Электрге баа: элет менен шаардын айырмасы

Жогорку Кеңеште электр энергиясынын тарифин кайра кароо маселеси көтөрүлдү.

Кыш бою эл арасында акылдуу эсептегичтерге нааразы болгондордун аягы суюлбай, өкмөт менен араздашканга чейин баргандар болду. Энергетикадагы реформалар эл күткөндөй натыйжа берип жатабы, коррупциялык схемалар жоюлдубу, акылдуу эсептегичтер алдаган жокпу, бишкектиктер үчүн электр энегияга болгон тарифтерди өзүнчө кылууга мүмкүнбү, дегеле тариф саясаты өзгөрөбү, энергетиканын келечеги кандай болот, ж.б.у.с. суроолорго бүгүнкү “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп издейбиз.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жана энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов катышты.

“Азаттык”: Тазабек мырза, сиз Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар үчүн электр энергияга, жылуулукка болгон тарифтерди беш сомго чейин көтөрүү жөнүндө маселе койдуңуз. Андай суроонун чыгышына эмне түрткү болду?

Адамдар эки башка шартта жашайт, бирок электрге бирдей тарифтеги акы төлөшөт, маселе ушунда.
Тазабек Икрамов

Тазабек Икрамов: Биз элге, шайлоочуларга барганда дайыма бул маселе боюнча нааразычылык жаралат. Мен Жогорку Кеңеште Бишкек шаарына тарифти көтөргүлө дегеним жок, карагыла деп демилге көтөрүп жатам. Кыргызстанда өндүрүлгөн энергиянын 80 пайызын гидроэлектростанциялар берсе, 20 пайызын Бишкек Жылуулук электр борбору берет экен. Энергохолдингдин жетекчилиги Кыргызстан боюнча чыккан электр энергиясынын чыгымын жалпы республикага бөлүп койдук деп жатат. Биз мындай кылган туура эмес деп жатабыз. Бул жерде маселени экиге бөлүү керек. Биринчиси - Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар, алардын үйлөрү жылытылат, ысык-муздак суусу ж.б. шарттары бар. Экинчиси - жер үйлөрдө, ошол эле Нарын, Алайда жашагандар, үйүн көмүр же электр энергиясы менен жылытат, ысык суусу жок. Адамдар эки башка шартта жашайт, бирок электрге бирдей тарифтеги акы төлөшөт, маселе ушунда.

Кумтөр кени 2 миңден 5 миң киловатт саатка чейин электр алат. Эгер эл үчүн күйсөк эмне үчүн чыгымды Кумтөргө отургузуп койгонго болбойт? Тескерисинче, аларга бир топ жеңилдиктерди берип койгон. Мисалы, айыл жеринде жашагандарга 700 киловаттан ашса, 2 сом 16 тыйындан төлөшөт. Төлөй албай калса айыппул кетет. Айына беш миң сом айлык алгандар аз, анча албагандары канча? Алар кантип төлөйт?

“Азаттык”: Жаныбек мырза, тариф саясатында чын эле адилетсиздик болуп жатабы? Бишкек шаары үчүн эки башка тариф кылуу канчалык реалдуу же мүмкүн?

Бизде үзгүлтүксүз электр энергиясы болсун десек, анда ага кеткен чыгымдын баарын төлөшүбүз керек. Тарифти төмөн кылабыз десек, жетпеген акчаны анда өкмөт төлөшү зарыл.
Жаныбек Оморов

Жаныбек Оморов: Негизинен тариф саясатын карап чыгуу деген туура сөз. Бирок көп сөз кылбай, туура түшүнө турган жагдайлар бар. Бизде үзгүлтүксүз электр энергиясы болсун десек, анда ага кеткен чыгымдын баарын төлөшүбүз керек. Тарифти төмөн кылабыз десек, жетпеген акчаны анда өкмөт төлөшү зарыл. Электр энергиянын чыгымы үч этап менен сарпталат: энергия ГЭСтерде өндүрүлөт, жогорку чыңалуудагы линияларга кеткен чыгым, бөлүштүрүп, сатууга кеткен чыгымдар. Ал тармактарда көптөгөн адамдар иштейт, аларга акы төлөө керек, башка чыгымдар толтура. Жабдуулар эскирет, аларга кеткен чыгымдар тарифте жок. Азыр ГЭСтер чоң ондоп-түзөтүүлөрдү талап кылууда.

“Азаттык”: Тазабек мырза, быйыл кышында нарындыктар, башка тоолуу аймактарда жашагандар электр энергиясына тарифти ылдыйлатуу, берилген жеңилдиктерди көбөйтүү талабы менен чыгышты эле... Чындап эле тариф саясатын кайра кароо керекпи?

Тазабек Икрамов: Сөзсүз кароо керек. Бардык эле аймактарда эл электр энергияга акысын төлөй албай кыйналып жатат. Эл менен жолугушууга барганда ушул маселе кабыргадан коюлууда. Кыргызстан электр энергиясын импорт кылып жаткандыктан 2 сом 16 тыйынга чыгат дешти эле. Азыр импорт жок, эмне үчүн баа ошол бойдон турат деген суроону беришүүдө.

“Азаттык”: Жаныбек мырза, энергетикадагы коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартуу максатында акылдуу эсептегичтер киргизилди эле, бирок кышында элде нааразылык көп болду, өкмөткө чейин маселе көтөрүлгөн, териштирүүлөр көп болду, ал жабдуулар чындап эле алдабай эсептеп чыгарына элде ишеним жаралдыбы, натыйжа болдубу?

Жаныбек Оморов: Акылдуу эсептегичтерди киргизүү демилгеси абдан туура болгон. Жөнөкөй эле нерсе, акылдуу эсептегичтер киргенден бери счетчиктерди бурмалоо токтоду, уурдабай калышты. Чоң-чоң мекемелер, ишканалардын көп иштери ачыкка чыкты. Чыныгы чыгымдар айтылууда. Энергетиктер мурда кандай болгон, азыр кандай болууда, ортодо айырма абдан эле чоң экендигин айтышууда. Аларга иштөө бир топ эле жеңил болуп калды. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Жанагы айтылып жаткан нааразычылык жаңы жыл алдында айрым энергетиктердин кийинки айлар үчүн бир аз кошуп жазып койгонунан болуп калды окшойт. Негизинен акылдуу эсептегичтер жакшы эле иш болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.