Этностор ынтымагы –– эгемендиктин түркүктөрүнүн бири

Кыргызстандагы жаш юморчулардын “Азия Микс” (Asia MIX) тобунун мурдагы мүчөсү, блогер Ростислав Ященко. 11.10.2020.

Айрым кыргыз саясатчылары эгемендиктен “чарчашканын”, мурдагы метрополия болгон Орусияга “кайтуу керектигин” айтып жатышса, Кыргызстандагы чакан этностордун алдыңкы көз караштагы өкүлдөрү Атажурттун эгемендигин чыңдап, анын демократиялуу өнүгүшүнө салым кошууга чакырышууда. Тарыхчынын блогу.

Калайык зор тилек менен “Үмүт ыңкылабы” деп атаган 2020-жылдын 5-октябрындагы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын ар кыл этносторунун өкүлдөрү да өздөрүнүн жарандык турумдарын ачык айтып жана жазып жатышат.

Алар бийликти жана жарандык коомду тынчтыкка, туруктуулукка жана чыныгы реформага чакырышууда.

Дагы караңыз Үмүт ыңкылабынын жаңы баскычы ой-чабыт ыңкылабы менен улантылат

Ростислав Ященко

Кыргызстандагы жаш юморчулардын “Азия Микс” (Asia MIX) тобуна мүчө кезинде жамы журтка таанылган блогер Ростислав Ященко “Инстаграмда” 11-октябрда жарыялаган видео тасмасында КОВИД маалында Жогорку Кеңеш каникулга чыгып кеткенине, ошондой эле, 4-октябрда өз добушун саткандарга карата жарандык нааразычылыгын билдирди.

5-октябрдагы нааразылык жыйынын ал “үчүнчү революция катары атоого болоорун” айтып, кайра “эми антип атоого да болбой калды го” деп ыргылжың маанайын да кошумча билгизе кетти: “Жаштар, биз, жаңыларды каалаганбыз, эми баягы эле эскилер пайда болду го...”

“Мен үчүн Мирбек Атабеков – жарык нур” деп айтып, Ростислав ырчы Мирбекке адилетсиздик менен курулай асылып чыккандарды (“хейтерлерди”) сынга алды да, Францияда туулган арап тектүү киши өзүн француз деп эсептээрин айтканда, “анда мен деле кыргыз турбаймынбы” деп айттым деп кошумчалай кетти.

Ростиславдын өзгөрүүлөрдү самаган, ойлонгон, жаратман болгусу келген, эркиндикти сүйгөн, аракеттеги жаштар менен эсептешүү керек деген оюна миңдеген кыргызстандыктар тилектештик билдирген каттарын жаадырышты.

Мария Колесникова

Ал эми Кыргызстандагы экологиялык кыймылдарга катышкан жаштардын өкүлү, журналист Мария Колесникова 2020-жылы 6-октябрда “Фейсбукта” төмөнкүдөй жарыяны ортого салды:

“Эгерде сен азчылыкта калсаң, –– ал түгүл жападан-жалгыз калчу болсоң деле, –– мунун өзү сени акылсыз дегендикке жатпайт. Чындык деген бар жана жалган деген бар; эгерде сен ал түгүл бүт дүйнөгө каршы чыгып, чындык тарапты тутуп жатсаң, анда сен акылдан айныган жоксуң”, –– деп Жорж Оруэлл айткан экен.

Мен ар дайым ушул чындыкка ишенип келем. Кандай жагдай келип чыкса да, ал дайыма жүрөгүмдөн түнөк табат.

Менин үмүтүмдө, кечээ (б.а. 4-октябрда) өзүм добушумду берген жаш жана прогрессивдүү кишилер бийликке жемкорлор менен жатып ичерлер келишине мүмкүнчүлүк бербейт...

Байболгурлар, толкундоолорго, кагылышууларга, кан төгүүлөргө жана силерге ишеним арткан калайыктын көңүл калуусуна жол бербегиле...

Ооба, мындай кырдаал улантыла бербеши керек эле. Жээнбеков мурдагы сабактарды өздөштүргөн жок; ал жөн гана чынчыл шайлоо өткөрүү жана Матраимовдун ишин тергөө керек болгондугун анчейин түшүнө берген жок”, –– деди Мария Колесникова.

Шахрух Сайипов

Кыргызстандык өзбек тектүү блогер Шахрух Сайипов (Шохрух Саипов) чакан этностордун өкүлдөрү да Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн жаран катары жигердүү салым кошуусу керектигин баса белгилеп, 2020-жылы 9-октябрда мындайча оюн ортого салды:

Кыргызстандагы өзбек жамаатынын ролу

Азыр, өлкөнүн башка жарандарындай эле, биз, өзбектер да өлкөбүздүн тагдыры үчүн кабатырланып жатабыз.

Этностор аралык жаңжалдар жаатында ар кандай ушак-айың кептерди таркатып жаткандар –– булар кишилер эмес, жөн гана ушул жаңжалга өздөрү кызыкдар болгон макулуктар.

Этностор аралык мамиле темасы ар дайым Кыргызстанда көйгөйлүү болуп келген. Тигил же бул саясий күчтөр өздөрүнүн тар кызыкчылыктарын көздөө менен өзбек жамаатынын сезимдери менен ойноп келишкен. Алар тонналаган убадаларды берип, андан соң таштап кетишчү.

Шайлоо өнөктүгү маалында бийлик да камтылган саясий күчтөр биздин “жолбашчыларды” колдонушту, аларга кол топтоо, паспорт жыйноо, калайыкты чогултуу ж.б. боюнча ар кыл буйруктарды берип жатышты.

Көптөгөн кишилер ар кыл партиялар үчүн иш алып барып, мыйзамсыз түрдө паспортторду жыйнап жатышты жана ар башка партиялардан бул чүн акча алгандыгын мактанып айтып жатышты. Алардын түшүндүрүшүнчө, булар –– бүжөттөн уурдалып кеткен элдик эле акчалар. Ошондуктан бул акчаларды алса болот. Айрымдар бул акчаларды алып, өзгөчө муктаждарга көмөк катары таркатып жатышты. Кишилер өздөрүнө ылайык ар кыл актануу амалдарын ойлоп таап жатышат. Эмнеге алар ушундай иш аткарып, анысы үчүн пара алгандыгынын өзү эле –– арам экендигин аңдашпайт? Силер бул акчага бала-бакыраны тоюндуруп жатасыңар жана эртең эле бул үчүн Кудай алдында жооп бересиңер.

Биздин көшөкөрлөр, “жолбашчыларыбыз”, буйрукту эң мыкты баага аткарып беришти. Ош шаарында байырлаган 1000ден ашуун өзбектер алыскы райондордо шайлоочу катары каттоого турушту; маселен, аларды Кара-Кулжага да ташып жеткиришти. Добуштарды сатып алып жатышты, бири-бири менен мушташа да кетип жатышты. Маселен, Аравандагы “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Илхом Маннанов менен “Биримдик” партиясынан депутаттыкка талапкер Шукурулло Файзуллаевдин жоругун алсак болот. Азыркы кээ бир башка депутаттардай эле, бул экөө тең депутаттыкка татыксыз кишилер. Алар парламенттеги 5 жыл ичинде мектеп окуучусундай жөн эле отуруп келишти. Маннанов бул парламенттеги 5 жылдын ичинде бир жолу да лам деп сүйлөбөдү.

Чакан этностор катмарынан деп шайланып парламентте отурган башка депутаттар деле башкалар талкуулап жаткан тигил же бул тема боюнча жарытылуу пикир айтып чыгууга жарашпады. Алар өздөрүнүн жеке ишкердиги менен гана алектеништи. Алардан элге кымындай да пайда тийген жок.

Дал ушундай кишилердин аркасында шайлоодо “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партиялары жеңип чыгышты. Шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялана электе, ал түгүл, тим эле “анжыян полькасы” бийин бийлеп да жибергенге үлгүрүштү. Бул –– жеңиш, бир жарым айлык иш-аракеттин мөмөсү деп чыгышты. Бул –– силердин жеңишиңер эмес болчу, ал –– жемкорлор менен уурулардын жеңиши болчу. Мына эми дал ушул “жеңиштин” кесепети эмнеге алып келгендигин көрүп турабыз...

Биз, ушул өлкөдө байырлап жаткан өзбектер, өз укуктарыбыз менен милдеттерибизди билүүгө тийишпиз. Кыргызстан –– биздин Атажуртубуз. Өлкөнүн өнүгүшү же начардашы, башка жарандар сыяктуу эле бизден да багыныңкы. Биз мекен сүйөөр болууга тийишпиз жана бардыгына –– саясий, социалдык, экономикалык жүрүмдөргө катышып, өзүбүздүн калыс пикирибизди билдирип турууга тийишпиз.

Дал ушундайча биз Кыргызстандын адилет, бакыбат болочогун кура алмакчыбыз!” –– деп жазды Шахрух Сайипов.

Анын оюн далай кыргызстандыктар колдоого алып, пикир жазып жатышат.

Дагы караңыз Отунбаева, Эркебаев баштаган коомдук ишмерлер медиацияга даяр

Елена Воронина

Кыргызстандагы таланттуу блогерлердин бири, окутуучу Елена Александровна Воронина чет өлкөлөрдөгү көптөгөн тилектештердин Кыргызстандагы желаргыга колдоо көрсөтүп жатканына ыраазы болгон жарандык сезимин 9-октябрда “Фейсбуктагы” жарыясында мындайча жазып чыкты:

“Чөлкөмдөгү шериктер менен Zoom аркылуу жолугушуу мен аянттан үйгө кайткандан кийинки алгачкы мүнөттөрдө эле башталды. Кийим алмаштырып отурбадым. Үнүм калтырайт, видео камераны өчүрүп салдым, саламдашуу сөзүмдү акырына чейин айтып бүткөргөнгө жарабадым да, көзүмдөн жаш он талаа болуп куюлду. Өзүм болсо ушул жолугушуунун модераторумун да! Сүйлөгөнгө дарманым жок. Микрофонду өчүрүп салдым. Караңгы монитордун маңдайында отурам. Анан жолугушуунун уюштуруучусуна текст аркылуу баарлашуу тактасы (“чат”) аркылуу менсиз эле баштай бергиле деп жаза баштадым. Анан капысынан эле Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Франциядан байланышкан кишилер менин Кыргызстаныма, кыргызстандыктарга, менин өзүмө колдоо көрсөткөн сөздөрүн жаза башташса болобу!

Кагылайындар, ар башка өлкөлөрдө байырлап жаткан ушунчалык көп кишилер биз жөнүндө ойлоп, биз үчүн кабатырланып жатышат. Алар бизге колдоо көрсөткөн сөздөрүн, жакшы көрүшөөрүн, кадырлашаарын жана биз үчүн сыймыктанышаарын билдирип жатышат. Ушунун өзү, чынында да, маанайды кайра көтөрүп, шыктандырып, түрткү берет экен, колубузду шалдайтып түшүрүп башыбызды салбырыңкы кылышыбызга эч мүмкүндүк бербейт экен...”

Айтмакчы, ушул сөздөрдү жазган Елена Воронина Үмүт ыңкылабы маалында бейбаштардын журналисттерге кол салуу учурларын да 10-октябрдагы “Фейсбуктагы” башка бир жарыясында ачык жана кескин түрдө айыптап чыкты.

“Журналисттерди, ММКны жактырбай коюуга мүмкүн, аларга ачууланууга жана итиркей келүүгө да мүмкүн, аларга ыраазы болуп, аларды кадырлап жана сөздөрүнө шилтеме кылууга да мүмкүн, баары жоктун бардыгына мүмкүн. Бирок кайдыгер калууга мүмкүн эмес, жана да аларга кол салып, чагым жасап, ишине тоскоол болуу ЖАРАБАЙТ. Журналистикасыз азыркы турмушубузду элестетүүгө эч мүмкүн эмес. ММК –– бул биздин көпчүлүгүбүздүн эле бир бөлүгү. Журналисттердын аркасында биз окуядан кабардар болуп келебиз. Бул кесип эң байыркы гана болуп чектебестен, өтө чоң коркунучтарга кириптер болуп жаткан кесиптердин бири экендигин да унутта калтырууга болбойт... Эгерде сенин өлкөң өтө татаал мезгилдердин бирин баштан кечирип жаткан болсо, анда ММКсыз бул баскычтан чыгып кетүүгө эч мүмкүн эмес. Келгиле, журналисттерибизди ар тараптуу колдоого алалык. Жок дегенде алардын ишмердигине тоскоол кылбай туралычы”, –– деп жазды Елена Воронина.

Анын бул постун жактырган пикирлер арбыгандан арбып жатат.

Спортчу айымдар Валентина Шевченко менен Айсулуу Тыныбекова.

Жалпы ынтымактын зарылдыгы

Албетте, кыргыз улутунун ар кыл катмарларындагы ар башка пикирлердей эле, өлкөбүздөгү чакан этностордун арасында деле реформаны, демократиялык өзгөрүүлөрдү жактаган же, тескерисинче, жемкорлорго ыйбаа кылган түркүн көз караштар камтылып келет.

Биздин оюбузча, телегейи тегиз коомду мындан ары чыңдай берүү үчүн Кыргызстандагы этностук азчылыктардын да коомдук турмушта жигердүү камтылышын камсыз кыла берүү керек.

Болочокто парламенттик шайлоодогу партиялык тизме тийешелүү талапкерлерге артыкчылык берүү аркылуу уюштурулганда деле, этностук азчылыктар менен аялдарга карата минималдык квота сакталышы үчүн кошумча укуктук механизмдерди ойлонуштуруу абзел.

Азыркы ички паспорт ролун аткарган ID’ге улутту, этностук текти ачык жазуу талабын кайра көтөрүп чыккандарга айтаарым: “мен баланча улуттанмын!” деп татуировка менен чекеге жазып алган учуруңуздарда да жалпы Кыргызстандын орток келечеги үчүн ар кандай этностордун өкүлү болгон бардык жарандарыбызды бирдей урматтоого милдеттүүсүздөр.

Чет өлкөлөрдө баары бир биздин паспортту алып жүрүүчүлөрдүн бардыгына этностук тегине карабастан “кыргыз” деп гана мамиле кылышат. Алардын арасынан континенттик же дүйнөлүк чемпион болуп калган мыкты спортчу жердештерибиз алтын медалдарын алаарда Кыргыз Республикасынын желегин гана көтөртүшөт.

Быйылкы жаз мезгилиндеги эле бир кабарды кайра эске сала кетейин:

Дагы караңыз Шевченко, Кененсаров, Назаренко, Ахметов: кыйын кырдаалда четте турбайлы

“Азия MIX” КВН командасы, UFC чемпиону Валентина Шевченко, “Город 312” тобунун ырчысы Светлана Назаренко жана Орусиядагы ЦСКА футбол клубунун оюнчусу Ильзат Ахметов [КОВИД илдетине каршы күрөшүү максатында Кыргызстанга] 1 млн. сомго медициналык каражаттарды жөнөтүшкөн”.

Ал эми тарыхчылар –– академик Василий Бартольд, Николай Аристов, Александр Берштам, Саул Абрамзон, Анварбек Хасанов, Валентина Горячева, түркологдор Вильгельм Радлофф (Василий Радлов), Сергей Малов, сөздүкчү Константин Юдахин, сүрөтчүлөр Василий Чуйков, Лидия Ильина, Теодор Герцен, музыка таануучулар Александр Затаевич, Виктор Виноградов (аны Коргоол акын “Бектур” дечү экен), кийин Германияга көчүп кеткен педагог Владимир Унгефухт, деги койчу, канчалаган теги кыргыз эмес айдыңдар маданиятыбыздын азыркы жогорку сереге чыгышы үчүн опол тоодой эмгек сиңиришкен эле жана азыркы муундагы акындар жана котормочулар Светлана Суслова, Вячеслав Шаповалов, тарыхчы Юлий Худяков, музыкант жана сыналгы продюсери Юрий Бобков, педагог Анэс Зарифьян ж.б. дал ушундай данакерлик эмгекти азыр да жүзөгө ашырып жатышат!..

Курама жыйып, журт кылуу”, –– б.а. унитардык демократиялык жумурияттагы түпкү улуттун башка этностук топтордун өкүлдөрү менен камыр-жумур жашап, өз мамлекетин биргелешип чыңдоосу, –– XXI кылымдын алгачкы чейрегиндеги көз караштан алганда, дүйнөдөгү бардык эле көп этностуу мамлекеттердин калктарынын тагдырынан айгинеленип жаткандай, -- пост-советтик эгемен Кыргызстандын элинин да тагдыр чечээр маанидеги милдети болуп саналат.

Ред.

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.