Эгиздер аянтка чогулду

Баялы менен Мырзалы. 

Иш-чарага катышкан эгиздердин арасында Асан Үсөн, Батма Зуура деген аттар сейрек кездешет. 

Эгиздердин фестивалына 200дөн ашык эгиз балдар, кыздар жана үч, төрт эм балдар катышты.  

Кымбат менен Сымбат Бостонбаевдердин үй-бүлөсүндө тогуз баладан кийин жарыкка келишкен.

Аман менен Эсен. 

Эгиздер Арслан менен Руслан Батма, Зуура деген кыздар менен баш кошуп, азыр бактылуу үй-бүлөлөрдөн. 

Чемпион Жанарбек Кенжеевдин эгиздери Нурсултан менен Дастан. 

Бул төрт эм 2015-жылы төрөлүп, аларга ошол кездеги эл башчылардын аттары ыйгарылган.  Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек жана Камчыбек азыр төрт жашта. 

Эгиздердин урматына уюшулган майрам. 

Актан менен Акылай. 

Кыргызстанда акыркы убактарда эгиз, үч жана төрт эм наристелердин көп төрөлүү тенденциясы байкалууда дейт иш-чаранын уюштуруучулары. 

Ата-эне дайыма балдарынын сүрөткө жылмайып түшүүсүн каалайт. 

Эгиз балалуу энелер. 

Бактылуу үй-бүлө.

Эгиздердин багуу эки эсе түйшүктүү. 

Бал жыттанган балакайлар. 

Бөбөктөр Амия менен Асия. 

Бишкекте өткөн эгиздердин фестивалына 200дөн ашык бала катышты.