Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевден "экс-президент" макамын алып салуу демилгеси көтөрүлдү. Бул багытта мыйзам долбоорун даярдап жаткан депутат Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” маек курду.
- Сиз “Президент жөнүндө” мыйзамды даярдап, мурдагы эки президенттен “экс” макамын алып салууну сунуштап жатасыз. Бул маселе эмне себептен ушул маалда көтөрүлүп жатат?
- Мурун эки мыйзам болгон: “Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги” жана “Экс-президент, биринчи президент жөнүндө” мыйзамдар. Баарын бириктирип, азыр “Президент жөнүндө” мыйзам иштелип чыгып жатат.
Бул мыйзамда президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери берилет. Жаңы шайланган президент кызматка, такка кантип отурат? Мурункусу кантип кетет? Кеткенден кийин анын макамы кандай болот? Мына ушулар аныкталган болот.
Экинчи бөлүгү, президент болгондон кийин президентке кандай чектөөлөр коюлат? Мисалы, президент Кыргызстанда төрага же премьер-министр жок болсо, сыртка чыгып кете албайт деген чектөө киргизилгени жатат. Мындан алты ай мурун төрагасы да, президенти да, премьери да чет жакка учуп кеткен учур болду. Кыргызстан башкаруусуз калган. Ушуга окшогон чектөөлөр коюлат.
Андан башка президенттин иштөөсүнүн кепилдиги берилет. Мисалы, президент оппозициядан келип калса, өкмөт менен парламенттеги көпчүлүк акча бербей, өгөйлөтүп, кемсинтип, кысып коюшу мүмкүн. Мына ушулар болбошу үчүн ким президент болсо да анын иштешине кепилдиктер берилип жатат.
Акыркы бөлүмү экс-президенттер жөнүндө. Конституцияга ылайык, кызматтан өз ыктыяры менен кеткен же мөөнөтү бүтүп, абийири менен кеткен президентке экс-президент деген макам берилет. Ал эми өз ыктыяры менен кетпеген президенттерге бул макам берилбейт.
Убактылуу өкмөттүн атайын декрети менен экс-президент деген статус Бакиев менен Акаевден алынып салынган. Мыйзамга дагы мына ушундай норма киргизилгени жатат.
Ушул эле мыйзамдын жоболорунда өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага экс-президент деген статус берилет. Экс-президент мамлекеттик камсыздандыруудан башка, дагы алардын коомдук иш-аракети мамлекет тарабынан кепилденип, алардын тажрыйбасы пайдаланылат. Мисалы, экс-президентти мамлекеттик чоң иш-чараларга сөзсүз түрдө катыштырууну мамлекет өзү милдетин алат.
- Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевден бул макамдын алынышы жана мыйзамга өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, элестүү айтканда, Кыргызстандын 2010-жылга чейинки тарыхы кара бойок менен калды, жаңы тарых апрель окуясынан кийин гана башталат дегенди көрсөтпөйбү? Маселен, жаманбы-жакшыбы Аскар Акаев өлкө үчүн алгылыктуу иштерди жасаган деп эсептегендер бар го.
- Жок, көпчүлүгү түшүнбөй Текебаев Акаев менен Бакиевди тарыхтан чийип койгону жатабы дешет. Тарыхта алар калат. Тарыхта өздөрүнүн ордун алар аныктады.
Кеп экс-президенттин макамы жөнүндө болуп жатат. Экс-президент деген статус өз абийири менен бийликтен кеткендерге, татыктууларга гана берилет. Биринчи учур, мөөнөтү бүтүп кызматтан кеткендер, экинчи учур, өз арызы менен кеткендерге гана берилет. Импичмент болгондо, же өлкөсүн таштап качканда, же күч менен кеткен учурда аларга мындай статус берилбейт. Ошо статус жөнүндө болуп жатат.
Экс-президент статусу үчүн мамлекет айлык берет. Биз Бакиев менен Акаевге айлыгын бирине Беларуска, экинчисине Москвага жеткирип берелиби? Экс-президентти эл жыйналган чоң чогулуштарга чакырып, "мына, биздин аксакалыбыз" дейт. Эмне биз аларды алып келип, төрүбүзгө отургузуп, сыйыналыбы? Алар тарыхта калды. Өзүлөрүнүн ордун алар өз ишмердүүлүгү менен аныкташты.
- Эми алар статустан ажыраса, Кыргызстанга келип калышса, алар кармалабы? Аларга да кандайдыр чара көрүлөбү?
- Бул статус ал маселелерди аныктабайт. Эгерде кылмыш иши козголгон болсо сөзсүз түрдө кармалат. Эгерде кылмыш иши жок болсо алар жаран катары келе берет. Алардан экс-президент деген формалдуу эмес укукту эч ким ала албайт. Бирок мамлекет аларга экс-президент катары камкордук көрбөйт.
- Эми мыйзам долбоор качан кабыл алынат?
- Биздин мыйзам долбоорунун демилгечилеринин көз карашы боюнча жаңы президент такка отурардан мурун кабыл алынып күчүнө кириши керек. Анткени бул жерде президенттик кызматты өткөрүп берүү аземи кандай болот? Анты кандай болот? Президенттин белгилери кандай болот? Ушулардын баары бул мыйзам менен аныкталмакчы.
- Рахмат.