Сапаров: Бийлик кеменгерликти көрсөтчү мезгил

Ош, 15-апрель, 2010-жыл

Жалалабаддык серепчи Жалил Сапаров "Азаттыкка" курган маегинде митинг, нааразылык акциялар өтүп жаткан чакта бийлик кеменгерликти көрсөтүш керек деп эсептейт.
- Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин тарапкерлеринин митинги бүгүн да уланары айтылып атат. Ошондой эле митингдерди дагы бир талапкер Адахан Мадумаровдун тарапкерлери өткөрөрүн билдиришкен. Мунун аягы кандай болот?

- Шайлоо өнөктүгү башталардан мурда эле талапкерлер жана бийлик өкүлдөрү шайлоодон кийинки кырдаалды көбүрөөк айта башташты. "Биз чыр-чатак чыгарбашыбыз керек, толеранттуу болушубуз керек" деген сөздөр айтылган. Чыр-чатак чыгарбаш үчүн, өз ара биримдик, ынтымак болуш үчүн таза оюн болуш керек эле.

Бирок биздин саясий элитанын ичинде чынчылдык, өз ара биримдикке умтулуу болбой келатат. Ошонун кесепетинен шайлоо жараянынан кийин өз ара жаатташып отуруп, бүгүнкү күндө түштүк аймагынын бир топ жерлеринде нааразылык акциялар өтүп атат. Бул адамдын санына байланыштуу эмес, маселе жарандардын кайсы бир нерсеге нааразы болуп аткандыгында.

Бул кырдаалды бардык аспектидеги оюнчулар пайдаланып кетиши мүмкүн. Анткени баягы эле экстремизм, терроризм, чек ара көйгөйлөрү бар. Жакында эле кой издеп барган бирөөнү өзбек чек арачылары атып салышты. Бул маселени эч ким деле чагылдырган жок. Саясатчылар деле көтөргөн жок. Шайлоо, бийлик, байлык талаш болгон жерде бардыгы ызы-чуу болуп сүйлөп атышат. Мына ушунун бардыгы жакшылыкка алып келбейт.

- Сиз өзүңүз Жалал-Абадда турасыз. Тургундардын көз карашы бирдей болбосо керек?

- Мисалы, түштүк электоратын үч топко бөлүп караса болот. Биринчиси, өтө активдүү топ. Алар кайсы бир саясий лидердин тарапкерлери, анын идеясын колдогондор, саясий мүдөөлөрүн бөлүшө тургандар.

Экинчиси, ортозаар активдүүлөр. Булар айрыкча апрель-июнь окуяларынын кийин бийликке такыр ишенбей, саясатчыларга ыклас койбой калгандар. Эгемендүүлүккө 20 жыл болду. Байкуш Кыргызстан элинин чекесине чыккан нерсе - саясий элитанын бийлик жана байлык мүдөөлөрү болуп атат.

Үчүнчү топ олку-солку болуп, "бул заман каякка барат экен" деп тургандар.

- Ушундай маселелер митинг менен эле чечилиш керекпи? Жигитчилик кылып, шайлоодо утулганын моюнга алып, жыйынтыкты тааныш керекпи?

- Утулган тарап Конституциялык укуктарын пайдаланып, нааразылык акциясы аркылуу өздөрүнүн мүдөөлөрүнө жетүүдөн башка жолу жок. Ал эми бийлик тарап өтө кеменгерликти көрсөтүш керек. Ушундай жагдайда өтө активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошол эле кезде медиатр институттары жакшы иштеш керек.

- Маегиңизге рахмат.