Мамкызматтын даражасы жана жоопкерчилик

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда мамлекеттик жетекчилер менен кызматкерлердин интеллектуалдык көрөңгөсү жана адистик деңгээли кандай болушу керек деген талкуу күчөдү. Буга Жогорку Кеңештин төрагасынын эл аралык жыйындагы сөзүнөн тарта айрым жергиликтүү жетекчилердин криминал менен коюн-колтук алышканы себеп болду. "Азаттыктын" “Эксперттер талдайт” берүүсүндө ушул маселени талкууладык. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, мурдагы билим берүү министри, профессор Ишенгүл Болжурова, Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев, жазуучу, журналист Олжобай Шакир жана саясат талдоочу Бакыт Сеитбаев катышты.
Мындай көрүнүш эмнеге алып барат, Кыргызстанда кадр саясаты кризиске кептелдиби?