4-июнда Асейин Саралаев аттуу интернет колдонуучу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Улуттук коопсуздук комитетине кайрылуу жолдогон. Анда ал Кыргызстандын желегин мазактап, комментарий жазган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүүнү атайын кызматтардан талап кылган.
“Рамазандын ыйык күндөрүндө көп нерсеге көз жуумп сабыр кылганды үйрөнгөн элек. “Жаман улут болбойт, жаман адам бар” деген сөз бар эмеспи. Мына минтип айрымдардын жазгандарын окуп, сабырым түгөндү. Урматтуу чекисттер! ВКонтакте сайтында А.А. деп катталган жарандын ким экенин тастыктап чыгып, мыйзам чегинде чара көрөсүздөр деп ишенем. Бул киши ар бир сөзү үчүн жооп бериши керек” деп жазылган Фейсбуктагы кайрылууда.
Көп өтпөй буга Ички иштер министрлигинин терроризм жана экстремизм менен күрөшкөн 10-бөлүмү реакция жасап, жарандарды таап чыккан. Учурда козголгон кылмыш иши боюнча бардык материалдар тергөө органдарына юридикалык баа берилүү үчүн жөнөтүлгөн. Бул окуя тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын инспектору Эрнис Осмонбаев төмөнкүлөрдү билдирди:
- Кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин “улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган иш-аракеттери” деген пункту менен айыпталып жатышат. Эгер алар күнөөлүү деп табылса, 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн. Ошондуктан биз эскерте кетет элек, регион же улуттар аралык жек көрүүнү козуткан билдирүүлөрдү жазгандар сөзсүз жазаланат.
ИИМ өкүлү кылмышка шектелип кармалгандардын тек-жайын ачыктаган жок. Алардын аты-жөнү, жактоочулары тууралуу "Азаттык" да так маалымат таба элек.
Күнөөнү далилдөө оңой... эмес
Кыргызстанда интернет айдыңдын так укуктук аныктамасы жок. Андыктан социалдык тармактарга эмнени жазууга тыюу салынганы тууралуу так мыйзам каралган эмес.
Кырсыкты табалаган ташбоордук
"Медиа полиси институту" коомдук фондунун директору Бегайым Усенова улут аралык жек көрүүнү козутууга айыпталгандардын күнөөсүн далилдөө оңой иш эмес экенин айтууда. Мыйзамга ылайык айпталуучу жазган комментарийи жек көрүүнү козутарын жана терс кесепеттер менен коштолорун толук түшүнүп жазган учурда гана күнөөлүү деп табылат.
- Кылмыш кылып жаткан адам анын иш-аракеттери коомчулукка коркунуч туудурарын түшүнүшү керек. Экинчиден, анын кесепеттерин түшүнүшү керек. Үчүнчүдөн, анын аракеттери дал ошол күтүлгөн кесепеттерге алып келишин каалашы керек. Мындайча айтканда, аны кылмышкер деп таануу үчүн анын көздөгөн максаты - улут аралык жаңжал чыгаруу болушу керек. Биздин укук коргоочулар көп учурда атайлап эмес, болгону эмоцияга алдырып, ойлонбостон сүйлөп же жазып койгон эле билдирүүлөргө ашкере көңүл буруп, аны кылмыш катары сыпаттай беришет.
Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши 2012-жылы "Рабат иш планы" деп аталган документти ратификациялаган. Ага ылайык Улуттар уюмуна мүчө өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан да кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган билдирүүлөр менен жөн гана административдик же жарандык жоопкерчиликке гана ээ болгон билдирүүлөрдү так айырмалап билиши керек.
Июндун башында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет Фейсбуктун колдонуучусуна карата “этностор аралык кастыкты козуткандыгы” үчүн кылмыш ишин козгоп, ал иш боюнча дагы алты адам суракка чакырылган.
Ага чейин Улугбек Бабакуловго айып тагылып, анын “Фергана” сайтына жарыяланган макаласы экстремисттик деп табылып, Кыргызстандын аймагында ал сайтка бөгөт коюлган. Жыл башында комитет президент Алмазбек Атамбаев тууралуу терс пикирин жазган 45 интернет колдонуучуну суракка чакырган.