Дүйнөлүк сөз эркиндиги күнүн утурлай жарыяланган баяндамаларда Кыргызстанда сөз эркиндиги жаатында өзгөрүүлөр болгонун көрүүгө болот.
Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму өткөн аптада жарыялаган рейтингде Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында “көйгөйлүү өлкөлөрдүн" катарынан орун алган. Ага ылайык, 180 өлкө ичинен Кыргызстан былтыр 85-орунду ээлесе, быйыл 89-орунга түшүп, төрт позицияга төмөндөгөн.
Мындай абал Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу жакшы саналганы менен уюм бир катар көйгөйлөргө көңүл бурган. Алсак, быйыл өтчү президенттик шайлоо алдында маалымат каражаттарына көзөмөл күчөшү мүмкүн экенин, бул жаатта чочулоого негиз барын билдирген.
Сөз эркиндигинин абалы боюнча дагы бир баяндаманы эл аралык "Фридом Хаус" уюму жарыялады. Аталган уюмдун докладында сөз эркиндиги жаатында Евразия эң начар чөлкөм бойдон калган. Ал эми мурда "жарым-жартылай эркин" саналып келген Кыргызстан аймактагы башка өлкөлөр сыяктуу "эркин эмес" мамлекеттер катарынан орун алды.
Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитетинин” аткаруучу директору Жоэл Саймон дүйнөдө эркин маалымат каражаттарын көзөмөлдөө аракети байкалып жатканын, бул Борбор Азияга мүнөздүү көрүнүш экенин белгилейт:
- Өкмөттөр маалыматтын эбегейсиз күчүн сезгендиктен, сөз эркиндигине түздөн түз чабуул коюп, журналисттердин укугун тепсеп жатышат. Бул болсо аларга маалыматты башкарууга, көзөмөлдөөгө жана кыянат пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүдө.
Эл аралык баяндамаларда айтылгандарды жергиликтүү медиа адистер да белгилешет. "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаевдин айтымында, Кыргызстандагы сөз эркиндиги жаатындагы өзгөрүүлөрдү медиа өкүлдөрү сезип жатат:
- Биринчиден, рейтингде позициялардын төмөндөгөнү анык эле. Аны эч кандай доклад, эч кандай изилдөөсүз эле өзүбүз байкап, "жон терибиз" менен сезип жатабыз. Өзүбүз болбосок да, кесиптештерибиз туш болгон абалдан улам билип жатабыз. Чын эле соттор болуп, миллиондогон суммаларга доолор берилип жатат. Анын үстүнө болуп жаткан нерсени тенденция катары бааласак болот. Азыркы көрүнүш менен эле чектелбестен, дагы күчөйбү деген коркунуч бар.
Тынаев белгилегендей, баяндамалар Кыргызстанда маалымат каражаттары жаатында соттошуулар күчөгөн кезде жарыяланды. Алсак, быйыл Башкы прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына доо кетирди деген жүйө менен өлкөдөгү Zanoza.kg cайты, 24.kg маалымат агенттиги жана "Азаттык" радиосунан бир нече миллион сомдук доо талап кылды. Учурда бул арыздар боюнча соттошуулар жүрүп, акыркы чечим кабыл алына элек.
Кыргызстандагы "Медиа Полис" институтунун юристи Алтынай Исаеванын "Азаттыкка" билдиришинче, медиа айдыңында түзүлгөн акыркы абал журналисттердин ишмердигине таасирин тийгизип жатат:
- Акыркы аракеттердин медиа айдыңына тийгизген эки таасири тууралуу айтсак болот. Биринчиси - бул негативдүү көрүнүш катары айта алам. Акыркы соттук доолордун санын эске алсак, журналисттер өзүн чектеп, көп темаларды жазбай эле коеюн деп качып калышты. Ошол эле учурда ал темалар коомчулук билиши керек болгон талылуу маселелер болушу мүмкүн. Бирок журналисттер өзүн чектеп, кесибин толук кандуу аткара албай калышат. Экинчиден, соттук доолор көптөгөн маалымат каражаттарын өздөрү тараткан кабардын тууралыгы, тактыгы боюнча улам-улам текшерип, жоопкерчиликти жогорулатты.
Ошол эле учурда бийлик өкүлдөрү сөз эркиндиги жаатында абал начарлады деген жыйынтыкка макул эмес. Бийликчил Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун айтымында, өлкөдө ээн-эркин маалымат алууга, таратууга эч кандай тоскоолдук жок:
- Менимче, бүгүн эч кимге чектөө жок. Мына канча сандаган гезиттер чыгып, канчалаган радиолор, интернет сайттар иштеп жатат. Баары тең каалаганын сүйлөп жатат. Мен эмне минтип айтып жатам? Анткени мурдагы бийлик учурунда чыныгы оппозицияда мен болгом, сөз эркиндиги түгүл, бизди сүйлөтчү эмес, телевизордон көрсөтчү эмес. Коомдук каналдан көрсөтүп жатат, кандай гана оппозициялык каналдар иштеген жок. Мунун баары сөз эркиндигине эч ким бөгөт койгон жок дегенди көрсөтөт.
Кыргызстандагы сөз эркиндиги жаатында абалды дүйнөдөгү окуялар менен байланышта карагандар да бар. Маселен, "Кабар" улуттук агенттигинин директору, журналист Кубанычбек Таабалдиевдин пикиринде, жалпы дүйнөдө сыяктуу эле журналисттерди жоопкерчиликке чакыруу аракетин туура эмес түшүнгөн учурлар бар:
- Тилекке каршы, Кыргызстанда демократиялык нуктагы өлкө катары укуктарыбызды жакшы билебиз да, милдеттерибизди, коомчулук алдында, мамлекет алдында, дүйнөлүк коомчулук алдындагы жоопкерчилигибизди унутуп калабыз. Менин пикиримде, ошого кыргыз бийлигинин өзгөчө көңүл буруп, иретке келтиребиз деген аракети рейтингдерге таасирин тийгизди. Башкача айтканда, "калп айткан, ушак таратты" деген маалымат каражаттары жоопко тартылып жатканы Кыргызстандын жалпы рейтингине таасир этүүдө.
Кыргызстанда сөз эркиндиги күнү белгиленип, бул маселеге көңүл бурулуп жатканда Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын үнүнө окшош адам менен өлкөдөгү гезиттердин биринин кабарчысынын телефондук сүйлөшүүсү интернетте кызуу талкуу жаратты. Анда депутат делген адам журналистти орой сөздөр менен тилдеп жатканын угууга болот.
Муну айрымдар журналисттин кесиптик кемчилиги катары санаса, айрымдар бийлик өкүлүнүн басымы катары баалап жатышат.