Кадамжайда да алтын чатагы

Кадамжайдагы Исфайрам капчыгайы

Жергиликтүү калк жер-суу бузулат деген жүйөө менен чет өлкөлүк компанияны Шамбесай кенине жолотпой жатат.
Баткендин Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнө караштуу аймакта австралиялык “Манас ресоурс” компаниясы 2005-жылдан бери геологиялык-изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын ишинин натыйжасында Шамбесай жана Абдилла тоодон алтын кендери табылган.

Австралиялык компания 2012-жылдын соңунда Шамбесай алтын кенин иштетүүгө лицензия алган. Андан кийин “Зет эксплорер” аттуу жабык акционердик коомун түзүп, Шамбесайда тоо-кен комбинатын курууну пландаштыра баштаган.

Жергиликтүү калк мына ошондон кийин козголуп, “Таза Исфайрам” коомун түзүп, кенди иштетүүгө каршы чыгып келатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов “Зет эксплорер” компаниясын жергиликтүү калк кууп чыкканын айтат:

- “Зет эксплорерди” кууп чыгарып жиберишкен. Элдин азыркы кездеги маанайы абдан начар. Ошол жерде бир жаңжал чыгып кетиши мүмкүндүгүн эскертип жатам. Бул “Зет эксплорердин” өкүлдөрү азыр Жогорку Кеңеш менен өкмөттө кабинеттен-кабинетке кирип жүрүшөт.

Мадеминовдун маалыматы боюнча, Шамбесайда алтындын кору 40 тоннадан көп болгондуктан, комбинат куруу зарылдыгы келип чыккан. Комбинат курулса Исфайрам дарыясына уу калдыктар түшүү коркунучу пайда болот.

Кыргызстан геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Ишимбай Чунуев 40 тонна алтын бар дегенди төгүндөйт. Анын маалыматы боюнча, Шамбесай кенинде 9 тоннага жакын алтын бардыгы аныкталган:

- Баланста 8.8 тонна коюлган. Божомолдун баары чогулуп, 15-17 тонна болот. Ал жерде 40 тонна алтын жок.

Чунуевдин айтымында, “Зет эксплорер” компаниясы бүт төлөмдөрдү төлөп жатат:

- Бүт баарын төлөп жатат. 20 млн. сом районго төлөнгөн. Бүт кагаздары бар. Анын баарын биз карап, текшерип жатабыз. Азыр долбоор түзүп жатышат. Ошол долбоор түзүлгөндөн кийин коомдук угууда ал көрсөтүлөт.

“Зет эксплорер” жергиликтүү калк менен тил табышуу максатында февраль айында Ошто талкуу өткөрүп, ага Баткен облусунун губернатору Жеңиш Разаков баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан. Анда австралиялыктар 200-300 жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болорун, экологиялык талаптар сакталарын, жергиликтүү жана республикалык бюджетке салык түшөрүн түшүндүрүүгө аракет жасашкан.

Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Латифа Муратова кенди иштетүүгө жергиликтүү калк каршы экенин жашырбады:

-“Зет эксплорерди” мен айыл өкмөт башына келгенден бери бул жерге эл киргизген жок. Киришине эл нааразы. Алардын социалдык пакет боюнча шартын карасак, ар кандай сунуштарды кабыл алууга даяр. Бирок мен алар менен сүйлөшкөн жокмун. Байланышка да барганым жок.

Майдандагы жергиликтүү калкты кооптондурган жагдай Шамбесай алтын кенинин Исфайрам дарыясына бир чакырым аралыкта жайгашуусу. Бул дарыядан Кыргызстанда эле он миңдеген адам, андан ары Өзбекстанда да миңдеген адамдар суу ичет.

Кыргызстанда алтын кендерин иштетүүгө жергиликтүү калк көп жерлерде каршы чыгууда. Талдоочулардын баамында, буга кендерди иштетүүдө жергиликтүү калктын, республиканын кызыкчылыгы корголбой калышы себеп болууда. Маселен,
Кумтөрдүн көйгөйү баарынын көңүлүндө турат. Андан сырткары болжолдуу түрдө 80 тонна алтыны бар Иштамберди кенин алсак, ал 25-30 млн. долларга кытайларга кетип калган. Ал эми эсептөөлөр көрсөткөндөй, 80 тонна алтын 4 млрд. доллардан ашуун акча болот.

Майдандагы Шамбесай алтын кенинде 15 тонна алтын болгондо эле 700 млн. доллардын тегерегинде акча болот. Бул акчанын ондон бири эле ошол айыл өкмөтүнө жумшалса, ал жердин бардык көйгөйлөрү чечилерине шек жок. Бирок Кыргызстанга келген инвесторлор үчүн бир нече мамлекеттик кызматкерди сатып алуу арзанга түшүүдө.