Апаз Жайнаковду акыркы сапарга узатуу
Апаз Жайнаков бир күн мурда Баткен шаарында катуу оорудан каза тапкан.
Баткен шаарынын борбордук аянтындагы зыйнатка беш миңдей киши чогулду.
Залкар таланттын зыйнатына Бишкектен маданият министри Султан Раев барды.
Маркумдун зыйнатында анын атын облустук драма театрга берүү сунушу айтылды.
Маркумдун сөөгү өзү көп жыл жашаган Баткен шаарына коюлду.