Кайра шайлоо убайымы башталды

БШК 20дай жергиликтүү кеңеште шайлоону кайра өткөрүү тууралуу президент Алмазбек Атамбаевге сунуш жөнөттү. Ал арада Жалал-Абад шаардык кеңеш бир топ ызы-чуудан улам өзүн өзү таратуу тууралуу чечим кабыл алды.

Кыргызстанда бир катар шаардык кеңештерде мэр, айыл өкмөт башчысын шайлоо ызы-чуу менен коштолду жана үчүнчү жолу шайлоо дайындалган учурлар да болду. Бул өз кезегинде БШКга дооматты күчөткөн эле.

Жалал-Абад шаардык кеңеш дагы кайра шайлоо өтчү төрт шаардын катарына кошулду. Азыркы кеңеш 30-мартта соңку сессияга чогулуп өзүн өзү таратуу чечимин кабыл алды. Социал-демократтар, "Кыргызстан" жана "Республика - Ата Журт" фракцияларынан түзүлгөн башкаруучу коалициянын жетекчиси, КСДП фракциясынын депутаты Сайдулла Чымбердиев тарап кетүүдөн башка жол болбогонун айтууда:

- Биз шаардык кеңештин төрагасын, мэрди шайлай алган жокпуз. Ушул эки маселе боюнча таркап кеттик. Бирок коалициялык көпчүлүк түзүлдү. Мен мындан төрт жыл мурун депутат болгом. Биз бюджетти эртерээк карап беришибиз керек эле. Бюджет ушул убакка чейин каралган жок. Тил табыша алган жокпуз. Сессияны "Ата Журт" менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы келет деп жети жолу жылдырдык. Биз абдан аракет кылдык. Тарап кетүүдөн башка жол калган жок. Эгер булар келсе төрага шайлап алалы деген ниет болду. Бирок убакыт өтүп жаткандыктан таркап кетүүнү чечтик.

Таласта төрага шайлоо создукту

Таласта төрага шайлоо создукту

Талас шаардык кеңешинин айрым депутаттары басым болуп жатканын айтып чыгышты.

БШК мунун алдында 20га жакын жергиликтүү кеңеште, тактап айтканда, Баткендеги Айдаркен, Кадамжай, Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр, Чүйгө караштуу Кара-Балта менен Кемин шаарларында жана 14 айылдык кеңеште кайра шайлоо өткөрүү тууралуу президент Алмазбек Атамбаевге сунуш жөнөттү.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов бул жергиликтүү кеңештер мэр, айыл өкмөт шайлай албагандыктан тараганын "Азаттыкка" бышыктады. Анын айтымында, аталган аймактарда шайлоо 28-майда өтчү жергиликтүү кеңештин шайлоосу менен чогуу өткөрүү каралып жатат:

- Булар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын негизинен эки себептен улам шайлай алышкан жок. Биринчиси - кворум болбой, шайлоого жетиштүү сандагы депутаттар сессияга катышпай койду. Экинчиден, ошол башчылыкка көрсөтүлгөн талапкерлер жетиштүү добуш ала алган жок. Биз президентке кайра шайлоону май айына белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу өтсө жакшы болот эле деп сунуш жөнөттүк. Президент карап көрүп, шайлоону ошол күнгө дайындашы мүмкүн.

Кыргызстандын бир катар аймактарында депутаттар атайлап толук чогулбай добуш берүү үзгултүккө учураган, үчүнчү жолу шайлоо дайындалган, шайланган айыл өкмөт башчылары бекибей турган учурлар болгон. Мындай жергиликтүү кеңештерден кайра шайлоо дайындоо тууралуу кайрылуу каттар келген. БШКнын айрым бир чечимдери өз мүчөлөрү жана коомчулук арасында нааразылык да жараткан.

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралдиев жергиликтүү кеңештердеги айыл өкмөт башчы жана мэр шайлоонун ызы-чуу менен коштолгонун негизинен бийликтеги партиялардын кийлигишүүсү менен түшүндүрүп жатат:

- Байкашымча айрым бийликчил жана бийликке ыктаган партиялар депутаттардын санын көбөйтөбүз деп административдик ресурсту колдонуп, же дагы башка жолдор менен бир топ кысым жасаган, шайлоочуларга залакасын тийгизген окшойт. Экинчиден, коалицияга кирген, көп добуш алган партиялар бийликти өзүбүз алабыз, шаардын мэрин өзүбүздөн коебуз дегенде талаш, чыр чыгып, алардын талапкерлери көпчүлүктүн колдоосун албай калды окшойт. Ошондуктан депутаттар айрым учурда атайлап сессияга келбей, кээде мыйзам бузууга да барышты.

Шаарларда кайсы партияга добуш беришти?

Шаарларда кайсы партияга добуш беришти?

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 22 шаарда болду. Ага жалпысынан 35 саясий партия катышты.

Мурунку депутат Курманбек Дыйканбаев болсо айрым жергиликтүү кеңештерде соңку талаштуу жагдай боюнча ошол аймактагы депутаттарды күнөөлөдү. Анын пикиринде, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жоопкерчилигин күчөткөн кошумча мыйзамдык жана укуктук жол-жобо керек:

- Мисалы, айылдык кеңештин ыйгарым укугу Жогорку Кеңештин депутатыныкынан кем деле эмес. Алар деле Жогорку Кеңештин депутаттарындай мамлекеттик органдарга бул же тигил маселе боюнча суроо-талап жөнөтө алат, жообун сурай алат. Себеби булар деле конституциялык орган. Булардын ыйгарым укугу Баш мыйзамда жазылган. Айлык албаганы эле болбосо, буларга чоң укук берилген. Ошол эле учурда жоопкерчилиги да чоң. Тилекке каршы жергиликтүү кеңештердин депутаттары ошол жоопкерчиликти сезбей жатышат. Айрымдарынын билими аз. Ошондуктан элге да сапаттуу кызмат кылбай жатышат.

Жергиликтүү кеңештерге кезектеги шайлоо 28-майга белгиленген. Анда мөөнөтү аяктап жаткан 18 айылдык жана эки шаардык кеңеш шайланмакчы. Президент эгер кайра шайлоо өткөрүү боюнча БШКнын сунушун колдосо, анда дагы 20дай жергиликтүү кеңеш кошулмакчы.

Соңку шайлоо былтыр декабрда болгон жана анда 390го жакын айылдык, 21 шаардык кеңеш шайланган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.