Өкмөт эски кадрларга жаңы кызмат берди

Өкмөт үйү. Бишкек.

Өткөн аптада өкмөттүн дарегине айтылган сын-пикирлерден соң, бир катар кадрдык дайындоолор болду.

Бирок, буга чейин чуу менен кеткен бир катар жетекчилердин кайра эле жооптуу кызматка барганы коомчулукта ар кыл пикир жаратты. Өкмөттүн мындай тандоосу кадр саясатынын чабалдыгынан кабар береби?

Контейнер мектептин чырына тушташ кызматтан кеткен Аманбай Кайыпов жарым күн өтпөй Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча комитеттин төрага орун басарлыгына дайындалды.

Бул кызматта Кайыпов өнөр жай тармагын көзөмөлдөйт.

Бул дайындоо социалдык тармакта кызуу талкууга түштү. "Контейнерден мектеп тургузуп, өкмөттүн чабал ишин ашкере кылган Аманбай Кайыпов кантип жаңы кызматка барды" дегендер жок эмес.

Ал эми Кайыпов болсо Нарын облусунун башчылыгынан кетишин акыркы окуя менен байланыштырбайт. Ал өнөр жай тармагын жакшы билерин айтып, жаңы кызматтын жүгүн тартып кетүүгө убада берди:

Аманбай Кайыпов.

“Эми контейнерди мен койгон эмесмин. Билим берүү министрлиги койгон. Буга чейин ал мектеп боюнча өкмөткө, тийиштүү мекемелерге бир нече жолу сунуштарды берип келгенбиз. Ал сунуштар айрым жерден өтпөй калып жатты. Мен ал контейнер коюлганын кеч угуп калдым, негизи каршы болчумун. Ал эми жаңы кызматта өнөр жай тармагы боюнча иштейм. Пландарым бар. Колумдан келишинче бул тармакка салым кошууга аракет кылам".

Баса, социалдык тармактардын колдонуучулары дал ушул комитеттин орун басарлыгына жалаң кызматтан бошотулган чиновниктер дайындаларын эстешти. Кайыповго чейинки Нарындын мурдагы губернатору Канатбек Муратбеков учурдагы Энергетика жана өнөр жай министрлигинин орун басарлыгына дайындалып, көп өтпөй кызматтан кеткен.​

Дагы караңыз Өкмөттү «өкчөгөн» контейнер мектеп

Ош шаарын төрт жыл башкарган мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаев да дал ушул комитеттин төрагасынын орун басарларынын бири.

Өкмөттүн жаңы дайындаган кадрларынын бири, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башчылыгына келген Мирслав Аманкулов боюнча коомчулуктун пикири ар кандай. 59 жаштагы Аманкулов кесиби боюнча токойчу.

Ал Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикти 2010-жылы да жетектеген. Бирок аталган мекеменин мурдагы жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин тарапкерлеринин митингинен кийин иштен тез эле алынган.

Аманкулов акыркы мезгилде Ысык-Көлдөгү «Витязь» мамлекеттик мекемесинин директору болуп иштеп келген.

Бир убакта алдыңкы эс алуу жайларынын бири болгон пансионаттын азыркы абалына ичи чыкпагандар арбын.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев дал ушундай мурдагы ишинде чуу менен кеткен жетекчилердин жаңы кызматка дайындалышын мамлекетте кадр саясатынын чабалдыгы менен байланыштырат:

Дастан Бекешев.

“Ачыгын айтканда, бизде 28 жыл ичинде кадр тандоодо эч качан критерийлер болгон эмес. Чын-чынына келгенде ошол тармакты билген, тажрыйбалуу, бир нерсе өзгөртүүгө планы бар адамдар дайындалышы керек. "Бизде жакшы тааныш же бизди угат, же бизге каршы чыкпайт" деген критерийге басым жасашат. Албетте, ызы-чуу менен кызматтан кеткенде деле ар кыл жагдайларды караш керек. Айрым учурда туура эмес эле жаңжал чыгып калат. Бирок азыр терс көрсөткүч менен кеткен кадрлардын кайра дайындалып калганын көрүп атабыз. Мисалы, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине дайындалган киши “Витязда” жетекчи болуптур. Ал жерде иштин көрсөткүчү жакшы деп кантип айтабыз?”.

Мирслав Аманкуловдун өзүнө чалганыбызда суроолорго жооп берген жок. Медиа өкүлдөрү менен кийин байланыша турганын гана айтты.

Ал эми “контейнер чырынан” улам кызматтан кеткен билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын ордуна Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаковдун талапкерлиги сунушталды.

Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитетинде карап, жактырышты.

Жыйында сөз алган Каныбек Исаков билим берүү тармагына жаңылык киргизүүгө убада берди.

"Коомдогу билим берүү тармагына болгон айыптоолордон акырындап арылып, билим берүү тармагын реабилитациялайбыз”.

Мамлекеттик окуу жайлардын арасында эң жакшы жыйынтык көрсөткөн Ош университетинин ректоруна карата оң пикирин айткандар арбын.
Бирок “жакшы ректор жаман министрге айланбайбы?" деп чочулагандар да чыгууда.

Эксперттер министрлик кызматка келгендер жөн гана жетекчиликке эмес, терең реформага даярдыгы болушу керектигин белгилейт.

Нурлан Исмаилов.

Юридика илимдеринин кандидаты Нурлан Исмаилов өлкө бийлиги жетекчилерди дайындоонун маңызын түшүнбөй жатат деген пикирде:

“Негизи мамлекеттик кызмат саясий жана административдик кызмат деп экиге бөлүнөт. Административдик кызмат ошол системадан өсүп чыгып, башкармалыктан статс-катчыга чейин чоңойгон, эч алмашкыс орундар деп айтсак болот. Милиция болсо ушул тармакта иштегени, билим берүү болсо билим берүү кызматкери болсун дегендей. Ал эми саясий кызмат саясий көз карашы аркылуу дайындалган: министр, орун басары, облус жетекчиси сыяктуу кызматкерлер. Алар бийликтин эл алдында берген программасын ишке ашыруу үчүн, реформа кылуу үчүн дайындалган “мээ” болушу керек. Алар новатор болуп, реформа кылууну максат кылышы абзел. Ал сөзсүз эле ошол кесипте болушу керек деген милдетүү эмес. Реформаны кылууга жөндөмдүү, тиешелүү потенциалы болгону маанилүү. Бизде болсо өлкө жетекчилиги ушуну түшүнбөй, Акаевдин убагында башталган шахматтык тактадагы фигураларды алмаштыргандай болуп жатат. Губернатордон алып, министрдин орун басарына, министрликте иштей албай койсо облуска жетекчи кылмайга көнүп алдык".

Дагы караңыз Кыргыз бийлиги кадрлардан кыйналды


Эксперт Кыргызстанда дал ушул маселелер чечилмейинче өлкөдөгү кадрдык саясат оңолбойт деген оюн кошумчалады. Акыркы дайындоолор жаңжал менен кеткен жетекчилерди алгачкы жолу дайындоо эмес.

Буга чейин орун басары пара менен кармалган соң президенттин жемесин угуп, кызматтан кеткен транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов “Кыргыз темир жолу” ишканасынын "Темир жолду долбоорлоо" дирекциясынын жетекчилигине дайындалган.

Ал бул кызматтагы башкы максаты катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун алдыга сүрөө экенин айткан.

Дагы караңыз Темир жолдун курулушу кайрадан эске түштү

Бирок Калилов дайындалган учурда, мурдагы кызматында жакшы жыйынтык көрсөтпөгөн жетекчини маанилүү долбоорго дайындоо канчалык туура деп чыккандар болгон.

Кыргызстан 2010-жылдагы Конституцияга ылайык мыйзам жүзүндө парламенттик башкарууну тандаган. Ага ылайык, парламентке өткөн партиялар коалиция түзүп, өкмөттү бекитет. Аталган партиялар тармак-тармак боюнча кадрларды дайындоону бөлүшүп алган.

Бирок акыркы жылдары бул демилгени президент колуна алып, өлкө башчысынын сөзү маанилүү экени айтылып жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.