Марат: Сырткы күчтөрдү айыптоо ыңгайлуу

Эрика Марат.

Акыркы убактарда төңкөрүш жасамак делгендерди сырткы күчтөр колдоору тууралуу президент Атамбаев да билдирүү жасады. Ал так кесе бирөөнүн атын ашкерелебегени менен Орусияга ишара кылгандай болду.

Орусия Кыргызстанда төңкөрүш уюштуруп, бийликти алмаштырууга кызыкдарбы? Кандайдыр бир генералдар кыргызстандык саясатчыларды колдоп, бийликти алмаштырууга шыкак болууда дегенге канчалык негиз бар?

Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин доценти, Борбор Азия боюнча изилдөөчү Эрика Маратка байланышып, болжолдордун орундуулугун сурадык.

"Азаттык": Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик төңкөрүшкө даярданган деп кармалган “Элдик парламент” аттуу уюмдун артында чет өлкөлүк атайын кызматтар турат деди. Тактабаса да, мисалына караганда орусиялыктарга ишара кылды. Анын үстүнө камалган саясатчылар деле өздөрүн орусиялык генералдар колдошорун айтып келишкен. Президенттин айыптоосу канчалык негиздүү?

Эрика Марат: Менимче, президент ким экенин так айтпай, кайсы бир абстракттуу сырткы күчтөрдү айыптоо менен элдин көңүлүн өкмөттөгү, өлкөдөгү, экономикадагы көйгөйлөрдөн бургусу келип атат. Бул үчүн жедеп белгилүү болгон тактиканы колдонду. Ал тактика дайыма иштеп келген. Балким эми да ишенимди акташы мүмкүн. Сырткы абстракттуу күчтөрдү айыптоо ыңгайлуу. Анткени Атамбаев, ага чейинки президенттер деле талдап, негиздүү ой жүгүрткөнгө караганда эмоцияга басым жасашканы белгилүү.

"Азаттык": Ошентсе да, бийлик башындагы кишинин билдирүүсү болуп атпайбы. Дегеле азыр чет өлкөлүк күчтөрдүн Кыргызстанга канчалык кызыкчылыгы бар?

Эрика Марат: Четтеги күчтөр, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы жагдайга байланыштуу кызыкчылыктары, кандайдыр таасири бар. Бирок биз өлкөнүн өзүндө эмне болуп жатканына, элдин маанайына саясий топтордун позициясына көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Ушундан тыянак чыгаруу абзел. Анткени кандай гана сырткы факторлор болбосун, процесстердин көбү өлкөнүн ичинде жүрөт. Бакиевге каршы орусиялык маалымат каражаттарынан кеңири кампания болгонун билебиз. Бирок биз ал жерде кандай кызматтар болгонун билбейбиз. Мен сырткы күчтөрдүн баркын көтөрүп, көкөлөткүм келбейт. Нааразылык акциялардын түп-тамыры өлкөнүн ичинде гана. Аларды орусиялык маалыматтар кубаттап, жылоолошу мүмкүн. Колдо кандайдыр бир конкреттүү маалымат болбой туруп кутум теориясына таянуу, ММКларда жазылгандарды негиз кылуу маанисиз.

Атамбаевдин аброю Кыргызстанда өсүп атабы же түшүп атабы, ал Кыргызстанга эмне кыла алат, убадаларын аткардыбы? Анын учурунда экономика кандай болду? Кремлдики деген сөздөргө алаксыбай, Атамбаевдин кабинетинде, өлкөдө болуп аткан саясатка көңүл бурганыбыз абзел.

Бир мисал айтайын, парламент чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбоорун четке какты. Баары Орусия бул мыйзамды Кыргызстанга киргизгиси келип жатат деген теорияны айтышкан болчу. Анын кабыл алынбай калышы өлкөдөгү саясий турмуштун динамикасын, жарандык коом канчалык күчтүү экенин жана парламенттин чечимине таасирин тийгизе аларын көрсөттү. Путин, Кремль, кайдагы бир генералдар, жада калса орусиялык маалымат каражаттары да буга тиешеси жок.

"Азаттык": Мурдатан орусиячыл лидер катары таанымал Атамбаев дале Кремлди канааттандырчу фигурабы же андай болбой калдыбы?

Эрика Марат: Атамбаев Орусияны жетишерлик эле канааттандырат. Өзүн лоялдуу президент катары көрсөткөн. Балким ал орусиялык таасирге каршы, анда да түз эмес, кандайдыр эки ооз сөз айткандыр. Бирок ал билдирүүлөрүндө олуттуу эч нерсе жок. Ошон үчүн Орусия Атамбаевге дароо эле ишенбей, колдобой кала тургандай жагдай, себептерди көрбөй турам.

"Азаттык": Демек, мындан Орусия менен мамиле өзгөрбөшү мүмкүн экен да?

Эрика Марат: Конкреттүү эч нерсе өзгөрбөйт. Атамбаев өзүнүн үстүрт билдирүүлөрү менен белгилүү. Кайсы бир убакыттан кийин Атамбаев кайра эле Орусияга, Кремлге жага турган нерселерди айтып чыкса таң калбайм. Азыркы сөздөрүнөн кийин олуттуу тенденция жарата турган өзгөрүү болот деп ойлобойм.