Мындан сырткары бул долбоорго кирген мамлекеттердин чарба жүргүзүүчү тараптарынын ортосунда электр энергиясын соодалоого байланышкан укуктук документтер каралып, макулдашылды.
Төрт өлкөнүн аймагын аралап өткөн жогорку чыңалуудагы бул энергетикалык магистраль курулуп бүтсө, Кыргызстан менен Тажикстан электр энергиясын жайкысын Түштүк Азияга экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Макулдашуулардын маалы
Кыргызстан менен Тажикстандын электр энергиясын Ооганстанга жана Пакистанга алып өтүүнү караган CASA-1000 программасынын алкагында негизги макулдашууга жана сооданын шарттарын ичине камтыган кошумча укуктук документтерге кол коюлду.
Энергетика тармагындагы төрт өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты караган бул макулдашуу 24-апрелде Түркиянын Стамбул шаарында бекитилди.
Кыргызстандын Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Динара Молдокалиева сатыла турган электр энергиясынын баасы кийинки этапта аныктала турганын айтты:
- Ошондо жай мезгилинде бизде электр энергиясы жетиштүү учурда аны экспорттой алабыз. Экспорт адегенде Ооганстан менен Пакистанга болот. Келечекте линияны Индияга алып өтүү жагы каралып жатат. Азыркы учурда сатыла турган электр энергиясынын тарифи толук аныктала элек. Анын шарттары кийинки жолугушууларда талкууга алынып, кошумча макулдашуу менен бекитилет.
Өзүбүзгө жетпеген свет, башкаларга артабы?
Энергетика тармагындагы адис Бийназар Бердикеев бул макулдашуунун шарттары коомчулукка ачык жарыяланууга тийиш деп эсептейт. Ошол эле кезде Бердикеев Кыргызстан электр энергиясына болгон ички керектөөсүн камсыздай албаган шартта, аны экспорттоого эртелеп шашып жатканын сынга алды:
- "Алыбай алына жараша" иш кылышы керек деген бар эмеспи. Ички көйгөйлөрдү чечип, ГЭСтердин техникалык абалын жогорулатып, жаңы ГЭСтердин курулушун бүтүрүп, мына ушундай деңгээлге чыксак жакшы болот эле. Анан эми биздикилер сүйлөй беришет. Анан эми эл аралык деңгээлде электр энергиясын экспорттоо деген оор маселе да. Бул жерде милдеттенме алгандан кийин аны берүү үзгүлтүккө учурай турган болсо, анын жоопкерчилиги жана каржылык санкциялары болот.
CASA-1000 программасынын негизинде жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиясы курулуп, ал аркылуу Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык тутумун байланыштыруу маселеси чечилет. Кыргызстан - Тажикстан - Ооганстан жана Пакистан багытында узундугу миң чакырымдан ашуун электр энергиясын берүү линиясынын курулушун каржылоону Дүйнөлүк банк өзүнө алган. Долбоордун баасы 1 миллард 170 миллион АКШ долларын түзөт.
Экономист Жумакадыр Акенеев долбоордун келечеги тууралуу мындай дейт:
- Жаз-жай мезгилинде ал жактарда күн аябай ысык болот. Ошондуктан муздаткычтар жана желдеткичтер үчүн электр энергиясы аябай керек болот. Бул мезгилде бизде электр энергиясы ашыкча болот. Жазында биз сууну койо берүүгө милдеттемебиз бар. Ошондон чыккан электр энергиясын каякка сатарыбызды билбей келгенбиз да. ГЭСтерибиз бүтүп калса, бул биздин экспорттук потенциалыбызды жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.
Экспорттук баанын өзгөчөлүгү
Учурда CASA-1000 программасынын алкагында Кыргызстандан экспорттоло турган электр энергиясынын болжолдуу тарифи аныкталган. Ага ылайык чыгымдарды бөлүштүрүүнүн негизинде электр энергиясынын бир киловатт сааты Ооганстан үчүн 8,1 центти түзсө, Пакистан үчүн 9,4 центке барабар.
Эмгек сиңирген энергетик Бакирдин Сартказиевдин айтымында, мындай баа менен электр энергиясын экспортоо өзүн-өзү актабайт:
Ички көйгөйлөрдү чечип, ГЭСтердин техникалык абалын жогорулатып, жаңы ГЭСтердин курулушун бүтүрүп, мына ушундай деңгээлге чыксак жакшы болот эле.
- Экспорттук баа дагы төмөн болбош керек. Болбосо ал өзүн-өзү актабайт. Бирок эми азыр болжолдонуп жаткан экспорттоло турган электр энергиясынын баасы 8-9 центтен болот дегенди өзүн толук актайт деп айтыш кыйын. Менимче жетпей калат. Сатыла турган электр энергиясынын станциядан өндүрүлгөн баасы 6-7 цент болууга тийиш. Анан аны жеткирүүнүн транзиттик чыгымдары да бар. Бир киловатт электр энергиясын миң чакырымга жеткирүүгө жок эле дегенде 1 цент кетет. Ошонун бардыгын кошуп, эсептеп чыкканда ал баа жетпей калат.
Кыргызстан менен Тажикстан биригип CASA-1000 программасынын алкагында алгач Ооганстанга жана Пакистанга 700 MВт электр энергиясын экспорттойт. Болочокто бул программага Индия жана Түштүк Азиянын башка өлкөлөрү да кошулушу мүмкүн. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгү 1500 МВтка чейин жогорулашы мүмкүн. Макулдашуу боюнча долбоор 2017-жылы ишке берилет.