Ош: кызгалдак гүлдөгөн талаа
Кар сапырган кыштын ызгаар аязында, аязында,
Кыялымдын гүлдүү, кооз талаасында.
Колтукташа басчу элем сени менен,
Көздөрүңдүн кыбыңдаган карасында. (Нурпаис Жаркымбаев)
Жаз келди жүрөгүмө,
Жан дүйнөм бейиш сыңар жашылданып.
Жароокер гүлдөр дагы назданышат,
Бул дүйнө сулуу кандай,
Сезилем азыр гана туулгандай,
Нурданып, асылданып. (Зайырбек Ажыматов)
Кызыл гүл, кыз жүзүндөй канталаган,
Жаныңда акын турат анталаган.
Мен сени көргөн кезде көпөлөк – деп,
Ойлогом мен жеткенче көкөлөйт – деп.
Желбиреп учуучудай канаттарың,
Көзүмдү жалбырттатты манаттарың. ..
Чыпчын гүл, учпашыңа ишенбедим,
Кол менен сабагыңды «кишендедим». (Турар Кожомбердиев)
Жашайм бүгүн кооз шаар койнунда,
Мен өзүмдү шаарлыкмын деп атап.
А чынында өзүм шаарлык болдум да,
Бала чагым тоодо жашап келатат.
Таң алдында чыгып алып балконго,
Карап турсам тоолор күмүш, жалтырак
Мээрим төгүп мен кусалуу болгондо,
Бала чагым өткөн жактан күн чыгат. (Турсуналы Бостонкулов)
Жаз азды көп кылат,
Жер жарып көк чыгат.
Кыпкызыл кызгалдак -
Кырларда өрт сымак.
Сан гүлдөр бой керип,
Күн нурун бай берип.
Себелеп суу чачат
Сур булут апкелип.
Селкилер гүл кармап,
Жигиттер кыз жандайт.
Жайнаган пейлиңе,
Жаз айы, ыракмат! (Нурланбек Кайрыев)
Жашыл сөйкө бактар тагынып,
Жашыл килем тоого салынып.
Сайма сайып талаа четине,
Эндик сүйкөп кыздар бетине,
Жазым келди жаштык сагынып.
Жаштык чертип шайыр бий күүсүн,
Асман күлөт мээрим жүгүнө.
Алмаштырып көйнөк гүлдүүсүн,
Тагынышып гүлдүн бүрдүүсүн,
Жаз келиптир кыздар жүзүнө. (Айгүл Узакова)
Аруу жел агып көктөмгө,
агарып жылдыз өчкөндө.
Мөңгүдөн түшкөн өзөндүн
мөлт этти жашы чөптөргө.
Агыш нур аздан тарап жай,
ачылып айыл барактай.
Тарбаңдап чуркап келатат
таш жолду бойлоп дарактар. (Шайлообек Дүйшеев)
Шул талаанын беш көкүл кыздарындай,
каткырыгы гүлдөрдүн шарактады.
Куу сөксөөлдөр, шыбактар, жашаң чөптөр,
кулактары делдейип карап калды.
Гөзөлдүктүн шаасы, падышасы,
гүлдөр бүгүн өзгөчө өң-маанайда.
Майрам күнкү көйнөгүн кийип алып,
мотураңдап жөнөштү алда кайда. (Абдилат Дооров)
Жаздын таттуу...
Эртеңкиси, күүгүмү,
Жаздай сүйсөм бардык жашаар күнүмү!
Ташка тийип сынган болот үнүндөй,
Кулагымда шыңгыр эткен бир үнү.
Жаздын алтын...
Эртеңкиси, күүгүмү!
Жаздай сүйсөм, барлык көрөөр күнүмү!
Чөнтөгүмдөн сууга түшкөн дүйнөмдөй
Кулагымда шылдырт эткен бир үнү... (Алыкул Осмонов)
Жаз – жашоо жаңы төрөлгөн,
Жазды анан жакын көрөм мен.
Жаз мага – мээрим, жылуулук,
Апамдай бала өңөргөн...
Төгүлгөн жаздын күнүндө,
Төгүлгөн жанга жолуккам.
Теребел жашыл, талаа жаш,
Гүл терем... Аппак жоолукчан. (Жазгүл Жамангулова)
Асыл гүлүн жеримдин үзбөгүлө,
Ата жолун улантып, түздөгүлө.
Карайлатып калкымды, тумчуктурбай,
Караӊгыдан жарык нур издегиле.
Жалгыз талды «жалгыз» деп кыйбагыла,
Жалгыз өлсө, кемсинтпей ыйлагыла.
Алсыз, күчтүү экен деп, бөлүп-жарбай,
Ар бирөөнүн кадырын сыйлагыла. (Сулайман Рысбаев)
Сагындым жазды, сагындым талаа гүлдөрүн,
Сагындым тоону, сагындым торгой үндөрүн.
Кадырын жаздын биринчи билдим мен бүгүн,
Кайдасың, жазым, кайдасың, менин сүйгөнүм?
Арманым күчөп, арылбай койдум санаадан
Аппак гүл издеп аргымак чапкам талаадан.
Ызгаары кыштын ызалап мени баратат,
Кайдасың, жазым, кайдасың, менин садагам? (Биримкул Алыбаев)
Үркөрдөй гүлүң жыбырап.
Үзалбай жүрөк тыбырап.
Үзбөчү мени дегенсип,
Үлбүрөп турду шыбырап.
Көрсөм да сени кечигип,
Көңүлгө алдым көчүрүп,
Өзүңдү көрбөй өткөргөн,
Өмүрдү койдум өчүрүп. (Темирбек Алымбеков)
Караанына канча кылым көмүлгөн,
Калдайышып калың ойго чөмүлгөн.
Ушул тоолор кыргыз менен тең келип,
Улуулукту мурас кылган теңирден.
Ушул тоолор унчукпаган мелтиреп,
Узун жолду көз алдыма келтирет.
Ушул тоолор дастандарда айтылып,
Ушул тоолор комуз болуп чертилет. (Шабдан Сулайманов)
Гүл болуп калды айланам,
Гүл жыты кошо келгенин!
Атасы – тоодой көрүндү сүрдүү,
Апасы – назик булактай,
Баласы – кооз балаты.
Кооздукка мени бөлөшүп,
Эрмектеш болдук далайга...
Ээрчишип үчөө келишип,
Ээрчишип кайра кетишти. (Венера Бөлөкбаева)
Сирендер тереземдин түбүндөгү,
Бажырап тегиз гүлүн ачып жатса,
Сен жоксуң сагындырып бейдарегим,
Мен сени күтүп жүрөм ушул жазда.
Булуттар түшүп келип бийиктиктен,
Чаңкаган талааларга кучак жайды.
Сен жоксуң, экөөбүздүн ортодогу,
Жамгырга жуулган жолдор бопбош жаты.
Сен неге келген жоксуң ошол күнү?.. (Зинакан Пасаңова)
Сырым сезген сырдашымдай жел мени
Сыдырымга сылап жүзүм термеди.
Сагынычка толуп турган убакта
Кандай ырахат! Көктөм жаздын келгени.
Келдин мына! Көңүл сырын эзгендей
Күттүм сени! Жолугушчу кез келбей
Жамгырыңды жөлөк кылдым жаныма
Жабыкканым жалгыз өзүң сезгендей. (Калича Жакыпова)
Алыстыктан көркөмүңө көздү алдап,
Албырасың, алоолонгон кызгалдак.
Аныңа мен чын пейилден суктанып,
Албайм көзүм, шашып келдим ыкчамдап.
Кооздугуңа таазим кылып жүгүнө,
Карап турдум көпкө чейин үңүлө,
Тартып бери искээримде жытыңдан,
Таажыларың жерге түштү күбүлө. (Шакен Мамбетаипова)
Манаттай асман кызарып
Магдырап барат айланам.
Чачырайт көбүк бетиме
Чамынып аккан дайрадан
Муңайым тартып угулат
Булбулдун үнү сайраган.
Жалбыздын жыты буруксуйт
Жаныңа жыпар чачкандай.
Торгойлор тынбай таңшышат
Токтогул күүсүн тарткандай.
Кыналат гүлгө көпөлөк
Кыз менен жигит жаткандай. (Жоомарт Бөкөнбаев)
Магдырайт бүтүн айлана,
Көшүйбүз көңүл жайлана.
Эсенгиреп узакка,
Элеске турдум байлана.
Узакка карап турдум мен,
Чамынып аккан дайрага.
Ушундай чиркин дүйнөгө,
Жаралып келсек кайрада. (Рамис Рыскулов)
Бүгүнкү таң кечээкиден башкача,
Бүтүн дүйнө толуп турат мээримге.
Таңдын нуру күндөн түшүп капкачан,
Там башында мышык сымал керилет.
Жерди жапкан кыштын аппак шейшеби,
Ар жеринен олурайып жыртылган.
Уйку менен жаткан дүйнө кечээги,
Бүгүн толгон жаздын жыпар жытына. (Абдысамат Сарала)