Ураан менен утууга болобу?

Президент болгусу келген жыйырма талапкер жыйырма программа жана ураан менен чыкты. Алардын өзгөчөлүктөрү барбы?
Өткөн жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык, Кыргызстанда аткаруу бийлигинин ыйгарым-укуктары өкмөт жана президентке бөлүштүрүлгөн. Финансы-экономикалык блок толугу менен өкмөттүн колунда. Андан сырткары коомдук тартип, кылмыштуулукка каршы күрөш, региондор менен иштешүү да өкмөттө.


Ураандар таймашы
Ураандардын таасири болот. Бирок өтө жогорку деңгээлде болбойт. Себеби бизде шайлоодо жакын калганда туугандары, башка жакындары менен кеңешип туруп добуш берет...
Санжар Тажыматов



Алты жылга шайлана турган президенттин ыйгарым-укуктары бир топ азайган менен, анын колунда да таасирлүү мамлекеттик органдар, министрликтер бар. Маселен, мамлекет башчысы Улуттук коопсуздук кызматын, Башкы прокуратураны, Эсеп палатасын көзөмөлдөйт. Андан сырткары сот системасы жана башка маанилүү органдарга таасир эте алат. Айрым учурларда өкмөттү түзүүдө да президенттин ролу маанилүү.

Мына ушул орунга бүгүнкү күнгө карай 20 талапкер ат салышууда. Алардын ар бири өзүнүн урааны жана программасы менен чыгууда.
Маселен, башкы талапкерлердин бири катары саналып келаткан Алмазбек Атамбаев “Кыргызстан биримдикте” деген ураан менен чыкты. Ал эми Марат Султанов 100 пункттан турган программасын жарыялаган. Анын негизги урааны “Гүлдөгөн жана туруктуу Кыргызстан” деп аталат.

“Ата-Журт” партиясынын талапкери Камчыбек Ташиев “Жаш кадрлар өзгөрүүнү алып келет” деп үндөсө, Адахан Мадумаров “Ишенгин, өзгөртөбүз!” “Мыйзамдуулукту камсыздайбыз!” деген ураандар менен чыгууда. Талапкер Акылбек Жапаров “Биримдик бар жерде жеңиш болот” деген ураан көтөрүп, “Мобил” аттуу финансы-экономикалык прогррамманы сунуштаган. “Ар намыстын” атынан чыгып жаткан Анарбек Калматов партиянын атына басым жасаганы байкалып турат. Оппозициялык талапкер Кубатбек Байболов”Бириксек жеңебиз” деген ураанды көтөргөн. Генерал Өмүрбек Суваналиев мыйзамдуулук, тартип жана интернационализмге басым жасоодо.


Ураан-чакырыктардын таасири канчалык?


Талапкерлер көтөрүп чыккан ураандар жана программалар шайлоочуларга күчтүү таасир этерине күмөн санагандар арбын. Кыргызстанда программа жана ураандарга эмес, лидерге, анын регионалдык өзгөчөлүктөрүнө карап добуш берерин талдоочулар белгилеп келатышат. Албетте, теледебаттар, үгүт өнөктүгү да өзүнүн ролун ойнобой койбойт.
Ураан жана саясий рекламалардын ролу чоң. Бул керектүү нерсе. Алардын ролу бар. Бирок биздин Кыргызстанда жаңы нерсе болуп келатат...
Марат Казакпаев


Саясат таануучу Санжар Тажыматов ураандар, теледебаттардын ролу чечүүчү мүнөзгө ээ эмес дейт:

- Ураандардын таасири болот. Бирок өтө жогорку деңгээлде болбойт. Себеби бизде шайлоодо жакын калганда туугандары, башка жакындары менен кеңешип туруп добуш берет. Ага чейинки нерселерди шоу катары гана көрүп коюушу мүмкүн шайлоочулар.

Жарандык активист Качкын Булатов жеке анын ишеними кетип бүткөнүн билдирет:

- Ишенесиңерби, мен кандай гана ураан чакырбасын бирөөнө да ишенгим келбейт. Такыр ишенгим келбейт. Анткени булардын баарын тааныймын. Булар эч качан аткарбай турган кишилер.

Саясат таануучу Марат Казакпаев ураандар ролу Кыргызстанда келерки шайлоолорго карай өсөөрүн белгилейт:

-Ураан жана саясий рекламалардын ролу чоң. Бул керектүү нерсе. Алардын ролу бар. Бирок биздин Кыргызстанда жаңы нерсе болуп келатат. Менин оюмча, келерки шайлоодо ушул механизм аябай чоң роль ойнойт.

Албетте, телекөрсөтүү жана радио, көрнөк-жарнактар, гезит, интернет аркылуу чыгып жаткан ураан талапкердин деминен, акчасынан, таассирдүүлүгүнөн кабар берип турат.

Мына ушул ураандар таймашында талапкердин катышып туруусу өтө маанилүү ролду ойнойт. Анткени анын тарапкери ураандарды көрүп, угуп, биздин талапкер да бар деген оюн бекемдеп турат.