Азия кубогунда Кыргызcтан Кытай, Корея жана Филиппин менен С тайпасында ойноп жатат.
7-январда Аль-Айн шаарында өткөн беттеште "Ак шумкарлар" Кытайдын курама командасына 2:1 эсебинде жеңилип калды. Азыр тайпада Кытай (3 упай) менен Түштүк Корея (3 упай) алдыда.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кытай курама командасына жеңилгенине карабай кыргыз футболчулары кийинки баскычка чыгууга мүмкүнчүлүгүн сактап турат.
Түштүк Кореянын курама командасы менен боло турган оюн оор жана кызыктуу болорун башкы машыктыруучу Александр Крестинин журналисттерге берген басма сөз жыйынында айтты. Ошол эле маалда атаандаштардын коргонуудагы чабал жерин байкаганын кошумчалады:
- Биздин каршылашыбыз Түштүк Корея кандай атаандаш экенин баарыбыз түшүнүп турабыз. Биз буга даярданганбыз. Эртең эки команда үчүн тең оор, ошол эле учурда кызыктуу оюн болот. Корея курама командасынын оюндарын анализдеп көрдүк. Коргоонууда чабалдык кылган жерлери бар. Биз ошону пайдаланууга аракет кылабыз, - деди Крестинин.
"Павел Матяш кийинки оюнда ойнойбу?" деген суроого машыктыруучу так жооп берген жок.
- Дарбазачынын катасы оюндун эсебине таасир тийгизди, - деди ал. Бирок оюнда мен-мен деген футболчулар деле ката кетирет. Мындай жаңылыштык Чемпиондор лигасынын финалдарында деле болуп келген. Чабуулчулар деле жаза басып, гол киргизбей калган учурлар көп. Мунун баарын сындап отурбай, оюнчуну колдош керек. Павел Матяштын Түштүк Кореянын курама командасы менен болчу оюнга чыгаар-чыкпасын азыр так айта албайм. Башкы курамда, тактикада өзгөрүүлөр болот.
10-январда футбол боюнча улуттук курама команда беттеш өтө турган Hazza Bin Zayed стадионунда оюн алдындагы машыгуусун өткөрдү.
Ага 23 футболчу катышты. Командада маанай жакшы экенин коргоочу Тамирлан Козубаев билдирди.
- Командада маанай жакшы. Группадан чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунун финалдык баскычына чыкты.
Азиянын алдыңкы командалары менен ойноо кандай экен? Социалдык тармактардагы талкуулардан кабарыңар барды деген суроого Тамирлан Козубаев төмөндөгүдөй жооп берди:
- Оюн алдында дайыма толкунданасың. Бирок оюнга чыкканда баарын унутабыз. Анткени биз бул жерде күндө машыгып, ойноп жатабыз. Ал эми социалдык тармактарды такыр окубайбыз, - деди футболчу.
Кыргызстан менен Түштүк Кореянын курама командаларынын оюну эртең, 11-январда Аль-Айн шаарында өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.