Аял президент коомду тазартабы?

15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкер болорун буга чейин ачыктаган 11 адамдын ичинде эки аял бар. Тизме дагы узарышы мүмкүн. Азыркы шартта шайлоочулар аялды мамлекеттин башына коюуга даярбы?

Талапкер болууну каалаган аял лидерлерди алдыда кандай тоскоолдуктар күтөт? Эмне үчүн коомдун бир бөлүгү мамлекетти аял башкарышын каалайт? Ушул жана башка суроолор “Арай көз чарай” берүүбүздө талкууланды.

Талкууга Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Надира Нарматова, президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип жаткан укук коргоочу Турсунбек Акун жана “Булан” изилдөө институтунун директору Чолпон Орозобекова катышты.

Надира Нарматова

Надира Нарматова: Кыргыздын уучу куру эмес. Аялдардан татыктуунун татыктуусу талапкердигин койсо – эл көрөгөч. Эл дагы мырзалардын бийлигинен тажап бүтүштү. Аялдын чыгааны чыкса эркектердин арасынан сууруп алганга бышып жетилип калдык.

Негизи коом бышып турат, бирок “токочтуу бала сүйгүнчүктүү” деп, убагы келгенде түшүнүп турса да кыйналып турган элибиз беш-он тыйынга алданып кетет.

Турсунбек Акун

Турсунбек Акун: Балким Надира айымдыкы туурадыр. Аял талапкер чыкса аны аялдар колдойт деп ойлойсуң да чынында. Бирок иш жүзүндө азыр аялдарды демократиялык жол менен шайлоого, добуш берүүгө коом быша албай турат. Менталитетибиз турат. Эркек ишенимдүү, ишти аягына чыгарат деген ишеним бар. Бул албетте, жаңылыштык, мен колдой албайм. Бирок коом баары бир даяр эмес. Аял киши талапкер болуп, өтүшү өтө кыйын. Ошол эле аялдар колдобойт.

Чолпон Орозобекова

Чолпон Орозобекова: Мен коом даяр эмес дегенге жарым-жартылай гана кошулам. Кыргыз эли Роза Исаковна Отунбаеваны шайлаганбыз. Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу, Надира айым айтып кеткендей, кыргыз коомчулугунда эркиндикке умтулуу күчтүү. Коомдук ишке аралашкан активдүү айымдарыбыз көп. Андыктан, кыргыз эли бышып келатат, даяр болуп калды деп айта алам. Кеп шайлоонун кандай жүрүп жаткандыгында. Добуштарды сатып алуу сыяктуулар аял талапкерлерге тоскоолдук кылат.

Бирок дүйнө жүзүндө, жада калса ошол Америкада дагы аял талапкерлерди жерүү бар экен. Менин Женевадагы кесиптештерим деле айтып атышат, мисалы, Хиллари Клинтонго аялдардын жок дегенде 10 пайызы каршы добуш берди деп. Демек жалпы тенденция бар.

Талкууну толугу менен аудиодон угуңуз:

<

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.