Өспүрүм өмүрүн кыйган мушташтар

16-сентябрдын кечинде Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районундагы №38 мектебинин жана андан көп алыс эмес Ш.Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв мектебинин окуучулары мушташ чыгарган.

Акыркы айда эле өспүрүмдөр ортосундагы мушташ айынан эки окуучу каза болуп, бир нечеси ооруканага түштү. Дагы эки окуучу оор кылмыш кылганы үчүн камакта жатат.

Бүгүнкү күндө эмнеге өспүрүмдөр арасында агрессия күчөдү? Анын себептери эмнеде, алдын алуу чаралары кандай болушу керек?

Психологдор окуучулар дээрлик бардык эле мектептерде улуулардан запкы көрөрүн айтышат. Бирок ыдык көргөн бала бул тууралуу башкаларга билдиргенден коркот экен.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өспүрүм өмүрүн кыйган мушташтар

Милиция болсо жаштар арасындагы жаңжалдар жашыруун түргө өтүп кеткенин билдирүүдө. Ошол себептүү өспүрүмдөр катышкан чыр-чатактын алдын алуу кыйын. Адистер белгилегендей чырды териштирүүнү милиция аягына чыгара электе эле, ата-энелер ич ара сүйлөшүп, “кыргызча” бүтүрүп алган учурлар көп кездешет. Ошондон улам, өспүрүмдөрдө "кылмыш кылсак, баары бир ата-энем куткарып алат" деген ишеним калыптанып баратат",- дейт укук коргоо кызматкерлери.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өспүрүм өмүрүн кыйган мушташтар (2)

Мугалимдер балдардагы агрессияны үй-бүлөдөгү турмуш менен түздөн түз байланыштырат. Үй-бүлө курган жубайлар баланы сабырдуулукка, толерантуулукка тарбиялоодон аксашууда. Окуучулардын чатагы коомчулукка чыгып кеткен күнү ал мектептин жетекчиси жумуштан алынат. Ошондон улам көпчүлүк учурда мектеп жетекчилиги да көйгөйдү жашырат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өспүрүм өмүрүн кыйган мушташтар (3)