Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө тамырын кенен жайган коррупцияга каршы чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.
Бирок коррупцияга каршы күрөштөн майнап чыгаарынан күмөн санагандар арбын.
Коррупциянын уюгу каякта?
Коргоо кеңешинин жыйынында өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу чаралары каралды. Аталган кеңешке төрагалык кылган президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө коррупция өтө жогорку деңгээлге жетип, ага бардык мамлекеттик кызматкерлер аралашканын билдирди:
- Коррупция бизде болуп көрбөгөндөй чекке жетти. Эптеп эле чөнтөгүн толтуруу үчүн ким гана болбосун, керек болсо башкесерлер менен да макулдашуудан баш тартпаган мамлекеттик кызматкерлер, атка минерлер бар. Анысы аз келгенсип, бул балакет менен көрүшүүгө милдеттүү болгон органдар өздөрү коррупцияга батып кеткен. Ачуу чындыктан кача албайбыз, өлкөбүздө коррупция гүлдөп жатат.
Өлкө башчынын айтымында, буга чейинки коррупцияга каршы күрөш кагаз жүзүндө жүргүзүлүп, эч бир оң жыйынтыкка жетишкен эмес. Тескерисинче, паракорчулуктун тизгинин тарта турган сот жана укук коргоо органдары коррупциянын чырмалышкан уюгуна айланган.
Мындан улам Алмазбек Атамбаев адегенде сот жана укук коргоо органдарын коррупциядан арылтуу зарылдыгын белгиледи:
- Биз биринчи кезекте сот жана укук коргоо органдарын коррупционерлерден тазалашыбыз керек. Себеби, мамлекеттик негизги көзөмөлдөөчү органдар 20 жыл ичинде ишке жарабаган куралга айланды. Бирок булардын ичинен соттор коомчулуктун өзгөчө нааразычылыгын жаратууда. Сот бийлиги ири иштерди бетпактык менен жаап отурса кантип коррупцияны жеңе алабыз? Мен биздин “кутурган” сотторго эскертким келип жатат. Ушундай ар бир туура эмес чечим үчүн жооп бересиңер. Куранда же Библияда жазылгандай Кудай алдында гана эмес, ушул эле дүйнөдө жакынкы күндөрдө, айларда жооп бересиңер.
Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Таабалдиевдин маалымдашынча, акыркы эки жылда коррупцияга байланыштуу 2400 иш козголгон. Бирок алардын жарымынан ашыгы гана сотко өткөрүлүп берилген. Сотко өткөн иштер арасында деле бийик даражалуу бийлик төбөлдөрүнүн коррупциялык аракеттери ашкереленгени дээрлик катталган эмес.
Коррупциялык аракеттердин уюгу катары сот системасы айтылганы менен Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева бул бийликтин бардык бутактарга жайылганын айтууда:
- Сот системасы апакай, таза иштейт деп айта албаймын. Муну биздин жарандар деле күнүгө пикет-митингге чыгып көрсөтүп жатышат. Бирок коррупцияга күрөштү чындап жүргүзүү үчүн бир эле сот системасын реформа кылбай, коомду өзгөртүшүбүз зарыл. Айрыкча, укук коргоо органдарын. Себеби, укук коргоо органдарынын иши биздин ишибиз менен тыгыз байланышта.
Жыйында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик стратегиясы кабыл алынды. Ага ылайык, бардык мамлекеттик органдарда коррупцияны ооздуктоо үчүн атайын пландарды иштеп чыгуу, паракорчулукка каршы жарандык көзөмөлдү күчөтүү, бул багыттагы мыйзамдык базаны чыңдоо чаралары каралган.
Күтүлгөндөй жыйынтык чыгабы?
Эгемендүү Кыргызстандын 20 жылдык тарыхында буга чейинки өлкө башчылар коррупцияга бир нече ирээт күрөш жарыялаганын жар салып келишкен. Бирок бул аракеттерден майнап чыкпаганы айтылып келүүдө. Мындан улам, бул жолку аракеттердин натыйжасынан күмөн санагандар да арбын.
Алардын бири Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев:
- Бүгүнкү өкмөт азыркы курамы жана азыркы өкмөт башчы менен эч качан коррупцияны жеңе албайт. Булар кайрадан күчөтөт. Мисалга, бүгүнкү өкмөттөгү дайындоолор жалаң тааныш-билиштер аркылуу, жек-жаат аркылуу болуп жатат. Булар бири-бири менен тыгыз байланышта жана булардын эч кимиси коррупциялык схемаларын ачып, чукуп чыгышпайт. Тескерисинче, чогулуп туруп, мамлекетти талоонго алышат.
Ошентсе да, азыркы бийликтин коррупцияга каршы аракетине үмүт арткандар бар. Эксперт Валентин Богатыревдун баамында, коррупцияга күрөш жарыялаган азыркы бийлик бул күрөштү аягына чейин жеткирүүдөн башка айласы жок. Себеби, жарандар бийликтин дал ушул аракеттерине жараша, анын ишинин жыйынтыгын баалайт:
- Менин пикиримде, президенттин бул багыттагы саясий эрки жетишчүдөй болуп турат. Буга анын башка мүмкүнчүлүктөрү менен ресурстары да бар. Бирок экинчи жагынан анын айлансындагылар арасында коррупцияга аралашып калгандар да бар. Ошондуктан, алардын таасиринин чыга алабы ал – чоң суроо. Ошентсе да, “Мегакомдун” жетекчилегине байланышкан акыркы окуялар анын чечкиндүү аракеттерин далилдегендей.
Кыргызстан дүйнөдөгү өтө коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында турат. Мисалга 2011-жылы эл аралык Transparency International уюму иликтеген 182 өлкөнүн ичинен коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан 166-орунду ээлеген. Кыргызстан мындай баа менен Гвинея, Йемен жана Камбоджа өлкөлөрүнүн катарынан орун алган.

Биринчи кезекте сот жана укук коргоо органдарын коррупционерлерден тазалашыбыз керек. Сот бийлиги ири иштерди бетпактык менен жаап отурса кантип коррупцияны жеңе алабыз?
Алмазбек Атамбаев

Өкмөт азыркы курамы жана азыркы өкмөт башчы менен эч качан коррупцияны жеңе албайт. Булардын эч кимиси коррупциялык схемаларын ачып, чукуп чыгышпайт...
Камчыбек Ташиев