Азия кубогу: негизги вазийпа аткарылды

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын капитаны Валерий Кичин.

Кыргызстандын Азия кубогундагы сапары уланууда. Биздин кийинки атаандаш - үй ээлери, Бириккен Араб Эмираттары. Алдыдагы талдоодо эки команданын ойноо тактикасын, Кыргызстандын утуу мүмкүнчүлүгү канчалык экенин байкадык.

16-январда «ак шумкарлар» жардан кулайын деп жаткан жерден аман калды. Талаага акыркы үмүт менен чыккан биздин футболчулар Филиппинди ишеничтүү жеңип, аны менен үчүнчү орун аркылуу плей-оффко кирип кетти.

Эми биздин «шумкарлар» үй ээлери болуп саналган Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларына туш келди. Финалдын 1/8 бөлүгү жаңылыштыкты кечирбейт, бул оюнда утулган команда чемпионат менен коштошуп кете берет.

Алгачкы 15 мүнөт

БАЭ командасы кагаз жүзүндө бир чабуулчу, беш коргоочуну көрсөткөнүнө карабастан оюн учурунда үч чабуулчу менен ойноп жатат. Команда үйдөн чабуул башталганда 3-4-3 тактикасын тандаса, коргоодо дароо 4-4-2 схемасына өтө калууда.

Акыркы үч оюн көрсөткөндөй арабдардын азыркы командасы төрт жыл мурункудан бир топ эле деңгээли төмөн. Төрт жыл мурун БАЭ Азия кубогунда үчүнчү орун алган. Бирок азыр командада ылдамдык, мотивация жана курч мүнөз жетишпей жаткандай. Алар биринчи оюнда Бахрейнге утулуп калмак, антсе да акыркы мүнөттөрдө пенальтинин жардамы менен тең чыгып кетти.

Бириккен Араб Эмираттарынын Таиланд менен оюну да команданын ичинде түшүнбөстүктөр бар экенин көрсөттү. Ошентсе да команда тайпалык үч оюнда тең талаанын 60 пайыздан ашыгын көзөмөл кылып турду.

Андыктан Кыргызстан менен оюнда да Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары топко көзөмөл кылышмакчы. Айрыкча биринчи 15 мүнөт биз үчүн өтө оор учур болот. Эгерде ошол убакыттын ичинде дарбазабызга гол өткөрүп алсак, анда оюндун жыйынтыгын айтуу кыйын. Бирок алгачкы 15-20 мүнөткө туруштук берип, коргоону кармап калсак, анда өзүбүздүн оюнубуз башталат.

«Ак шумкарлардын» таянычы ким?

Бактыга жараша Кыргызстан Филиппин менен оюнда коргоону калыбына келтирип алды. Даниел Тегонун ордуна чыккан Мустафа Юсупов позицияда өзүн эркин сезип, Валерий Кичиндин ишин бир топ жеңилдетти.

Ахлитдин Исраилов менен Фархат Мусабеков жарым коргоодо бири бирин башка оюндарга караганда жакшы түшүнүштү. Бернхардт адаттагыдай эле жарым коргоодон артка тартылып, алмаштырылгыс болуп келатат.

Ал эми негизги оюнду жүргүзүүчү Бекжан Сагынбаев экенин байкадыңызбы? Бул адам жок башкы машыктыруучу Крестининдин 3-5-2 схемасы иштебейт болчу. Бекжандай тез аракеттенген оюнчулар бул турнирде саналуу эле болсо керек. Ал «ак шумкарлардын» сол канатынын баарына жооп берип келе жатат.

Керек болсо Валерий Кичин каршылаштардын контрчабуулдарында сол тараптан Бекжан Сагынбаевден жардам күтүп жатканын байкоого болот жана ага капитан толук ишенүүдө. Бул оюнчунун жардамы менен команда коргоонууга келгенде 5-3-2 тактикасына секире калууда.

Сагынбаев бүгүнкү күндө алмаштырылгыс жана маанилүү оюнчу экенин көрсөтүп койду. Ал коргоодон бешинчи оюнчу катары Кичинге жардамга келсе, чабуулда үчүнчү оюнчу болуп, Люкс менен Мурзаевге жардам берүүдө. Айтмакчы, Филиппин менен оюнда экинчи гол дал ушу Сагынбаевдин капталдан узаткан пасы аркылуу киргизилди. Дагы бир пасын Люкс дарбазанын темирине тээп алды, кичине болгондо ал да гол болбойт беле...

Стадион биз тарапта

БАЭ-Кыргызстан оюну Абу-Дабидеги 50 миң киши баткан «Шейх Зайед» стадионунда болот. Кыргызстандын көпчүлүк оюнчуларынын мындай трибунада ойногон тажрыйбасы жок. Андыктан жогоруда айткандай алгачкы 15 мүнөт биз үчүн сүрдүү стадиондун басымы алдында жүрөт. Ошондуктан алгачкы мүнөттөрдө оюнчулар чууга алдырып жиберүү коркунучу сакталып турат.

Бирок стадиондо 50 миң кишинин 6-7 пайызы гана талаадагы оюн тактикасын түшүнө билгени болбосо, калган элге бир гана гол керек. Мына ушу 15-20 мүнөттөн соң биздикилер оюнду жай нукка буруп, дарбазаны сактай алса, стадион голду талап кылып өз командасына басымды күчөтө баштайт. Ири турнирлерди өткөргөн көп командалардын өз мамлекетинде кубок ала албаганынын сыры ушунда.

Демек, алгачкы мүнөттөрдөгү чабуулдарга туруштук берип алсак, оюндун жүрүшүндө БАЭнин оюнчулары өз күйөрмандарынын басымы алдында оюн жүргүзүүгө туура келет. Андыктан стадион биз тарапта.

Бекжан Сагынбаев.

Александр Крестининдин негизги тапшырмасы биринчи таймдын аягында чабуулду күчөтүп, эсепти ачып калуу болмокчу. Болбосо жок эле дегенде 0:0 менен таймды жыйынтыктоо зарыл.

Эң эле натыйжалуусу - Крестининдин тайм арасындагы эс алуу учурунда футболчуларга берген насааты болчудай. 0:0 эсеп «ак шумкарлар» үчүн экинчи таймда оюнду жүргүзүүгө жакшы мотивация жана ишеним берет.

Мурзаев голго «суусап» турат

«Ак шумкарлар» коргоо менен жарым коргоодо БАЭге караганда күчтүү десем жаңылышпайм. Ал эми арабдардын чабуулчулары биздикинен үстөмдүк кылып кетет. Анын үстүнө Бириккен Араб Эмираттарынын командасы Али Мабхут, Исмаил аль-Хаммади жана Ахмед Халил үч чабуулчу менен оюн жүргүзүүдө. Булардын арасынан капитаны Исмаил аль-Хаммади тажрыйбасы мол жана команданы өз аркасынан ала жүргөн оюнчу.

Буларга жооп иретинде Кыргызстан үч чабуулчуну чыгара албасы бышык. Экинчиден анча чабуулчуну талаага ойнотууга Крестининде зарылчылык жок. Бирок Корея менен оюндагыдай жалгыз бир чабуулчу менен да ойнобошу керек. Мындай учурда алдыда оюн жүрбөсү ошол эле Корея менен болгон оюнда даана байкалды.

Алсак, Кытайга жана Филиппинге Крестинин эки чабуулчу Люкс менен Мурзаевди чыгарып, алдыда туруктуу оюн көрсөтүп жатты. Анын үстүнө акыркы оюнда экөө бири бирин жарым сөздөн түшүнүп калганы байкалып турду.

Мирлан Мурзаев (кызыл).

Ошол Филиппин менен болгон оюнда Виталий Люкс үч гол киргизгенине карабай, Александр Крестинин Мирлан Мурзаевге көбүрөөк үмүт артмакчы. Себеби бул оюнчубуз жоктон бар кыла аларын машыктыруучубуз жакшы билет. Анын үстүнө азыр гол Мурзаевдин көзүнөн учуп турат. Ал Азия кубогунда өз сөзүн айта элек жана келе жаткан оюнда жылаңайлак болсо да гол киргизгенге даяр болуп калгандай.

Бир гол оюн тагдырын чечет

Плей-офф айлампасында командалар көп анча тобокелге салбайт. Көпчүлүк оюндар жай ыргакта өтөт. Крестининдин командасы контрчабуулдан бактысын издеп, биринчи голду киргизгенге аракет кылмакчы. Анткени бул оюнда бир гол тагдыр чечип калышы мүмкүн.

Бирок БАЭге салыштырмалуу биздин жоготоор эч нерсебиз жок. Эгемендүүлүктөн бери биринчи жолу бул турнирге катышкан кыргыз футболчулары ансыз деле «тайпадан чыгуу» деген оор тапшырманы аткарып, зоболосу көтөрүлдү. Арабдарга утулса деле «Манас» аэропортунан футболчуларды калың эл чоң майрам менен тосуп алаары бышык. Бул фактор «ак шумкарлардын» негизги артыкчылыгы болуп, жоопкерчиликти жеңилдетип, талаага ишеничтүү чыгууга шарт түзүүдө.

Булардын баарын сезип жаткан биздин футболчулар 21-январда өздөрү каалагандай эркин оюн көрсөткөнү турушат. Алар жеңиштин даамын татып, анын канчалык ширин экенин эми билишти. Андыктан баары алдыда...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.