Айдарбековдун Европа сапары

Чыңгыз Айдарбеков.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Мүнхендеги коопсуздук конференциясына катышты.

17-февралда жыйынтыкталган Мүнхен коопсуздук конференциясына дүйнөдөгү 100дөн ашык өлкөнүн лидерлери, дипломаттары, бийлик өкүлдөрү катышты. Анда дүйнөдөгү жана ар кыл чөлкөмдөрдөгү саясий жана коопсуздук маселелери талкууланып, Жакынкы Чыгыш менен Сириядагы абал, Европа менен Ирандын мамилесине чейин талданды.

Тышкы иштер министрлигинен кабарлагандай, бул конференцияга Кыргызстандан тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков баштаган делегация катышты. Анда дүйнөдөгү талылуу маселелер боюнча Кыргызстандын кандай позицияда болгонун тышкы саясий мекеме ачык жарыялай элек.

Бирок кадыр-барктуу жыйындын алкагында кыргыз башкы дипломаты өткөргөн эки тараптуу жолугушууларга көңүл бурулду.

Бул күндөрү Айдарбеков Лихтенштейн, Люксембург, Словения, Чехия, Филиппин, Армения, Грузия жана Ирандын тышкы иштер министрлери менен жолугуп, эки тараптуу мамиле жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашкан.

Дагы караңыз ДСУнун реформасы жана Кыргызстандын ролу

Жолугушууларда конкреттүү келишимге кол коюлган жок. Бирок мындай сүйлөшүүлөр былтыр октябрда ишке киришкен тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа өлкөлөрү менен мамилеге маани берип жатабы деген пикирди жаратууда.

Негизи Чыңгыз Айдарбеков министрликке келгени Европа өлкөлөрүнө көп каттап, жолугушууларды өткөргөнүн байкоого болот. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, былтыр ноябрь айынан бери Европа өлкөлөрүнө бир нече жолу сапар менен барган.

Анын алкагында Брюсселге расмий сапар менен барса, андан соң эки ирет Германияга, Европа Биримдигине, ЕККУга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен бир нече жолугушууларды өткөргөн.

Абдывахап Нурбаев.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев дипломатиялык мекеменин жетекчилиги Европа өлкөлөрү менен кызматташтыкка маани берген аракеттерин байкап жатканын айтууда:

- Ооба, андай аракетти мен да байкап жатам. Бул көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүү аракети деп түшүнүп жатам. Учурда биз Европа Биримдиги менен жаңы келишим түзгөн жатпайбызбы. Ага ылайык, кызматташтыктын деңгээли көтөрүлүп, көп жыйынтыгын көрүшүбүз керек. Анын үстүнө былтыр жазында президент Сооронбай Жээнбеков Евробиримдикке сапар менен барган учурда ал уюмдун жетекчилиги саясий жана башка көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген. Анын негизинде министр иш алып барып жатат деп ойлойм.

Нурбаев айтып жаткан кыргыз президентинин Брюсселге, Евробиримдиктин институттарына сапары былтыр апрел айында болгон. Ал учурда аталган биримдик менен кызматташтыкты тереңдетүү боюнча аракеттер көрүлөрү айтылган. Анын эң башкысы Кыргызстан менен Европа Биримдигинин тереңдетилген кызматташтык боюнча жаңы келишим жөнүндө сөз болууда.

Буга чейин бул келишимдин 90 пайызы макулдашылып, эл аралык келишимдер, соода-экономикалык жана визалык тармакта тактала элек бир нече маселе калганы белгилүү болгон. Бул тууралуу өткөн жылдын аягында Бишкекке келген Евробиримдиктин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Петер Буриан билдирген:

- Жаңы келишим эки тараптуу алаканын өнүгүшү үчүн дагы бекем негиз түзөт деп ишенебиз. Ошондой эле экономикалык кызматташтыкты тереңдетип, реформаларды колдоого алат. Жаңы келишим 70 пайызы дал ушул соода-экономикалык байланыштар жана бизнес климатты жакшыртууга арналган.

Дагы караңыз Кыргыз экспортунун Европадагы таштак жолу

Азырынча эки тарап жаңы келишим быйыл жайында кол коюлат деп үмүттөнүп жатышат. Жыл ортосундагы Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча комиссары Федерика Могерининин Кыргызстанга сапары пландалууда.

Экономикалык байланыш демекчи, төрт жыл мурда Евробиримдик Кыргызстанга «ВСП+» - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат берген. Ушул убакыт аралыгында Евробиримдикке жөнөтүлгөн экспорту эки эсе арбыганы менен кескин секирик байкалбай жатканы айтылып келет.

Бул жаатта Кыргызстан мүмкүнчүлүктү толугу менен пайдана албай, жаңы жетекчиликтин Европага жакындоо аракеттери сезиле электигин айткандар бар.

Маселен, мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев көзгө көрүнөрлүк кадамдар байкалбай жатканын белгиледи:

- Чечкиндүү кадамдарды эсептесек, кайсы бир тарапты көздөй күчтөнүп же мамиле оңолгону боюнча маалыматты ала элекпиз. Мисалы, президент АКШ, Европага сапар жасап, маанилүү дипломатиялык кадам жасаган. Бирок азыр башка мамлекеттик органдардын жаңы бир керектүү салым кошо турган иштери байкалбайт.

Ошол эле кезде Үмөталиев кыргыз тышкы иштер министринин Европага бат-бат каттап, бул чөлкөм менен мамиле түзүү аракетин негизги стратегиялык өнөктөш Орусия жактырбай турганын кошумчалады. Анткени учурда Батыш менен Орусиянын мамилеси начарлап, улам бир санкция киргизилип жаткан учур.

Дал ушундай кырдаалда байкоочулар кыргыз бийлигин көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүү ниети абдан оор болорун белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.