Калыс саясатчы, ишкер жана акын өттү

Чыныбай Турсунбеков.

Парламенттин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков 60 жаш курагында катуу оорунун айынан дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү 7-июлда «Ала-Арча» мамлекеттик көрүстөнүндө жерге берилди.

Алгач ишкерлик менен алектенип, кийинчерээк саясатка кызуу аралашкан, бир канча ыр жыйнагын чыгарган Чыныбай Турсунбеков Кыргызстанда либералдык реформаларды өнүктүрүүгө тилектеш болуп, демократиялык баалуулуктарды, сөз эркиндигин сүрөп келген.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, парламенттеги КСДП фракциясынын мүчөсү, акын, илимпоз жана ишкер Чыныбай Турсунбеков 6-июлдун кечинде каза болду.

Чыныбай Турсунбеков менен ийиндеше иштеген Жогорку Кеңештеги кызматташтары ал парламентаризмди өнүктүрүүгө, ачык коом түзүүгө аракет кылган, ар тараптуу билимдүү депутат, парламенттин төрагасы болуп турганда калыс спикер болгонун айтып эскерип жатышат.

Парламенттин депутаты Садык Шер-Нияз Чыныбай Турсунбеков жөнүндө айтып жатып, 2016-жылдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен «Ата Мекен» партиясы тирешип турган учурларды эстеди. Садык Шер-Нияз Турсунбековдун парламент төрагасы катары калыстыктан тайбаганына азыркыга чейин баа берет.

Садык Шер-Нияз.

«Фракциянын башына мүшкүл түшүп, Текебаевди камап, башкалардын үстүнөн кылмыш иши козголгон учурлар болгон. Ошондо Чыныбай Акунович демократиянын туу чокусун көрсөткөн. Кайсы депутат болбосун сөз берип, түшүнүү менен кабыл алган. Спикерге депутаттар ачуу сөздөрүн айтып жиберишет, ошолорду токтоолук менен көтөргөн.

Акын-жазуучулардын кейиштүү тагдырлары, аларды колдоо жөнүндө ой калчаганда пикирлерибиз бир чыкчу. Ичи терең, интеллектиси ​бийик адам гана чыгармачылык жөнүндө ушундай ойлонот. Менден кийин «Ким менен иштегенсиң?» деп сураса эң биринчи Чыныбай аганы айтам. Айла жок, алдырып отурабыз», - деп жоктоду ал.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да Чыныбай Турсунбеков саясий жолунда кандай гана учур болбосун калыстыкты карманууга аракет кылганын өзгөчө белгилейт. Маселен, Турсунбеков 2017-жылы президенттик үчүн атаандаш талапкер катары ат салышууга ниети бар экенин айтып чыккандан кийин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси сууй түшкөнү белгилүү. Бирок кийин жаңы бийлик тушундагы Атамбаевдин башына иш түшкөндө калыс сөзүн аяган эмес экен.

Өмүрбек Текебаев.

«Чыныбай ар дайым объективдүү позицияда турганга аракет кылар эле. Убагында Атамбаевге да бир топ каршы болор эле. Мени колдоп жүргөндүктөн Атамбаев жини келгенде «Чыныбай Чиркешович!» деп коёр эле. Кийин Атамбаевдин башына иш түшүп, Кой-Ташта жашынып жатканда башкаларга окшоп Атамбаевди жамандап кеткен жок. Баарына бирдей мамиле кылып, калыс көз карашты кармана билчү эле.

Чыныбай ишкер болгондон кийин чоң уюштуруучу болчу. Биз аны аткаруу бийлигине барып өз жөндөмүн көрсөтөт деп жүрчүбүз. Чыныбай Акунович өкмөт курамында бир топ иштерди жасоо мүмкүнчүлүгү бар болчу. Эми ал үмүт болбой калды...» - деди Текебаев.

Чыныбай Турсунбековдун позицияга бекемдигин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баласы Кадырбек Атамбаев да жазды. Кадырбек Атамбаев Социал-демократтар партиясынын атынан кайрылуу таратып, Чыныбай Турсунбеков атындагы жылына тапшырылуучу сыйлык уюштуруларын билдирди.

Буга чейин айтылгандай Чыныбай Турсунбеков 2017-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы төрагасы болуп турган кезде президенттик шайлоого да катышуу ниетин билдирген. Анын бул ниети ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин айланfсындагы күчтөрдүн ичинде жана ошол убакта бийликте турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) ичинде чоң талкуу жараткан жайы бар. Бирок кийинчерээк Чыныбай Турсунбеков кеңешүүнүн натыйжасында президенттик жарышка чыгуу ниетинен кайтканын жарыялаган.

Чыныбай Турсунбеков саясатка келгенче өлкөдөгү ири ишкерлердин бири болгону маалым. Ал 2010-жылы КСДПнын тизмеси менен парламент депутаттыгына шайланып, фракцияны жетектеген. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо да социал-демократтардын тизмесин жетектеп барып, кайрадан фракция лидери болгон.

2016-жылы ал кездеги спикер Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке бекигенине байланыштуу өз арызы менен кызматтан кеткенде Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Турсунбеков: Мен кызмат үчүн соодалашпайм

Жаш депутаттардын бири Элвира Сурабалдиева Чыныбай Турсунбеков менен 2005-жылдан бери тааныш. Сурабалдиева Турсунбековдун саясаттагы жолу жаш саясатчылар үчүн үлгү болуп калаарын билдирди:

Элвира Сурабалдиева.

«Парламентте аброю бар болчу. Саясатта интрига көп, көзүңө бирди айтып, мындайда бирди айткандар көп. Чыныбай Акунович андай кир оюндарга аралашкан жок. Спикер, фракция лидери да болду. Жаштарга колу ачык болуп, эч качан кеңешин аябай, саясаттагы окуяларды ачык айтып берчү. Мен саясатта жүрүп көрдүм, далай кишилердин байлыкка, бийликке жеткенден кийинки мүнөзүн көрдүм. Ал эми Чыныбай Акунович мен тааныган 15 жылдан бери бир калыпта жүрдү».

Чыныбай Турсунбеков жергиликтүү журналисттер менен болгон маегинде жогорку кызмат тууралуу мындай дегени бар:

«Мен бийликтин деле баш айландыруучу эч нерсесин көргөн жокмун. Мен эми кошоматка муктаж адам эмесмин. Өз жашоомду өзүм түзүп алгам. Эч ким жардам берген эмес. Ошол жашоомдон ыракат алам. Кошомат кылган он адам тегеректеп алгандан көрө он китеп окуганым жакшы. Жашоо түшүнүктөрүм ушундай».

Чыныбай Турсунбековдун бир нече ыр жыйнактары чыккан. Андан тышкары ал орус тилинен Николай Рубцовдун, түрк тилинен Осман Түркайдын айрым ырларын, түрк жазуучусу Нихал Атсыздын «Көкжалдардын өлүмү» романын, ошондой эле Түрк Тил курумунун тапшырмасы менен «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» деген аталыштагы эки томдукту кыргыз тилине которгон.

Ал саясат менен кошо чыгармачылыгын таштабады, айрым учурда парламент залында көйгөйлөрдү ырга салып ийчү.

«Өф – өф түтүн, өф түтүн, өз шаарыңан көч бүтүн,

Өлүм алып келем деп, өжөрлөнөт көк түтүн.

ТЭЦтен чыгат көк түтүн, мештен чыгат көк түтүн,

Машинелер чубаса, чубайт арттан көк түтүн.

Өф – өф түтүн, өф түтүн, өлүп кеткир көк түтүн,

Өрдөп мурун-жүлүндү, өпкөбүзгө өч бүтүн.

Күнү каптайт калааны, түнү каптайт калааны,

Түйшүк кылып алдык биз, түтүн деген балааны».

Турсунбеков бир катар акын-жазуучуларга жана башка айдыңдарга чыгармачылыгын колдоо үчүн демөөрчүлүк кылып келгени, ЖОЖдордун профессорлоруна, окумуштууларына Ысык-Көлдөгү «Акун» эс алуу жайында жайкысын эс алууга жыл сайын шарт түзгөндүгү маалым.

Президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, спикер Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин көңүл айтуусунда «Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы катары парламентаризмдин өнүгүшүнө, эл аралык парламенттик байланыштардын жайылышына, эл аралык кызматташууга өзгөчө салым кошту» деп айтылат.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Чыныбай Акун уулу Турсунбеков 6-июлда түнгө маал пневмониядан көз жумду. Буга чейин Чыныбай Турсунбеков эки өпкөсү кагынып, Бишкектеги Улуттук госпиталда дарыланып жаткан болчу. Акыркы күндөрдө анын абалы оор экени жана жасалма дем алдыруу аспабынын (ИВЛ) көмөгү менен дем алып жатканы айтылган.

Чыныбай Турсунбеков 7-июлда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатууга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Таалайбек Масабиров, Дастан Бекешев, cаламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана башка коомдук ишмер, саясатчылар барышты.

Чыныбай Акун уулу Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин, 2002-жылы Бишкек шаарындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык дипломдору менен аяктаган.

1993-1994-жж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, 1995-1997-жж. ТИКА кызматкери, «Манас-1000» Мамлекеттик комитетине караштуу Түркиядагы «Манас дастаны» филиалынын директору болуп иштеген.

1993-1996-жж. ал «Азаттык» үналгысынын Түркия боюнча сырт кабарчысы да болуп, кыргыз-түрк алакалары, Түркиядагы кыргыз диаспорасы тууралуу берүүлөрдү ырааттуу обого чыгарган. 1997-жылы ал Кыргызстанга кайтып келип, «Акун» фирмасын негиздеген. Ошондон баштап «Акун» фирмалар тобун жетектеп турду. 2003-жылы ал Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгына ылайык эгемен Кыргызстандагы экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган. Артында эки кыз, бир уулу калды.

Турсунбеков өлкөдөгү курчуган пандемиядан көз жумган экинчи мурдагы парламент спикери болуп калды. Буга чейин, 24-майда Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасында мурдагы Жогорку Кеңештин төрагасы Мукар Чолпонбаев 70 жашында көз жумган. Коронавирус жуккан маркумдун эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулары өтүшүп кеткенден көз жумганы кабарланган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​