Маалыматка ылайык, Сатыбалдиев абак мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүткөнү эске алынып, ушундай чечим чыгарылган.
2016-жылдын 31-декабрында Элмурза Сатыбалдиевдин абактан бошотулганы кабарланды. Мындай маалыматты Сатыбалиевдин жакыны Кыялбек Тойчиев “Азаттыкка” тастыктады:
- УКМКнын Тергөө абагында отургандары эсептелип, ушул күнгө туш келиптир. Азыр үйүнө келди…
Сатыбалдиев: Ак үйдөн да, сырттан да ок атылган
2010-жылдын 7-апрелине чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин укук жана тартип боюнча кеңешчиси, экс-баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев “Азаттыкка” маек курду. Сатыбалдиев Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири.
Азырынча расмий органдар мурдагы баш прокурордун бошотулганы жөнүндө толук маалымат бере элек. Болгону Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова буларды билдирди:
- Үчтөн эки бөлүгүн толук өтөгөндөн кийин мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууга болот. Алар сотко арызданып, сот чечим чыгарса бошоп кетет. Бул такыр бошоду дегенди билдирбейт, шарттуу түрдө бошотулду. Бизде тизмеде турат, өзүнүн процедуралары аткарыла берет. Бул ишти Аламүдүн райондук соту карамак, алар чечим чыгарса бошотулат. Бирок, бизге соттун чечими келе элек.
Сатыбалдиев 2010-жылдагы Апрель окуясына тиешеси бар деп айыпталып камалгандардын ичинен абактан бошотулган алгачкы аткаминер болду окшойт. Ал мурдагы бийлик учурунда баш прокурор, 2010-жылдын 7-апрелине чейин Курманбек Бакиевдин укук жана тартип боюнча кеңешчиси болуп эмгектенген. Сатыбалдиев 2010-жылдагы Апрел окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Ушундай эле мөөнөткө Жогорку Соттун чечими менен мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Каныбек Жороев жана президенттик катчылыктын экс-башчысы Оксана Малеваная да соттолгон. Турсункулов менен Жороев учурда абакта отурса, Малеванаяга сот өкүмү сыртынан чыгарылып, издөө жарыяланган.
Айрым саясий байкоочулардын божомолунда, Сатыбалдиевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулганын эске алганда, Турсункулов менен Жороев да жакында боштондукка чыгышы мүмкүн.
“Мекен шейиттери” коомдук уюмунун өкүлү Нурия Айдабосунова Апрел окуясы боюнча соттолгон жогорку кызмат адамдарына жеңил жаза берилип калган деп эсепетейт.
- “Мекен шейиттери” бул маселени талкуулайбыз го деп турам. Мындай чечимди туура эмес деп кабыл алабыз. Жогорку кызматтагы адамдар өз күнөөсүнө ылайык жазасын алышы керек. Бул кийинки бийликтеги аткаминерлерге сабак болмок. Сатыбалдиевдин кандай адам экенин билбейбиз. Бирок, ошол учурда түздөн-түз президенттин кеңешчиси болуп турган. Эрте чыгарып ийишти. Биз Жогорку соттон баарына 25 жылдан сураганбыз.
Ал эми Апрел окуясында жабырлануучулардын таламын коргоп келген жактоочу Осунбек Жамансариев сот көрсөткөн жазасын өтөп, мыйзам чегинде абактан боштулгандарга каршы эмес. Бирок, негизги айыпталуучулардын эркиндикте жүргөнүнө нааразы болууда:
- Негизги айыпкерлер жок болуп жатпайбы. Бакиев баш болуп качып жүрөт. Анан экинчи баскычтагы күнөөлүүлөр булар адам өлтүрүүгө түздөн-түз тиешеси жоктор. Бирок, кызмат абалынан ашыкча пайдалгандар деп айыпталып жатышат. Менин жеке пикиримде, канчалык нааразы болбойлу мыйзам чегинде чыкса ага макулмун.
Сатыбалдиев жана бир нече адам Адам укугу боюнча жалпы декларациянын 65 жылдыгына карата берилген мунапыска илинип, бирок Республикалык Аскер соту бул чечимди кийин жокко чыгарган эле.
Жогоруда атап өткөндөрдөн сырткары Апрел окуясына тиешеси бар деп соттолгон аткаминерлерди санасак, мурдагы президент Курманбек Бакиевди 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан.
Алар 2010-жылы 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок чыгарууга буйрук берген деп табылган.
Ошондой эле мурдагы президенттин уулу, УКМК төрагасынын кеңешчиси Марат Бакиев 27 жылга кесилген. Ал эми атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга эркинен ажыратылган.
2010-жылы 7-апрелдеги кандуу калабада 77 адам окко учуп, 300дөн ашык адам жарадар болгон. Кийин жаракат алгандардын арасынан да бир тобу каза болуп, жалпысынан бул окуя токсондон ашык адамдын өмүрүн алган. Бул күнү бийликке каршы чыккан элге Ак үй тараптан ок атылып, окуя Курманбек Бакиевдин бийликтен кулатылышы менен аяктаган.