Жарым ай мурда өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Жылдызбек Исакулов артка бурулуп, алаксый түшкөнү үчүн жыйындан чыгарылган. Түшүнүк катында ал артында күлүп отургандарды тынчтандырам деп жеме укканын жазган. Эл алдында кагуу жеген аткаминер премьер-министр экөө жекеме-жеке калганда кандай уруш укканы азырынча бизге беймаалым.
Ал эми бейшемби күнкү жыйында өкмөт башчыдан социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин өзү тил укту. Сариев министрди “Телефонду эмнеге чукулап отурасыз же СМС аркылуу үгүт жүргүзүп жатасызбы?” деген мааниде каккан. Базарбаев мындай эскертүүнү туура кабыл алганын, жыйында тартип маселеси маанилүү экенин биз менен маегинде жашырбай ортого салды:
- Премьер-министр өткөрүп аткан жыйында тартип болушу керек. Анын эскертүү бергенге укугу бар. Мен аны кабыл алам. Колумда телефон болгону анык. Бирок ал өчүрүлгөн болчу.
Ал эми өкмөттүн маалымат саясатынын жетекчиси Назира Ахмедова премьердин жүрүм-турумунан эч кандай деле кынтык көрө элек:
- Премьер-министр жөндөн-жөн эле бирөөнү урушкан жок да. Бардык жерде себеби бар. Элестеткиле, бирөө атайын баяндама жасап жатканда башкасы телефондон сүйлөп атса же уктап калса кимге жагат?
Саясат таануучу, мамлекеттик башкаруу боюнча адис Сейтек Качкынбаев жыйында ары-бери ойдолоктоп же телефон чукулап, маселеге маани бербей отуруунун өзү орунсуз жосун деп эсептейт. Ошол эле учурда кол алдындагы аткаминерлерге эл көзүнчө жасалган мамиле аткаруу бийлигинин кадыр-баркына таасир этерин унутпоо керек, дейт:
- Мындай нерсе Америкада, Жапонияда деле бар. Бирок, анын формасы башкача, биздегидей эмес. Эл көрбөй тургандай, өз алдынча чакырып алып айтышат. Урушуу, эскертүү бериши абзел. Бирок Советтер Союзундагыдай мораль окуу формасында же популизм, шоу катары, эл көзүнчө кыйкырынып, “чыгып кет” дегендей болбошу керек.
Мындан тышкары, Темир Сариев кызматка келген төрт айда Бишкек көчөлөрүн беш-алты ирет кыдырып, мэр Кубанычбек Кулматовду көбүрөөк көр жемеге алган учурларын байкагандар бар. Ошондой эле, дем алышсыз иштейбиз, кечки сегиз болгуча жумуштан кетмей жок деген өңдүү демилгелер популизм катары да кабылданууда.
Жаңы парламент шайланса жаңы өкмөт куралат. Жаңы өкмөткө Сариев жетекчи болору же болбосу арсар. Журналист Азамат Кыязов мына ушуну түшүнүп, Сариев чукул арада жыйынтык берчү иштерге ооп жатканын айтат. Анын белгилешинче, жол, тартип сыяктуу эл көңүлүн буруп, упай топтоп берчү маселелерге тез-тез кайрылышы Темир мырзанын пиарды мыкты өздөштүргөнүнөн кабар берет.
- Бир караганда майдачыл болуп, майда иштерге көбүрөөк көңүл буруп аткандай көрүнөт. Эми Темир Сариев өзү саясатчы да. Ошонун негизинде ушул иштерге жетти. Негизи биз премьер-министр кызматына келди-кетти мамиле жасайбыз. Муну өзү деле сезип турат. Анан ошол кыска убакытта элдин көңүлүндө, оюнда калайын деп аракет кылат. Ал саясатчынын биринчи максаты да. Алар элдин аң-сезими менен ойнойт да.
Элдин аң-сезими демекчи, көпчүлүктө трибунадан байма-бай чыгып, эл атынан деп опурулуп-жапырылып өктөм сүйлөгөн жетекчи менен эл өкүлүн өзгөчө өнтөлөгөндөр көп. Мына ошондон көп жетекчилер ушундай иш стилин жактырып, көптүн көңүлүн алууну көздөшү мүмкүн.
Ал эми Жоомарт Оторбаев сыяктуу сыпаа өкмөт башчыны жооштугу үчүн сындагандар арбын. А тургай ал башкарган жыйындарда премьерди көзгө илбей, министрлер бири-бири менен айтышкан учурлар да болгон.