Парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын 11-январда чыгарган чечимин Жогорку Cот 21-январда мыйзамдуу деп таап, күчүндө калтырды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту ал чечимди бир апта мурун мыйзамсыз деп тапкан эле. Буга нааразы болгон БШК Жогорку сотко кайрылган болчу.
“Азаттык” радиосу Элмира Жумалиева менен телефон аркылуу байланышып, сот чечиминен кийинки ойлорун укту.
Жумалиева: Мен сот отурумуна аягында эле кирдим. Себеби адвокатым жыйынга кирбегиле деген болчу. Сот “мандатты тапшыруу боюнча жазылган арызга экспертиза жасаттыңар беле?” деп адвокаттарыбыздан сурап, ошону негиз кылды. Экспертиза жасатуу менен прокуратура алектенет экен. Ага убакыт талап кылынат. Жетишпей калышты. Бирок сот ушуну эле бетке кармап алгандай болду.
“Азаттык”: Демек, Жогорку соттун чечими да жең ичинен, тымызын сүйлөшүүлөрдүн негизинде чыкты деген ойду айткыңыз келип турабы?
Жумалиева: Албетте. Бул 100 пайыз мыйзам бузуу менен чыгарылган чечим болду. Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырыш керек болчу. Тилекке каршы, андай болбой калды.
“Азаттык”: Мындан аркы кадамдарыңыз кандай болот?
Жумалиева: Эми Конституциялык палатага кайрылам. Ошондой эле укук коргоо органдарына кайрылып, иш алып барам. Азыр текшерүү иштери жүрүп жатат. Бүтө элек болчу.
“Азаттык”: Мандаттан ажыратылган дагы бир коллегаңыз Чолпон Эсенаманованын пикири кандай болуп атат?
Жумалиева: Аны мен көргөн жокмун. Сотко да келген жок.
“Азаттык”: Мандат маселеси боюнча эксперттер менен байланышып жатсаңыз керек. Алардын ою кандай?
Жумалиева: Алар деле ушул сыяктуу ойлорду айтып атышат. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралган маселелерди уксаңар керек. БШКнын өкүлү бул иш мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып атат. Буга башка сөз айтуунун кажети да жок. Ошентсе да аягына чейин барабыз. Көрөлү, биздин Кыргызстанда мыйзамдар канчалык иштеп, акыйкатуулук орнотуу канчалык оор же жеңил...
Райондук сотто абийирдүү адистер бар экенин көрдүк. Жогорку сотту да көрдүк. Бирок алардын чечиминен кийин чындыкты табууга ишениш кыйын болуп калды.
“Азаттык”: Жогорку Кеңештеги башка депутаттар бул жаатта сиз менен байланышып, пикир алмаштыбы?
Жумалиева: Эки жумадан бери көрүп жатсаңар керек. Саясий оюн жүрдү. Бул маселе улам парламенттин күн тартибинен алынып турду. Эгер депутаттар вице-спикерди кысымга алышпаганда, 21-январда да каралбай калмак. Кандай чечилгенин көрүп атпайбызбы. Менимче, ар бир фракциянын өздөрүнүн кетире турган депутаттары бар.
“Азаттык”: Мандат чыры ырбап кеткенден кийин “Кыргызстан” фракциясынын лидери сизге вице-премьерликти сунуштаптыр деген сөздөр чыгып атат. Бул канчалык чын?
Жумалиева: Бул окуядан кийин фракциянын лидери Канатбек Исаевдин чыныгы жүзү элге билинди. Бул абдан жакшы болду. Мага вице-премьерликти сунуштаганы тууралуу интернетке сөздөр чыкты. Бирок мунун баары калп. Ал киши андай сунуш бере албайт. Мага эч нерсе айтпай туруп, “фракцияда жыйын болду” деген калп менен Борбордук шайлоо комиссиясына жең учунда арызды алып барып берген. Фракциянын чечими жок болчу. БШК болсо арыздын нускасы менен эле чечим чыгарганы да мыйзам бузуу болду. Коллегам Урмат Ишенбеков мага телефон чалып, жагдайды айтты. Анан мен жетип бардым. Бирок мени чымыр денелүү жигиттер БШК жыйынына киргизбей койгон. Алар Исаевдин адамдары болчу. БШК да эч кандай реакция кылбай койду. Эгер депутаттарга ушундай мамиле жасалып атса, карапайым калк тууралуу айтпай эле коёюн.
“Азаттык”: Андан кийин Канатбек Исаев менен жолукканга, сүйлөшкөнгө аракет кылып көрбөдүңүзбү?
Жумалиева: Ал киши менен жолугуша албай койдум. БШКнын имаратынын астында турат деп угуп, чуркап чыксам, кетип калды. Телефон чалсам, албады. SMS жаздым, бирок ага да жооп бербеди. Сүйлөшкөнгө ал кишинин бети чыдабай атат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.