Сарыктан сактангыла!

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча быйыл 9 айда сарык оорусуна кабылгандардын саны тогуз миңге чамалап калды.
"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Жугуштуу оорулар боюнча борбордук клиниканын дарыгери Чолпон Идрисова жана кесиби боюнча мурунку дезинфектор, “Эр айдоочу” коомдук уюмунун башчысы Качкын Булатов катышты.

“Азаттык: Сарык оорусунун күч алышынын себебин эмнеде?

Булатов: Сарыктын күч алышына бүгүнкү күнү экономикалык, социалдык себептер чоң. Эң негизги себеби – кайдыгерлик, мурдагыдай жоопкерчиликтин жоктугу. Иштетилген медициналык аспаптар кайра иштетилгенде жакшылап зыянсыздандырылбай, эптемей мамиледен улам да бул оору улам жайылып атат. Мисалы, менин иним тиш доктурдан жуктурду. Азыр анын үстүнө сарыктын коркунучтуу түрлөрү да улам күч алууда.

Идирисова: Кыргызстанда төрт жылда бир сарык оорусу жайылып турат, быйыл биз ошого туш келдик. Сарык көбүнчө балдар, мектеп окуучулары жана студенттер арасында көп кездешүүчү, ичеги карын илдети болуп эсептелет. Бизге кайрылган оорулууларды ооруканага жаткырып, айыктырып чыгарабыз. Ошол бизге келип түшкөн оорунун кайдан, кайсы бала бакча, мектеп, окуу жайынан келгенин аныктап, ал маалыматты биз санитардык-эпидемиологиялык бөлүмгө кабарлайбыз, алар ошол дарек боюнча барып, өздөрүнүн жумушун аткарышат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Казакстанда сарыктын А түрүнө каршы эмдөө жүргүзүлөт экен, бизде эмне үчүн мындай эмдөө жок?

Идирисова: Бизде деле бар, бирок мындай эмдөө жалпыга милдеттүү эмес, анткени ал дары өтө кымбат турат. Биздеги маалыматтар боюнча сарыкка каршы бир эле эмдөө 3,5 миң сом турат. Ошондуктан муну каалоочулар гана сайдыра алышат.

Булатов: Мамлекет тарабынан көңүл бурулган жери жок, кайдыгерлик. Союздун тушунда бир эле оору чыккан жерди санэпидемстанция барып басып калуучу. Ошол жердин баары зыянсыздандырылып, ошол оорунун андан ары жайылышынын алдын алышчу. Азыр кайдан? Биз жүргөн тегеректин баары вирус, коомдук унааларда эл толтура, санитардык талап боюнча автобус, троллейбустардан өйдө хлорамин менен зыянсыздандырылышы керек. Бизде андай болбой атпайбы. Эгерде бизде биологиялык диверсия болуп кетсе да, андан кутулууга деле эч кандай арга жок.