Мындай чечим партиянын Бишкекте өткөн конференциясында кабыл алынды. Партия шайлоодо жеңишке жетүү үчүн жер-жерлерде өкүлчүлүктөрдүн ишин күчөтүп, шайлоо системасына да өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрмөй болду.
Ал арада “Ак шумкардан” башка бир катар партиялар да шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү сунуштап келишет.
Программасы менен тааныштырып жаткан маалда Темир Сариев эл аралык саясаттан баштап, дүйнөдөгү коркунуч жана чакырыктарга туруштук берүүгө учур келгенин айтат. Өлкөнүн ЕАЭБге киргени тарыхый чечим болгонун белгилеп, Кыргызстан бул уюмдун мүмкүнчүлүгүн толук колдоно электигин айтты:
- Бизде өлкөнү өнүктүрүү программабыз бар. Негизги милдетибиз - экономикалык секирик жасап, жаңы өнөр жай ишканаларын ачабыз. Ошондой эле бийликтин жоопкерчилигин күчөтүп, мыйзамдуулукту сактоо жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган программаны сунуштайбыз.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Анткен менен саясатчылар президенттик шайлоо азыркы система менен өтсө, тараза ташы бийликке ооп кетээрин эскертишүүдө.
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев декабрдагы референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо бийлик өзү киргизген биометрикалык аппаратты “алдоонун" эбин таап алганын “Азаттыкка” айтты:
- Азыркы система менен таза шайлоо болбойт. Акыркы референдумда биометрика дегени менен адамдын манжа тагынан тышкары ал аппарат шайлоочуларды паспорт аркылуу дагы тааный баштады. Демек бирөөнүн паспорту аркылуу добуш берсе болот экен да. Бул чоң кемчиликти оңдошубуз керек. Болбосо бийлик шайлоочулардын паспортун чогултуп алып, өзү каалгандай добушту бурмалайт. Анын артында чоң чыр чыкпайт деп ким кепилдик бере алат?
Ал эми “Адилет” укук клиникасынын директору, юрист Чолпон Жакупова президенттик шайлоого кимиси ат салышпасын, бийлик өз “мураскеринен” башкасына жол бербейт деп божомолдойт.
- Бардыгы бир “кнопка” менен чечилип жатпайбы. Референдумда бийлик элдин пикирин уккан да, эске алган да жок. Өзү каалагандай Конституцияны жазып, шайлоону каалагандай өткөрүп алды. Эми деле ошондой болот. Бизде шайлоо эмес, дайындоо болуп жатпайбы. Андыктан кимди президент мураскер кылса, ошол жеңишке жетет.
Мураскерге жол бербөө аракети
Темир Сариев да “Ак шумкар” партиясынын конференциясында учурдагы шайлоо системасына өзүнчө токтолду. Ал азыркы мыйзамдар толуктоого муктаж экенин айтып, добуштарды саноочу борбордук серверге коомдук көзөмөл орнотуу, атүгүл шайлоо технологияларына көз карандысыз IT аудит жүргүзүү керектигин айтат.
"Ак шумкар" лидери бийлик “мураскер операциясын" жасабай турганына ишенерин айтып, мындай кадам нааразылыкты жаратарын эскертти.
- Биз 2010-жылы жана ага чейинки көп өзгөрүүлөрдүн башында чогуу баскан саясатчылар менен бирге турдук. Биз бирөө "мураскер" таштап кетсин деп чуркаган эмеспиз. Апрель окуясында шейит кеткен баатырлар да "мураскер" үчүн жанын берген эмес. Андыктан эл да, саясий күчтөр да ага жол бербейт.
Шайлоо системасын реформалоого келгенде бир катар партиялар да азыркы мыйзамдарды өзгөртүүнүн үстүнөн активдүү киришти. Бул маселе 3-февралда “Республика – Ата Журт” фракциясынын жыйынында талкууланып, Өмүрбек Бабанов башында турган депутаттар шайлоодо административдик ресурсту колдонууга каршы кылмыш жоопкерчилигин мыйзамдарга киргизүүнү сунуштап чыкты.
Фракция мындан сырткары шайлоочулардын тизмесинин тактыгы үчүн жоопкерчиликти арттырууну демилгелеп, БШК төрайымына бир айлык сыноо мөөнөтүн берген. Талдоочулар “Республика – Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого камдана баштаганын айтышууда.
Талапкерлерге оңой болбойт
Темир Сариев президенттик шайлоого бара турганын расмий билдирген биринчи саясатчы болгону менен, коомчулукта башкаларынын ысымдары айтыла калып жүрөт.
Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев парламенттеги Бакыт Төрөбаев жана Өмүрбек Бабановдун президент болууга мүмкүнчүлүгү көп экенин билдирген.
Мындан башка оппозициядагы саясатчылар Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров биригип, президенттик шайлоого бирөө чыгарын жарыялашкан.
Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмоновдун баамында, күздөгү президенттик шайлоого онго чукул талапкер чыгып, шайлоо курч мүнөздө өткөнү калды.
- Жеке божомолум боюнча шайлоо курч мүнөздө өтөт. Бул дагы жакшы, себеби курч таймашта татыктуусу суурулуп чыгат. Онго чукул адам президенттик жарышка чыгат. Бирок азыр бир катар талапкерлердин жүзү ачылып калды жана бардыгын мүмкүнчүлүгү бирдей эле. Ошондуктан шайлоочулар талапкердин адамдык сапатына да өзгөчө маани бериши керек деп ойлойм.
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев буга чейин КСДП партиясынан президенттикке талапкер чыга турганын белгилеген жагы да бар. Талдоочулар КСДПдан талапкерди тандоодо президенттин сөзү чечүүчү болоорун болжолдошууда.
Конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөт боюнча Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 2017-жылдын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтүшү керек. Эгерде бул план өзгөрбөсө, шайлоо 19-ноябрга туш келүүдө.
Шайлоонун мөөнөтү Жогорку Кеңеш тарабынан 4-5 айдын ичинде белгиленет. Болжол менен 19-июндан 19-июлга чейинки мезгил ичинде аныкталмакчы.
Баш мыйзамга ылайык, президент бир гана жолу алты жылдык мөөнөткө шайланат.