Конституциялык палата макам маселесине чекит койду

Конституциялык палатанын коллегиясы. 24-октябрь, 2019-жыл.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин өтүнүчүн четке кагып, 2019-жылдагы «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга ылайык деп тапты.

Бирок Конституциялык палата «учурдагы президент экс-президенттен кепилдикти алат» деген эреже Баш мыйзамга дал келбейт деген чечим чыгарды.

Атамбаевдин тарапташтары Конституциялык палатанын бүтүмүн бийликтин тапшырмасы катары баалап, аталган орган кайсы гана бийлик болбосун алардын мыйзамсыз иштерин мыйзамдаштырып келгенин айтып жатышат.

«Чечим акыркы, даттанууга жатпайт»

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын арызын караган соттук жыйынга эки судья катышкан жок. Алардын бири Эркинбек Мамыров 23-октябрда Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнүн өтүнүчү менен соттук коллегиядан чыгарылса, Чолпон Осмонова ооруп калганына байланыштуу 24-октябрдагы жыйынга келген жок.

«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» быйыл кабыл алынган мыйзамдын нормалары Конституцияга шайкеш келери тууралуу соттук коллегиянын чечимин судья Эмил Өскөнбаев окуду.

Эмил Өскөнбаев

- Жогорку соттун Конституциялык палатасы төмөнкүдөй чечимге келди: «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзам «президенттин актысы менен» деген сөздү көңүлгө алуу менен Конституциянын 16-20-35-42-52-74-беренесине каршы келбейт деп табылсын. Экинчиден, «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдагы «экс-президентке мыйзамда каралган бардык кепилдиктер, республикалык бюджеттин эсебинен материалдык жана башка камсыздоолор президенттин актысы менен ишке ашат» деген жобо Конституциянын 5-64-беренесине каршы келет деп табылсын. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт жана жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эми Конституциялык палатанын чечимин жалпак тил менен түшүндүрсөк.

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары «Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамдагы «экс-президенттер мамлекеттик бийлик органдарында саясий, мамлекеттик кызматтарды ээлей албайт, саясий партияларда жетекчи болууга же башка партиялык иштерге аралашууга акысы жок. Бул милдеттерди аткарбаган шартта экс-президент мыйзамда каралган бардык кепилдиктерден ажыратылат, республикалык бюджеттин эсебинен материалдык жана башка камсыздоосу токтотулат» деген нормаларды конституциялык эмес деп табууну суранган.

Экинчиси - экс-президенттин макамын алуу боюнча мыйзамга байланыштуу. Кайрылуучу тарап «Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамга быйыл киргизилген өзгөртүүлөр 2007-жылдан тарта иштетилет деп калганы Баш мыйзамга каршы келет деп эсептейт.

Соттук коллегия Атамбаевдин тарапташтарынын негизги эки арызын тең четке кагып, «учурдагы президент экс-президенттен кепилдикти алат» деген эреже гана Конституцияга дал келбейт деген чечим чыгарды.

КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков Конституциялык палатанын бүтүмү боюнча буларга токтолду.

Нурбек Касымбеков.

- Биз мыйзамдагы жаңы нормалар Жогорку Кеңешке, башкы прокурорго жаңы милдеттерди жүктөп жатканы боюнча жүйөлөрдү бердик. Жаңы милдеттер жүктөлгөнүн жооп берүүчү тарап да моюнуна алды. Конституцияда болсо «мыйзамда жаңы милдеттер жүктөлгөн болсо ал мыйзам артка иштебейт» деп жазылып турат. Бирок ага карабастан Конституциялык палата ушундай чечим кабыл алды. Мурунку мыйзам боюнча экс-президентти тергөөгө мүмкүн эмес болчу. Ал эми жаңы мыйзамда кол тийбестиги алынса суракка алынат. Алмазбек Атамбаев буга чейин «Жогорку Кеңеш Конституцияга каршы келген мыйзамды кабыл алды» деп жаткан. Бирок Конституциялык палата бүгүн аны мыйзамдуу деп тапты.

Экс-президенттерге берилген артыкчылыктын тарыхы 2003-жылга барып такалат. 2003-жылдагы Баш мыйзамдын 53-беренесине экс-президенттин чексиз кол тийбестик укугу кирип, кийин ошол эле ченем «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесинде көрсөтүлгөн.

Дагы караңыз Атамбаевдин макамы жана укугу


Экс-президенттин өзгөчө артыкчылыктарын караган укуктук ченем 2007-жылы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилген учурда эле алып салынган. Бирок буга байланыштуу мыйзам кала берген. Аны Конституцияга шайкеш келтирүү боюнча 2012-2014-жылдары мыйзам долбоорлору сунушталып, бирок орто жолдо калган.

Быйыл майда «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилип, андагы экс-президенттин чексиз кол тийбестигин караган 12-берене алып салынган. Мыйзамдын демилгечилери Конституцияда экс-президенттерге берилген абсолюттук кол тийбестик 2007-жылы эле алынганын, андыктан мыйзам ошол жылдан тарта иштеши керектигин жүйө кылышкан.

Ушул мыйзам кабыл алынган соң 27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Парламенттин мындай чечимин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев таануудан баш тартып, анын тарапкерлери Конституциялык палатага кайрылышкан.

КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Конституциялык палатанын чечимин мындай баалады.

Кундуз Жолдубаева.

- Конституциялык палата саясий буйрукту аткарды деп эсептейбиз. Кыргызстандын тарыхында Конституциялык палата Акаевдин, Бакиевдин учурунда бийликтин куралы болуп, мыйзамсыз иштерин мыйзамдаштырып берип турган. Бүгүн да биз ушундай тарыхый чечимге күбө болдук.

Конституциялык палата экс-президенттин чексиз кол тийбестигин алган мыйзам кабыл алынардан бир жыл мурун, башкача айтканда 2018-жылдын 3-октябрында «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндө» мыйзамдын 12-беренеси Баш мыйзамга каршы келет деген чечим чыгарган.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Конституциялык палатанын бул жолку чечими тууралуу комментарий берди.

Клара Сооронкулова.

- Конституциялык палата тарыхый чечим кабыл алып туруп эле, 2007-жылы Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык экс-президенттердин чексиз кол тийбестиги жок деген чечимди буга чейин эле кабыл алышы керек болчу. Бирок ортодо саясатташып кетти. Ал эми бул жолку чечими туура. Болгону келтирген жүйөлөрү бир аз жетишсиз.

Ал эми юридика илимдеринин кандидаты, эксперт Нурлан Исмаилов «Азаттык» менен болгон маегинде бул чечимдин мааниси чоң экенин түшүндүрдү:

- Бул жерде жөнөкөй же тарыхый чечим эмес, дүйнөлүк юриспруденциянын принциби жөнүндө сөз болуп жатат. Ал 1646-жылы Англияда бекитилген «мыйзамдын кайтарымдуу күчү жок же артка иштебейт» деген принцип. Кийинчерээк АКШнын 1787-жылдагы Конституциясына киргизилген эле. Ошондуктан бул жерде маселе Атамбаев же Сооронбай Жээнбеков жөнүндө эмес, тарыхта Кыргызстандын укуктук системасын бузуу аракети болуп калат. Мен юрист катары дүйнөлүк эң негизги юридикалык принциптердин бузулушуна кейип жатам.

Алмазбек Атамбаев экс-президент деген макамдан ажыратылышы боюнча Конституциялык палата чечим чыгармайынча кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөгө күбө катары барбай турганын билдирип, суракка чакырууну мыйзамсыз деп айткан.

Бул окуялар өнүгүп отуруп, 7-8-августта мурдагы президентти тергөөгө күч менен алып келүү аракети башаламандык менен коштолгон. Анын жыйынтыгында УКМКнын «Альфа» атайын тобунун бир кызматкери курман болуп, 175 киши жаракат алып ооруканага кайрылган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Атамбаевдин макамын алуу мыйзамдуу деп табылды

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.