Динди бетке кармаган “Улуу Кыргызстан”

"Улуу Кыргызстан" партиясынын баннери

“Азаттык” шайлоого катышып жаткан партиялар жана алардын программалары менен тааныштырууну улантат. Бул ирет “Улуу Кыргызстан” партиясы тууралуу сөз болот.

“Улуу Кыргызстан” өзүн мекенчил партия деп таанытып жүрөт. Башкы максаты “өлкө келечегине кайдыгер эмес жарандардын башын кошуу менен Улуу кыргыз мамлекетин кайта түптөө” деп белгиленген.

Партиянын программасы беш кадамдан турат. Биринчиси - люстрация мыйзамы аркылуу бийликти тазалоо. Экинчиси - мыйзам алдында баары бирдей деген ураан менен тартипти бекемдөө болуп саналат. Үчүнчү кадам "кирешеге жараша чыгаша" деп жазылган. Анда мамлекет тапканынан да короткону көп болгондуктан чыгымдарды аткаминерлердин санын азайтуу менен чечүүнү сунуштаган.

Төртүнчүсү - элге насыя берүү, түйшүгүн жеңилдетүү деп көрсөтүлгөн. Ал эми акыркы кадам айыл чарбасын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагын оңдоо, энергетика маселелерин чечүү менен экономиканы көтөрүү деп аталат.

“Улуу Кыргызстан” партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына 155 адамдан турган тизме тапшырган. Дээрлик бардык талапкерлердин аты-жөнү коомчулуктун калың катмарына тааныш эмес. Арасында жергиликтүү кеңештин депутаттары бар жана спорт чеберлигине талапкерлер, спорт чеберлери арбын. Партиянын лидерлери талапкерлердин дээрлик басымдуу бөлүгү дин жолунда жүрөрүн ачык жарыялап келишет жана кудайды көп оозанышат. Мындан улам “Улуу Кыргызстанды” исламчыл күчтөр каржылашы мүмкүн деген күдүк ой жаралган.

Максат Касенов. Сүрөт Касеновдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды

Бул партиянын артында президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жансакчысы, уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү, оор кылмыштар боюнча айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган, бирок бир эмес, эки жолу абактан бошоп чыккан Эркин Мамбеталиев турушу мүмкүн деген да сөз тараган.

Партия лидеринин орун басары Максат Касенов алардын артында, көмүскөдө башка адамдар, башка күч турат деген божомолду жокко чыгарып жатат. Ал “Улуу Кыргызстан” партиясы үгүт өнөктүгүнө эң аз каражат сарптаган партиялардын катарына кирерин белгиледи:

- Акчабыз көп болуп, башка жактан каржылансак, анда биздин үгүт өнөктүгүбүздү көбүрөөк жерден көрөт элеңер. Каржы булагыбыздын аздыгына байланыштуу бизде тигил жак, бул жакка чыгып, көрнөк-жарнактарыбызды илгенге мүмкүнчүлүгүбүз азыраак болуп жатат. Тыштан бирөө да каржылабайт. Өзүбүздү өзүбүз каржылап келебиз. Арабызда мурда, же азыр бийликте отуруп акча топтоп алып, ошону коротуп аткан саясатчылар да жок. Фондго беш миллион сом төккөнбүз. Андан башка дагы беш миллион сом короттук.

Мурунку муфтий Чубак ажы Жалиловдун аталган партияны ачык колдоп, жан тарткан жайы бар: ​

- Бул партиянын катарында аты булганбаган, дээрлик баары намаз окуган, өзүмдүн шакирттеримден турган партия деп айтсам туура болот.

Буга чейин айрым талдоочулар Кыргызстанда быйылкы парламенттик шайлоодо ислам фактору колдонуларын айтып келишкен. Кыргызстанда динге негизделген саясий партия түзүүгө мыйзам жол бербейт. Ошол эле кезде президент баш болгон мамлекеттик жетекчилер, аттуу-баштуу саясатчылар динге көз карашы түз экенин, жума же айт намаздарга барышарын жашырышпайт.

Эксперт Назира Курбанованын баамында, шайлоодо саясатчылар упай топтоп, добуш алуу үчүн диний ураандарга ыкташы ыктымал:

- Мусулман шайлоочуларды өзүнө тартыш үчүн алар өздөрүн ушундай позицияда көрсөтүп жатышат. Элдин 80 пайыздан ашыгы ислам дининде болгондон кийин, андан сырткары ушундай диний аалымдар колдой турганын билдирип жаткан болсо, анда мындай нерселер добуш берүүчүлөргө тез жетет жана колдоо болушу мүмкүн. Анткени шайлоого катышып жаткан 14 партиянын ичинен суурулуп чыгуу кыйын да. Анткени күчтүү партиялар көп. Ал эми булар болсо ушундай ыкманы тандашкан окшойт.

“Улуу Кыргызстан” партиясы 2012-жылы түзүлгөн. Аны “Кыргызстан жаштарынын ынтымак кеңеши” коомдук бирикмесин түптөгөндөр уюштурган. Аталган уюм кен иштетүүгө каршы, чек ара көйгөйлөрү жана башка социалдык маселелер боюнча нааразылык акцияларды өткөрүү менен аты чыгып жүргөн.

Касеновдун "Азаттыкка" курган маеги

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Касенов: Биздин акчабыз жок