Прокуратура университеттеги аудиотасманы териштирет

Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиядагы студенттерди кайсы бир талапкерге добушун берүүгө үгүттөп жатканы жазылган деген аудиотасманы прокуратура териштирет.

Мындай чечимди 18-сентябрдагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын үгүт өнөктүгү учурундагы эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу кабыл алды.

"Юридикалык академиянын кураторлук жыйыны" деген аталыш менен интернетке тараган аудиотасмада мугалим деп айтылып жаткан аял студенттер менен шайлоо тууралуу сүйлөшүп, аларга кайсы талапкерге добуш берүү керектигин айтканы жазылган. Сөздүн жүрүшүндө мурдагы шайлоодо мугалимдер айткан партияга добуш бербеген төрт студент окуудан айдалганы жатканын эскертип, келечектеги укук таануучулардын укугу бузулуп жатканын айткан студенттин жыйындан чыгып кетишин талап кылган:

- Эже, эмнеге сиз айткан талапкерди шайлабагандар окуудан кетиши керек? Мына бул студенттер да башка бирөөнү шайласа, алар окуудан чыгарылабы?

- Да...

- Эмне үчүн? Силер юристтердин укугун тепселеп жатпайсыздарбы. Анда Юракадемиядан кандай юрист чыгат?

- Ошондуктан айтылып жатпайбы, эгер кимдир бирөө башка бирөөнү шайлай турган болсо анда башка шайлоо участогуна баргыла...

Эми ушул аудиодо болгон окуянын чын-төгүнүн прокуратура териштирет. Мындай чечимди 18-сентябрдагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын үгүт өнөктүгү учурундагы эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу кабыл алды.

Бул тууралуу БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова "Азаттык" үналгысына кабарлаган:

- Куратор аудиотасмадагы үн өзүнүкү экенин тастыктап, бирок антип сүйлөбөгөнүн айтты. Ал эми ректор аудиотасманы монтаж деп, аны текшертүү зарылдыгын белгиледи. Академияда ыплас иштер болуп жатса, ачык тартып чыгарышса болмок дейт. Кантип студенттер ачык тартып чыгара алат? Ошол себептүү БШКнын жумушчу тобу Башкы прокуратура аудиожазууну текшерип берүүсү керек деген чечим чыгарды.

Үн тасмада жыйындан чыгарылган студент Чолпон Жээнбекова бул аудионун жаздырылышына жана интернетке тарашына өзүнүн эч кандай тиешеси жок экенин айтып, бирок мындай сүйлөшүүгө күбө болгонун тастыктады. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын чакыруусу менен 18-сентябрдагы жыйынга катышып, буларды айткан:

- Ректорубуз, деканыбыз баш болуп мындай сөз болгонун жокко чыгарып жатышкан экен. Атүгүл тайпалаштарымды да мага каршы коюшуптур. Алар "Чолпонду биз эч качан сыртка чыгарган эмеспиз, ал өзү эле чыгып кеткен" деп жатышат. Жыйынга барсам баары эле калп айтышат. Мен болгонун болгондой эле айтып бердим. Алар өздөрүнчө талкуулап кала берген.

Чолпон Жээнбекова учурда окуу жайдын жетекчилиги менен азыркыдай келишпестик болуп жатса да башка окуу жайга которулбай турганын, өзү биринчи курстан баштап жалаң бешке окуп келерин, эми мындан ары да билим алуусун улантып, кызыл дипломду көксөп жатканын билдирди.

Жээнбекова мугалим айткан талапкерди эмес, мектепте окуп жаткан кезинен бери урматтап келген башка талапкерге добуш берүүнү өзүнүн жарандык позициясы деп эсептейт. Ал ушул тапта өзү колдогон саясатчынын партиясында жаштар канатынын мүчөсү.

Тасма: жаштар административдик кысымга каршы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаштар административдик кысымга каршы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.