Депутат "Google-cалык" киргизүүнү сунуш кылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев Интернетте кызмат көрсөткөн IT компаниялардан жарнама үчүн салык алуyну сунуш кылды.

Ал өз демилгесин Орусиянын тажрыйбасына негиздеп, салыктан казынага миллиондогон доллар түшөөрүн билдирип жатат. Өкмөт азырынча бул сунуш тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстандагы IT тармагындагы адистер болсо депутаттын демилгесин четке кагып, "мунун айынан эл аралык маалымат технологиясы тармагындагы компаниялар Кыргызстанга жооп иретинде чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн" деп кооптонуп турушат.

Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев IT тармагындагы компанияларга салык салуу демилгесин 21-июндагы сессияда жарыялады:

- 2017-жылдын 1-январынан тартып Орусияда "Google-салык" киргизилген. Бул салык - чет элдик уюмдардын Интернет аркылуу электрондук формада кызмат көрсөтүүдө НДС (кошумча нарк салыгын) төлөөнүн атайын тартиби. Көптөгөн фирмалар азыркы учурда өз өндүрүмүн жана жарнамасын "Facebook", "Instagram", "Twitter", "Google" жана башка сайттарда жарыялаш үчүн миңдеген доллар короторун баарыбыз билебиз. Мисалы, ар бир университет айына Интернеттеги жарнамасы үчүн 500 доллар коротот. Эгер бир эле университет ушунча коротсо, мындай жарнама үчүн коммерциялык компаниялар канча акча төлөп жатканын өзүңүздөр билсеңиздер керек. Эксперттердин айтымында, биз интернет компаниялардын салыгынан 500 миллиондон 1 миллиард сомго чейин салыкты жоготуп жатабыз.

Руслан Казакбаев кошумчалагандай, ушу тапта компаниялар жарнама үчүн акчаны банк аркылуу түздөн-түз эл аралык компанияларга которуп, Кыргызстан миллиондогон сомдон куру калып жатат. Ал Орусияда "Google-салык" киргизилген алгачкы үч айда эле 2 миллиард рубль казынага түшкөнүн эске салды.

Депутаттын демилгеси коомчулукта түрдүүчө талданууда. Экономика илиминин доктору Төлөнбек Абдыров аны колдоп, буга Интернет аркылуу миллиондогон акча айланып жатканын жүйө келтирди:

- Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө чоң сооданын көбү Интернет аркылуу жүрүп жатат. Кыргызстанда деле ошондой. Маселен, "Alibaba" сайты жана башка соода аянттары бар. Көпчүлүк ошолор аркылуу соода кылып, иш жүргүзүп атат. Ошолор аркылуу миллиарддаган доллар өтүп кетет. Бирок ал үчүн эч ким салык төлөбөйт. Көп мамлекеттер ушул маселеге көңүл бурууда. Ушул багыттан алып караганда тармакты жөнгө салуу зарыл болуп калды.

Казакстан интернет соодасынан салык алат

Казакстан интернет соодасынан салык алат

Казакстанда дал ушундай жол менен соода кылган ишкерлер каттоого туруп, мамлекетке салык төлөөгө милдеттендирилди.

Ошол эле кезде бул сунуш Кыргызстандагы IT тармагындагы адистерди тынчсыздандырууда. Программалык камсыздоо жана тейлөө иштеп чыгуучулар бирикмесинин өкүлү Ширин Муканбетова Кыргызстан салык системасын киргизсе, эл аралык белгилүү IT-компаниялар да ага "жооп кайтарышы мүмкүн" деп эсептейт:

- Бул туура эмес сунуш. Салыктын кереги жок. Анткени "Google" компаниясынан салык алабыз десе, алар кайра Кыргызстанга кандайдыр чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн. Аны биздин өкмөт эч кандай жол менен чече албай калышы ыктымал. Биздин интернет колдонуучуларга эле кыйын болуп калат. Маалыматтык-технологиялык компаниялардан салык алуу - мамлекеттик бюджетти көбөйтүүнүн жолу эмес.

IT-компаниялардан салык алуу жөнүндө сунуш боюнча өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети өз позициясын азырынча билдире элек.

Анткен менен эксперттер чөйрөсүндө бул тармакта салык алуу Кыргызстан үчүн машакаттуу иш экенин айткандар чыгат.

Эксперт Искендер Шаршеев салык салуу өлкөнүн казынасын толтурбастан, тескерисинче эл аралык чөйрөдө анын беделин түшүрөт деген ойдо:

Искендер Шаршеев.

- Бул маселе Кыргызстанга гана эмес, көптөгөн өлкөлөргө да таандык. Орусия кээ бир сервистерди жабууга аракеттенгенде эл кайра ага "VPN" жана "TOR" аркылуу эч кандай кыйынчылыксыз жол тапкан. Эгер Кыргызстан "Google" компаниясына "салык төлөгүлө" деп кайрылса, дал ошондой эле нерсе болот. Кыргызстанда бөгөт коюу боюнча эч кандай мүмкүнчүлүктөр жок. Жада калса, Интернет тармагы абдан катуу көзөмөлгө алынган Кытайда да "Tor", "VPNди" колдонуп сервистерге кирсе болот. Ошондуктан салык салуу абдан оор маселе. Мындан тышкары сервистерге жарнама үчүн салык салууда АКШ менен келишим керек. Ал эми "Alphabet. Google", "Фейсбук" сыяктуу кээ бир компаниялар өздөрүнүн салыктык резидентурасын башка өлкөлөргө койгон - мисалы, Коста-Рика, Сингапур өңдүү. Ал оффшордук системага окшош. Андыктан ошол мамлекеттер менен да эки жактуу келишим түзүш керек болот.

Орусиянын аймагында Интернет аркылуу электрондук кызмат көрсөткөн чет элдик компаниялардан кошумча нарк салыгы алынат. Ал "Google-cалык" деп аталат. Орус бийлиги бул системаны 2017-жылдын башында киргизген, өлкөнүн Федералдык салык кызматы бир жылда 7 млрд. рубль салык түшкөнүн жарыялаган.

Маалыматка караганда, орус жергесинде салык төгүү тууралуу мыйзамды учурда 130дай компания аткарып жатат. Алардын арасында "Google", "Apple", "Amazon", "Microsoft", "Nintendo of Europe", "Samsung Electronics", "Uber", "Valve Corporation", "Facebook", "eBay", "Aliexpress", "Yahoo", "Bing" жана башка компаниялар бар.

Быйыл Орусияны мисал кылып Тажикстандын Салык комитети да өз өкмөтүнө интернет-компаниялардан салык алууну сунуштаган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.