Рыскулбеков: Президентке элдин маанайын жеткиргенге аракет кылдык

Эркин Рыскулбеков. 21-июль, 2020-жыл.

21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус шартында иштеп жаткан ыктыярчылар тобу менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга журналисттер чакырылбагандыктан ага кимдер катышканы, кандай маселелер көтөрүлгөнү тууралуу суроолорубузду иш-чаранын катышуучусу, активист Эркин Рыскулбековго узаттык.

Рыскулбеков 12 ыктыярчы катышкан жолугушуу эки сааттан ашык убакытка созулганын, Жээнбеков ыктыярчылардын айрым суроолоруна жооп берсе, кээ бир суроолор жоопсуз калганын, бирок элдин маанайын жеткирүү үчүн бул жолугушуу пайдалуу болгонун белгиледи.

- Эч кандай цензура, сөз тандоо болгон жок. Бийликти мактаган, «өтө сонун иштерди жасап атасыңар, ыктыярчылар силерди колдоп беребиз» деген да, оппозицияны колдогон да сөздөр айтылган жок.

- Сизде канча суроо берүүгө мүмкүнчүлүк болду? Кандай суроолорду бердиңиз? Жооптору кандай болду?

- Мен беш суроо узата алдым. Айрым суроолорум жоопсуз калды. Биринчи суроом тыштан келген каражаттарга байланыштуу болду. Ошол акчанын толук отчетун, канча акча кайда сарпталып жатканын сурадым. «Политклиника» гезитинин иликтөөсү боюнча, тендерде 2 миң сомдук коргоочу каражаттар 6 миң сомдон, 1 миллион сомдук ИВЛ 2,5 миллион сомго алынганы белгилүү болду. «Ушундай аша чапкан учурлар болуп, каражат кайда сарпталып жатканын билбейбиз» дедим. Ал грант болобу, же насыя түрүндө берилдиби, мунун айырмасы жок, биздин балдар төлөй турган акча экенин айттым. «Бул акча кантип сарпталганын билүүгө укугубуз бар» дедим. Президент ушул боюнча толук маалымат күн алыс болсо да жарыяланып турат деп кепилдик берди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Иликтөө: Өкмөт медициналык каражатты кымбат сатып алган


Дагы бир суроом: Эмне себептен кышында жана жазында даярдык толук болгон эмес? Эмне үчүн өлүмдөрдүн саны мынчалык көп болду? Бул үчүн ким жооп берет? Айылдарда пневмониядан өлгөндөрдү да мурдагыдай эле сөөгүн жууп, алгоритм боюнча эрежелерди сактабай көмүп жатышат. Бул суроолорума президент жооп берген жок.

Үчүнчү суроом ыктыярчыларга байланыштуу болду. Ыктыярчылардын айрымдарын Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штабга мүчө кылууну сунуштадым. Бул сунуш карала турганы айтылды.

Мындан тышкары президентти «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга вето коюп, кол койбоого чакырдым. Президент «Мыйзам мага эми келди, аны менен таанышып жатам, буга байланыштуу жоопту жакын арада берем» деди.

Редакциядан: Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуш кылган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун парламент жарандык коомдун, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алган. Мыйзам 9-июлда президенттин кол коюусуна киргизилген.

Төртүнчүсү – кечээ кесиптешибиз Венера Сагындык кызы («Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси – ред.) «Фейсбуктагы» баракчама пикир жазды эле. Эженин өтүнүчү менен да айттым. «Коронавирустан жана пневмониядан кандай гана залкар инсандар өтүп кетти, Аза күтүү күнүн жарыялашыбыз керек» дедим. Президент бул сунушумду кабыл алып, «ооба, жакынкы күндөрү жарыялайбыз» деди.


- Жолугушуунун башка катышуучулары көтөргөн дагы кандай суроолорду өзгөчө белгилейт элеңиз?

- Урмат Насыркулов сырттан келип жаткан жардам, аларды бажыдан өткөрүүдөгү кыйынчылыктар жана анын салыгы боюнча айтып, жакшы сунуш берди. Бирок президент «муну дагы карашыбыз керек, себеби салык боюнча кандайдыр бир жеңилдетүү болсо, бул башка терс көрүнүштөргө жылчык болуп калат» деп айтты.

Бабур Төлбаев акча тартыш болуп турган кезде мамлекеттик аппараттын бюджетин кыскартууну сунуш кылды. Буга да «карап чыгабыз» деген жооп кайтарылды.

Дагы бир жакшы сунушту «Кызыл жарым ай» коому берди. Кыргызстандагы ыктыярчылардын ишин жөнгө сала турган мыйзам жок. Президент «ошондой мыйзамды иштеп чыгуу боюнча Ыктыярчылардын улуттук кеңешин түзөлү, силер ошого жардам бергиле» деди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ажалга арачы болгон ыктыярчылар


Мага жаккан талап да болду. Активисттердин, медициналык кызматкерлердин артынан сая түшүп, кечирим суратканды, стендапчыларды УКМКга чакыртканыңарды токтоткула деген талап коюлду.

Тынчтык Алтымышов «дарыгерлерге кошумча акча бербесеңер да, алар 14 күн обсервациядан чыгаар замат эле карточкасына акча которуп тургулачы» деген сунуш берди. Бул сунуш мага абдан жакты. Себеби дарыгерлер 14 күн иштеп, анан айдын аягына чейин акчасын күтүп отурушат.

Жолугушуу маалында тартылган сүрөт. 21-июль, 2020-жыл.


Мукар Чолпонбаевдин кызы Нуриля Чолпонбаева «атам жакында эле коронавирустан өтүп кетти. Суранам, элге жакын болгулачы» деп катуу эле айтты. Ушуну башкалар да айтышты. 12 ыктыярчы менен гана эмес, башкалар менен да онлайн жолугушуу өткөрүңүз деп сунуш кылдык.

Наталья Гребневанын сунушу өлүкканаларга байланыштуу болду. «Бишкектеги моргдор бир аз иштегени менен, элет жергесинде кайсы бир жерлерде маркумдун сөөгүн өлүкканадан алып чыгыш үчүн акча беришет» деди.

Наталья Гребнева зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндердин укугун коргоп жүргөн активист. Ал Сузакта болгон окуяны мисал келтирип, үй-бүлөлүк зомбулук темасын көтөрдү. Бирок буга байланыштуу жооп болгон жок.

Дагы караңыз Сузактагы окуя коомду козгоду

Аскат деген баланын сөздөрүн жазып алдым. «Бул кабинеттин сыртындагы элдин абалын бир гана сөз менен сүрөттөсө болот. Бул - шок. Сиздин аппаратыңыздын жумушуна элдин берген баасы -2» деп жакшы айтты.

- Ушундай сын сөздөргө президент кулак төшөгөндөй болдубу?

- Буга чейин президенттин сын сөздөргө карата реакциясын көрүп жүргөм. Бирок бул жолу «мен ушул сындардын баарын кабыл алам, бул менин мойнумдагы жоопкерчилик» деди.

- Кечээ жолугушуунун алдында социалдык тармактарда кызуу талкуу болуп, «жолугушууга баруунун зарылчылыгы жок» деген да пикирлер айтылды эле. Сиз жолугушуудан чыккандан кийин кандай пикирде калдыңыз? Барганыңыз туура болуптурбу же убакытты жөн эле короттуңарбы?

- «Сооронбай Шарипович, элдин тилин угуп, «барбагыла» десе болбой келдик. Эми бизди уят кылбай, сунуштардын жок дегенде айрымдарын аткарып койгула» деп тамаша-чын аралаш айттык.


Барганым туура болдубу, же жокпу – муну убакыт көрсөтөт. Бирок бул жолугушуу зарыл болчу. Себеби «бул менин президентим эмес, барбайм» деп көшөрүп туруп алганда, анда башка бирөө сөзсүз бармак. Ушул жолугушууга катышып, сунуштарымды жеткирип, айтып алуу – мен үчүн маанилүү эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​