Абдымен: Меркелдин сапары демократияны чыңдоого аракет

Кубан Абдымен

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга иш-сапарын серепчилер кыргыз-немис алакасынын жаңы нукта өнүгүшү катары талдап жатышат.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга иш-сапары кыргыз-немиc алакасына кандай өзгөрүүлөрдү алып келиши ыктымал? Германияда жүргөн кыргызстандыктарга ыңгайлуу шарт түзүү жагын да сүйлөшүү зарылбы? Германия Борбор Азия мамлекеттеринен Кыргызстанга көбүрөөк ыктайт деген жоромолдор канчалык негиздүү? Ушул суроолордун тегерегинде талдоочу Кубан Абдымен “Азаттык” радиосу менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Ангела Меркелдин Кыргызстанга сапарын талкуулоодон мурда азыркы таптагы кыргыз-немис мамилесине сереп салсак. Эки өлкөнүн ымаласына кандай баа бересиз?

Европадагы таасирлүү лидердин Кыргызстанга келип жатышы – биздин өлкө кандай болгон күндө Борбор Азия ичинде өзгөчө аурасы бар экенин, демократиялык багыттан тайбай баратканын далилдейт.

Кубан Абдымен: Эки мамлекеттин мамилеси акыркы жылдары бир аз солгундап калды эле. Буга Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүккө кириши негиз болгон десек жаңылышпайбыз. Ага чейинки мамиле абдан бийик деңгээлде эле. Буга президент Алмазбек Атамбаевдин Германияга жасаган иш-сапарын мисалга тартсак болот. Ошондо эки тараптуу ымала жаңы мүмкүнчүлүктөргө багытталып, ийгиликке жол ачары божомолдонгон. Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин Европадагы таасирлүү лидердин Кыргызстанга келип жатышы – биздин өлкө кандай болгон күндө Борбор Азия ичинде өзгөчө аурасы бар экенин, демократиялык багыттан тайбай баратканын далилдейт.

“Азаттык”: Демек, Ангела Меркелдин Кыргызстанга сапары эки өлкө ортосундагы мындан аркы ымалаларды мурдагыдай жогорку деңгээлге алып чыгышы мүмкүн?

Кубан Абдымен: Кыргызстан Борбор Азияда гана эмес, КМШ мамлекеттеринин ичинен да демократиялык нукта өнүгүп келаткан өлкө катары Батышка жакын. Муну Европа өлкөлөрү баалайт. Эгер Кыргызстанды колдоп, өнүгүүнү жолго салууга салым кошсо – башкаларга үлгү болот. Меркелдин келишин экономикалык жактан болобу, саясий жактан болобу, ымаланы чыңдоонун аракети десек болот. Маалыматтарга караганда, Германия бийлиги Кыргызстандын Берлинге болгон айрым карыздарын кечиши да ыктымал. Менин баамымда, Германия Кыргызстанды башка мамлекеттерге караганда өзгөчө колдой берүүнү улантат.

Германия бийлиги Кыргызстандын Берлинге болгон айрым карыздарын кечиши да ыктымал. Менин баамымда, Германия Кыргызстанды башка мамлекеттерге караганда өзгөчө колдой берүүнү улантат.

“Азаттык”: Германияда миңдеген кыргызстандыктар окуп, иштеп жүрүшөт. Меркелдин сапары учурунда кыргыз бийлиги миграция маселесине токтотулушу зарыл деп эсептейсизби?

Кубан Абдымен: Жок, анткени бул жаатта он-он беш жыл мурун макулдашуулар болгон. Андан бери маселе жарала элек. Анүстүнө Германияда иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын саны Жакынкы Чыгыштан баргандарга караганда өтө эле аз.

“Азаттык”: Ангела Меркел бийлик өкүлдөрүнөн тышкары жарандык коом менен жана диний лидерлер менен да жолугушары айтылууда. Сиздин баамыңызда сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы эмне болушу мүмкүн?

Кубан Абдымен: Бардык эле Батыш мамлекеттеринин лидерлери кайсы бир мамлекетке барса, бийлик өкүлдөрүнөн тышкары жарандык коом менен жана түрдүү уюмдардын башчылары менен жолугат. Бул алар үчүн салт болуп калган. Ангела Меркел да ошол салтты улайт. Анын негизги сүйлөшө турган маселеси – Кыргызстандагы азыркы демократиянын мындан аркы өнүгүүсүнүн күңгөй-тескейи багытында болушу мүмкүн.

P.S.: Германия Кыргызстанга каржылык көмөк көрсөткөн мамлекеттердин сап башында. Берлин 1992-жылдан бери Бишкекке 250 миллион евродон ашуун каражат бөлгөн. Анын көбү экономика жана саламаттыкты сактоо тармагына жумшалган.