Өнүгүүгө карай жол табыла элек

Быйыл кыргызстандык дыйкандар картөшкөсүн сата албай кыйналды. "Сары-Өзөн" базарында тартылган сүрөт. Бишкек. 11-октябрь, 2018-жыл

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды.

Бир жыл ичинде Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган министрлер кабинети кандай кадамдарды жасай алды? Өкмөт башчы өзгөрүүлөргө өз алдынча аракет кылдыбы? Өкмөт канткенде көз каранды эмес бийлик бутагы боло алат?

“Арай көз чарай” талкуусуна коомдук ишмер Турсунбек Акун, экономика боюнча эксперт Мейманбек Абдылдаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча эксперт Бакыт Рыспаев катышты.

“Азаттык”: Мейманбек мырза, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентке отчет берип жатып 2018-жылы өлкөнүн ички дүң өнүмү 3,5 пайызга өскөнүн билдирди. Бул статистиканы өнүгүү катары караганыбыз менен элдин өкмөткө ишеними төмөндөгөнү айтылат. Элдин өкмөттөн күткөнү эмне эле?

Мейманбек Абдылдаев: Өкмөттүн 3,5 пайыз деген өсүшү элдин чөнтөгүнө, жашоосуна таасир этпейт. Өсүү деген үйдөгү муздаткычта азык-түлүктөр толуп, сактык китепчесинде акчасы көбөйгөндө болот. Ошондо эл өсүп-өнүгүүнү сезет. Ошондуктан элдин бүгүнкү өкмөткө нааразычылыгы жүйөлүү.

Дагы караңыз Жогорку Кеңеш өкмөттүн ишин жактырды

Менин эсебим боюнча Кыргызстандын экономикасы өсүш үчүн жылына 750 милллион доллар инвестиция келип турушу керек, антпесе ушундай деңгээлде отура беребиз. Былтыр 1000 тонна картөшкө өндүрсөк, быйыл 1200 тонна алышыбыз керек, ошону өнүгүү дейт.

1953-жылы Түштүк Кореяда ички дүң жыйымы жан башына эсептегенде 15 эле доллар болчу. Кийин келген бийлик 20 жылдын ичинде өлкөнү өнүккөн 10 өлкөнүн катарына киргизди.

Бизде эң негизгиси көйгөй - өлкөдө натыйжалуу башкаруу жок, бийликте жоопкерчилик жок. Биздин саясий элита 3,5 пайыз менен мактанып жатканы, тилекке каршы, өсүш болгон жок деген сөз.

“Азаттык”: Бакыт мырза, 2018-жылдын соңунда Кыргызстандын дыйкандары, фермерлери өндүргөн продукцияларын, айрыкча картөшкөнү сата албай калганына өкмөттүн жоопкерчилиги кандай болду?

Азыркы өкмөттүн иши 3,5 пайыз менен эле көрүнүп турат. Отуз жылдан бери ушундай гана өкмөттөр иштеп келатат.
Мейманбек Абдылдаев

Бакыт Рыспаев: Өкмөт айыл чарба азыктарын сата албай калганынын негизги себебин мен башка жактан көрүп жатам. Бизде Конституция өзгөрүп, өкмөттүн ыйгарым укуктары кеңейди деп айтып келатабыз. Бирок реалдуу турмушта биздин өкмөт эң алсыз бийлик болуп калды. Анткени бийликтин негизги рычагдары президенттик аппаратта жана Жогорку Кеңеште калды.

Мисалы, айыл чарба министри айыл чарба азык-түлүктөрдү сатууга жардам бербей койду деген коомчулуктун сынына таянып, премьер-министр аны жумуштан алайын десе, Жогорку Кеңештеги фракциялар чыгып, коргоп отурса кантип иш болот? Фракция лидери премьер-министрге “биз коалициядан чыгып кетсек, өкмөтүңүз кулайт” деп коркутуп отургандыктан өкмөт башчы айласыз тушалып отурат деп ойлойм.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бийликке келгенде өзүнүн командасын топтоп, төрт-беш жылга өлкө үчүн жоопкерчилик алышты, реформа башташты. Биз өкмөт башчысы Абылгазиевди канча сындабайлы, система өзгөрмөйүнчө өнүгүү болбойт.

“Азаттык”: Биздин премьер-министр кеңейтилген укуктарын эмне үчүн пайдалана албай жатат, ким ага жолтоо болуп жатат?

Мейманбек Абдылдаев: Абылгазиев премьер-министр катары да күчтүү боло албай жатпайбы. Өзүнүн идеясын, программасын жарыялап, элди ишендирип, ээрчите билиши керек эле.

“Азаттык”: Турсунбек мырза, өткөн жылы элдин өкмөткө болгон ишеним индекси төмөндөп кеткенинин себебин Абылгазиев «аткаруу бийлиги пиар менен алектенбегени үчүн» деп түшүндүрдү. Азыркы өкмөттүн мактана турган иши көп, бирок элге маалымдай албады десек болобу?

Турсунбек Акун: Баарыбыз билебиз, буга чейинки өкмөт башчыларынын бүтүргөн ишинен “пиары” (курулай мактанганы) көп болчу. Алар телевизорго эртең менен да, кечинде да чыгып, мактанып жатышчу. Ошонун айынан президент, Жогорку Кеңеш менен сөз табыша албай кызматтан кетишкен.

Дагы караңыз Өкмөттүн «өгүз өлбөсүн» абалы

Мурдагы эки өкмөт башчы түрмөдө отурат, дагы бирөө качып жүрөт. Ал эми Абылгазиев болсо мактанган жок, унчукпай эле өз ишин кылып жатат. Көп иштерди жасаганын Жогорку Кеңештеги отчетунан таанышып жатабыз. Кыргызда “сынчынын сынаар өтүгү майрык” деген накыл сөз бар, баарыбыз сындаганга эле кыйынбыз.

Азыркы өкмөттүн жакшы жасаган ишинин бири – “Коопсуз шаар” долбоору, анын үзүрүн баарыбыз көрө баштадык, жолдо тартип бузгандар кескин азайды. Майыптарга көп социалдык жеңилдиктер берилди. Чүйдө көп тургундардын жер маселеси чечилди. Чакан ишканалар ачылып жатат. Айылдарга таза суу маселеси ишке ашууда. Көзү бар киши азыркы өкмөттүн ишин көрүп жатат.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бийликке келгенде өзүнүн командасын топтоп, 4-5 жылга өлкө үчүн жоопкерчилик алышты.
Бакыт Рыспаев

Мейманбек Абдылдаев: Биз Турсунбек Акунду азыркы өкмөткө “пиарщик” кылышыбыз керек экен. Азыркы өкмөттүн иши 3,5 пайыз менен эле көрүнүп турат. Отуз жылдан бери ушундай гана өкмөттөр иштеп келатат. Азыркы өкмөттү мактаганга эч негиз жок.

“Азаттык”: Мейманбек мырза, өткөн жылы Кыргызстанга чет элдик түз инвестициялардын келиши 7,6 пайызга азайып кетишинин себебин өкмөт башчы Абылгазиев дүйнөлүк экономикалык кризис менен байланыштырды, ага кошуласызбы?

Мейманбек Абдылдаев: Инвестициянын келиши боюнча айтсак, мисалы Эстонияда жан башына эсептегенде 100 долларды түзсө, Кыргызстанда 45 доллар. Биздин деңгээл кайсы жерде экенин салыштырып көргүлө. Биз инвестиция алып келгенге жагымдуу шарт түзбөсөк эч өнүкпөйбүз. Рейделик кылып жатсак, талап-тоноп, коркутуп жатсак бизге эч ким келбейт.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.