.

Ошол эле учурда саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев анын тармакты тартипке келтирүү аракети карама-каршылыкка дуушар болуп жатканын айтты. Анын сөзү боюнча, мыйзамсыз жана көзөмөлсүз иш жүргүзүп келген фармацевтикалык жана медициналык жеке менчик мекемелер ага каршы маалымат өнөктүгүн уюштуруп, айрым парламент депутаттары аркылуу министрликтин ишин жокко чыгартууга аракеттер көрүлүп келген.

Министр Талантбек Батыралиев бул жолку депутаттык текшерүүгө дагы даяр экенин айтып, анын тармакты жакшы жагына өзгөртүү ниетинен башка, министрлик аркылуу ишке ашыра турган жеке кызыкчылыгы жок экенин билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.