Жеңиш багындагы гүлбакча

Жармаңкедеги гүлдөрдүн баасы 100 сомдон башталат. Сейрек кездешчүлөрдүн баасы 2 миң сомго чейин жетет. 

Жеңиш багында өтүп жаткан гүлдөрдүн жармаңкеси 1-апрелде башталган. 

Жармаңкеде үй шартында өстүрүлгөн гүлдөрдүн 200дөн ашык түрүн көрүүгө болот. 

Надира Аргынбекова жармаңкеге гүлдүн 200 түрүн алып келген бул жармаңкеге ал төрт жылдан бери катышып келет. 

Жармаңкеде тырмактай болгон гүлдөрдү да тапса болот. Бул голландия кактусунун баасы 120 сом.  

Мырзалар Голландиядан келген гүлдүн түрүн таңыркап карап жаткан чагы. 

Голландиядан алынып келинген Эсивилия гүлү. Ал күнөстүү жерде да, көлөкөдө да жакшы өсүп, сууну көп жактыра бербейт. 

Арчанын көчөттөрү. 

Жармаңкеден кактустардын түрүн тапса болот. 

Жармаңкеде гүлдөрдүн жакшы өсүшүн камсыз кылган атайын азыктарды, байытылган топурактарды тапса болот. 

Бул Андерсондун "Saxifrage" (таш жаргыч) гүлү. Ал катаал шартта өскөн гүлдөрдүн бири. Тоо этектеринде, аскаларда көп өсүп, тамыры таштарды жарып чыгат. Ошол себептүү аны таш жаргыч деп атап коюшкан. Учурда бул гүл үй шартыда көп өстүрүлөт. 

Герань - пайдалуу гүлдөрдүн тизмесине кирет. Герань абадагы микробдорду (стрептококк, стафилококк) өлтүргөндөн сырткары стресске каршы жана адамды эс алдыруучу заттарды бөлүп чыгарат. 
 

Колго өстүрүлгөн гүлдөрдүн жармаңкеси 30-апрелде жыйынтыкталат. 

Катаал шартта өскөн гүлдөрдү өз табитиңе жараша бир идишке топтоп, кооздоп алсаң болот.