Алты жашар сүрөтчү кыздын көргөзмөсү
Cюзаннанын апасы Жылдыз Бекбаева кызындагы кызыгууну өөрчүтүү, дем-күч берүү максатында 23-январь күнү үйүнө Сюзанна тарткан сүрөттөрдү илип, көргөзмө уюштуруп берди.
Көпөлөк.
Сюзанна тарткан ханыша.
Кичинекей сүрөтчү канаттууларды жана жаныбарларды тартканды жакшы көрөт.
Сюзанна тарткан күн желе.
Жаш сүрөтчү конокторуна сүрөттөрдүн тарыхын айтып берүүдө.
Сүрөт көргөзмөгө келген жеткинчек.
Кичинекей сүрөтчү кыздын апасы балдардын жөндөмүнө көңүл буруп, аларга колдоо көрсөтүү мамлекеттин келечегине да кам көрүү болуп саналарын айтат.
Сюзананнын коноктору да сүрөт тартууга кызыгып калышты.
Сюзанна сүрөт көргөзмөсүнө чогуу окуган классташтарына, досторуна атайын чакыруу берди. Чакыруу кагаздарды да өзү жасап, жазып, таратып чыккан.
Сюзанна алгачкы көргөзмөсү уюштурулганына кубанычта. Конокко келген досторуна тарткан сүрөттөрүн көрсөтүп, андан соң чогуу сүрөт тартууга чакырды.
- Азыр жаш балдарды гаджеттерге кирип кетти деп арызданган ата-энелер ушинтип балдарынын жөндөмүнө жараша алардын кызыгуусун карап көрүп, убактысын пайдалуу жактарга багыттап койсо болот,- дейт Сюзаннанын апасы Жылдыз айым.