Журналисттер устатты эскеришти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда белгилүү журналист, коомдук ишмер, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча ынтымак турнири өттү. 12 команда катышкан мелдеште ЭлТР телеканалынын журналисттеринен түзүлгөн команда жеңүүчү болду. Команда финалдык оюнда "Кабар" агенттигин 4:2 эсебинде жеңип алды.