Таза шайлоо туруктуулуктун кепили

Архив

Президенттик шайлоодогу үгүт иштеринде мыйзамсыз аракеттер болуп жатканы көп айтылууда.

Административдик ресурстарды пайдалануу эмне үчүн азайган жок? Мечиттер талапкерлердин үгүт штабына айландыбы? Шайлоого кылмыш дүйнөсү аралашып жатабы? Сырткы факторлорду колдонуу талапкерге канчалык оң натыйжа берет? Үгүт иштерин канткенде мыйзамдуу жолго кое алабыз?

"Арай көз чарай" талкуусуна профессор, саясий талдоочу Алмаз Акматалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдыразаков жана мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев катышты.

“Азаттык”: Бакыт мырза, сиз ушул убактарда жер-жерлердеги шайлоо процессинин жүрүшү менен таанышып жаткан экенсиз. Үгүт иштеринде административдик ресурстарды колдонуу канчалык орун алган, болсо ал кандай формада болууда?

Бакыт Аманбаев: Мен Ош облусунун көп райондорунда болдум. Тилекке каршы, бул жолку шайлоодо административдик ресурстар мурдагы шайлоолорго салыштырганда эбегейсиз деңгээлде колдонулуп жатканы көрүнүп турат. Аны биз жолуккан адамдар дагы айтып жатышты.

Биринчиден, мамлекеттик бюджеттен айлык алган кызматкерлер губернатор, акимдерден баштап пол жуугуч, от жаккан кызматкерге чейин Сооронбай Жээнбековго добуш салууга мажбур болуп жатышканын айтып жатышты, айрымдарын кызматтан кетирип жатканын да айтышты. Маселен, мен кечээ Оштун Озгур айылында болдум, ал жерде он жылдан бери от жаккыч болуп иштеп жаткан адам Жээнбековго добуш салалбай турганын айтканда жумуштан бошотуп коюшканына даттанышты.

Экинчиден, бюджеттик мекемелерде иштегендерди №2 форма толтуртушуп жатканы да көп нерсеге күмөн жаратарын белгилешти. Президенттикке талапкердин бир тууган иниси райондун жетекчилеринин коштоосунда Кара-Кулжа районунун аймагын кыдырып, ачык эле үгүт иштерин жүргүзүп жатканын уктук.

“Азаттык”: Алмаз мырза, өкмөт башчынын орун басарларынын бири Баткендин активи менен жолугушууда “ичкен кудугуңарга түкүрбөгүлө, кайдан айлык алып жатканыңарды эстегиле” деп жатпайбы. Эмне үчүн булар мыйзам алдында жооп бербейт деген суроолор жаралууда?

Алмаз Акматалиев: Бул фактынын болгону өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Аны өкмөттүн шайлоону өткөрүү боюнча штабдын жетекчисинен алып койгону, ал үчүн сыйлыктай эле болуп калды. Анткени Зилалиев шайлоонун балакетинен, түйшүгүнөн кутулду. Эң негизгиси бийликте приципиалдуулук жок болуп жатат. Президент Алмазбек Атамбаев БШКнын төрайымын кабыл алып, катуу талаптарды койду.

Эгер мындай фактыларды болтурбай, абалды колго албаса кырдаал чырга айланып кетиши мүмкүн. Анткени бул шайлоо өзгөчө. Бул убакка чейинки шайлоолор азыркыдай чыныгы атаандаштыкта болгон эмес, качып кеткен президенттердин ордуна эле шайлоо болгон. Буга көп сөздүн деле кереги жок. Мыйзамда кашкайып так жазылып турат, ошону эле кынтыксыз аткарыш керек.

“Азаттык”: Бейшенбек мырза, административдик ресурс дегенде биз жалаң эле расмий бийлик тарабынан колдонулат деп түшүнөбүз. Мисалы, ири жеке менчик компаниянын жетекчиси кол алдындагыларды башка бир талапкерге добуш салууга үгүттөгөн учурлар болгонун айтып жатышат. Сиздин баамыңызда ушундай көрүнүштөр канчалык орун алган?

Бейшенбек Абдразаков: Ооба, башка жагдайларда деле административдик ресурстар колдонулуп жатат. Мен, мындан сырткары шайлоого таасир берүүчү мыйзамсыз жагдайларды атагым келип турат. Биринчиси - административдик ресурстар иштеп жатат. Экинчиси - добушту акчага сатып алуу күч алууда. Үчүнчүсү - “мен - президент, сен - премьер” деген саясий соодалашуу жүрүүдө. Төртүнчүсү - үгүт ишине молдолор, мечиттер аралашып кеткени, анан геосаясий максатта айрым чет өлкөлөрдүн кийлишип жатканы, анан республиканын ичинде кылмыш дүйнөсүнүн да аралашып жатканы шайлоону бузгандыкка жатат.

Ушундай мыйзам бузууларды мамлекеттик органдар көзөмөлгө алып, мыйзам бузууларга жол бербей турса гана бизде таза шайлоо болот, тынч бийлик алмашуу болот.

Соңку кыргыз тарыхындагы эки чоң окуяны башыбыздан өткөрдүк, дагы мурдагыдай мыйзамсыздыктарды кайталай беребизби? Бизди дүйнө карап турат. Эл да, бийлик да сабак алышы керек.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тарыхый шайлоонун алдында турабыз

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.